ОШ БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУНДА ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
- 26.01.2023
- 0
Ош билим берүү институтунун кезектеги кеңешмеси КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн К. Абдылдаевдин катышуусунда өттү.
Кеңешмеде жыл жыйынтыгы боюнча аткарылган иштер жөнүндө маалыматтар айтылып, ошондой эле 2023-жылга карата аткарыла турган иш-аракеттердин планы тааныштырылды.
Кеңешменин жүрүшүндө катышуучулар тарабынан суроолор, сын-пикирлер айтылып, аткарылган иштердин сапаты жана алдыдагы аткарылуучу жумуштар талкууланып, тиешелүү токтомдор кабыл алынды.
Г.А., «КБ»
Бөлүшүү
Комментарийлер