ОШ ОБЛУСУНУН МЫКТЫ МУГАЛИМИ АНЫКТАЛДЫ

  • 17.06.2020
  • 0

Ош облусунда «Жылдын мыкты мугалими – 2020» сынагы кырдаалга байланыштуу убактылуу жобонун негизинде  аралыктан өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош билим берүү институтунан билдиришти.

ОШ ОБЛУСУНУН МЫКТЫ МУГАЛИМИ АНЫКТАЛДЫ

Уюштуруучулардын айтымында, сынактын  негизги максаты жалпы билим берүүчү мекемелерде эмгектенген таланттуу, чыгармачыл педагогдорду табуу менен  кесиптик аброюн көтөрүү, педагогикалык профессионалдык кызматташтыктын баарлашуу чөйрөсүн кеңейтүү, облустун алдыңкы мугалимдеринин педагогикалык тажрыйбаларын жайылтуу жана маалымат булактарын түзүү болуп саналат.

Сынак үч баскычтан туруп, эксперттик кеңеш  тарабынан катышуучулардын ишинин системалуулугу жана анын сабак өтүү усулдары, жаш муундарга билим тарбия берүүдөгү жетишкендиктери каралды.

ОШ ОБЛУСУНУН МЫКТЫ МУГАЛИМИ АНЫКТАЛДЫ

Жыйынтыгында, баш байгеге  Кара-Суу районундагы Кызыл-Сарай орто мектебинин математика мугалими Нурила Абдиева ээ болду.

I байгелүү орунга бирдей упайга ээ болгон Алай районундагы М.Ташиев атындагы орто мектебинин тарых мугалими Карыева Феруза жана Ноокат районундагы  “Кеңеш” орто мектебинин башталгыч класс мугалими Нуркыз Айтмамат кызы, II  орунга Өзгөн районундагы М.Ботобеков атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими Токтайым Арапбаева, III орунга Чоң-Алай районундагы Алайчы уулу Саит атындагы орто мектебинин информатика мугалими Сүйдүмкан Эгембердиева ээ болду.  Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи жакынкы аралыкта уюштурат.

ОШ ОБЛУСУНУН МЫКТЫ МУГАЛИМИ АНЫКТАЛДЫ ОШ ОБЛУСУНУН МЫКТЫ МУГАЛИМИ АНЫКТАЛДЫ ОШ ОБЛУСУНУН МЫКТЫ МУГАЛИМИ АНЫКТАЛДЫ ОШ ОБЛУСУНУН МЫКТЫ МУГАЛИМИ АНЫКТАЛДЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер