ОШ ОБЛУСУНДАГЫ МУГАЛИМДЕРДИН АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ ОНЛАЙН РЕЖИМИНДЕ УЮШТУРУЛДУ

  • 27.08.2020
  • 0

Ош облусундагы билим берүү кызматкерлеринин Август кеңешмеси StreamYard платформасы аркылуу уюштурулуп, жалпы интернет колдонуучуларга ютуб-каналынан түз көрсөтүлүп турду. Бул маалыматты Ош билим берүү институтунун кызматкери Тынчтык Досмуратов билдирди.

ОШ ОБЛУСУНДАГЫ МУГАЛИМДЕРДИН АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ ОНЛАЙН РЕЖИМИНДЕ УЮШТУРУЛДУ

«Санариптик билим берүү – өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы баскычы» аттуу кеңешменин башында Ош билим берүү институтунун директору Гульмира Турдубаева 2019-2020-окуу жылында жүргүзүлгөн иштери боюнча отчёту жана жаңы 2020-2021-окуу жылына карата окуучуларга билим берүүнүн сапатын, натыйжалуулугун жогорулатууда педагогикалык кызматкерлердин милдеттери жөнүндө баяндама жасады.

— Кеңешменин жүрүшүндө билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова, Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Примберди Дыйканов, Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш Асанбаев жана Алай районундагы Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин директору Зина Абдыкадырова жарыш сөзгө чыгып, өз ойлору менен бөлүшүштү.

Кеңешменин соңунда Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, губернатор Байыш Юсупов жана Илим, билим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош облустук комитетинин төрагасы Сабыр Тойгонбаев мугалимдерди жаңы окуу жылы менен куттуктап, сыйлыктарын жарыялашты, — дейт Т.Досмуратов.

Онлайн режиминде уюштурулган бул иш-чаранын жыйынтыгында жаңы окуу жылынын милдеттери тааныштырылып, Август кеңешмесинин резолюциясы кабыл алынды.

Аталган кеңешмени кайталап көрүүчүлөр үчүн шилтеме: https://youtu.be/zrl_T67dlgQ

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер