ОРТО ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫНЫН НЕГИЗИНДЕ «АЛТЫН ТАМГА» ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ МАМЛЕКЕТТИК АТТЕСТАЦИЯСЫН СТАНДАРТТАШТЫРЫЛГАН БЛАНКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨ ТҮРҮНДӨ ӨТКӨРҮҮ ЖӨНҮНДӨ

  • 24.05.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин

 ОРТО ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫНЫН НЕГИЗИНДЕ «АЛТЫН ТАМГА» ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ МАМЛЕКЕТТИК АТТЕСТАЦИЯСЫН СТАНДАРТТАШТЫРЫЛГАН БЛАНКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨ ТҮРҮНДӨ ӨТКӨРҮҮ ЖӨНҮНДӨ

 БУЙРУК

 2022-жылдын 16-майы, №908/1

Жалпы билим берүү уюмдарынын 11-классынын бүтүрүүчүлөрү артыкчылык аттестатына ээ болуу үчүн билим берүүнүн орто жалпы билим берүү программалары боюнча «Алтын тамга» Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын стандартташтырылган бланкалык тестирлөө түрүндө өткөрүү максатында буйрук кылам:

  1. Жалпы билим берүү программалары боюнча «Алтын тамга» Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын стандартташтырылган бланкалык тестирлөө түрүндө 2022-жылдын 31-майында төмөнкү 4 предмет боюнча:

— математика (алгебра жана анализдин башталышы);

— Кыргызстандын тарыхы;

— химия;

— эне-тили жана адабияты (кыргыз, орус, өзбек тилдери жана адабияттары) сабактары боюнча өткөрүлсүн.

  1. Орто жалпы билим берүү программалары боюнча “Алтын тамга” Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны стандартташтырылган бланкалык тестирлөө түрүндө өткөрүү жөнүндө Жобо, тестирлөө өткөрүүнүн чыгымдарынын сметасы, техникалык тапшырма, республикалык усулдук комиссиянын курамы, талапкерлердин тизмесин түзүү боюнча өтүнмөнүн формасы 1, 2, 3, 4, 5-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
  2. Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын, райондук /шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, менчик түрүндөгү жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери:

— ХI класстын бүтүрүүчүлөрүнүн Артыкчылык аттестатына талапкерлердин тизмесин 2022-жылдын 18-майынан кечиктирбей e-mail: [email protected] электрондук дарегине жөнөтүшсүн;

— «Алтын тамга» тестирлөө үчүн билим берүү уюмдары 50дөн 70ке чейинки окуучуларды камтый турган жайларды жана ар бир талапкерге жеке орундарды даярдашсын;

— жалпы билим берүү уюмдарында «Алтын тамга» стандартташтырылган бланкалык тестин өткөрүү процедуралары жана мөөнөттөрү жөнүндө талапкерлерге жана алардын ата-энелерине (же аларды алмаштыруучу жактарга) өз убагында маалыматтарды жеткиришсин;

— талапкерлердин өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугуна шарт түзүүнү (талапкерлерди тест өтүүчү жайга чейин жана кайра жеткирүү боюнча жооптуу адамдын жеке жоопкерчилигин жогорулатуу, медициналык кызматкерлердин жана коопсуздук кызматынын күзөттөрүн күчөтүү, тест өтүүчү жайлардын өрткө каршы коопсуздук жана санитардык-гигиеналык шарттарды талапка ылайык түзүү) камсыз кылсын;

  1. Сметада каралган каражатты Бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгы (Р.Букаров) бөлүп берсин.
  2. Мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура бөлүмү (Б.Кадыркулов) конкурс өткөрүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзсүн.
  3. Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмү (Б.Мураталиева) сметага ылайык тиешелүү каражатты төлөп берсин.
  4. Аталган буйрук «Кут Билим» гезитине (К.Чекиров) жарыялансын.
  5. Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы (С.Умралиева) «Алтын тамга» стандартташтырылган бланкалык тестирлөөнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча жоопкерчилик жүктөлсүн.
  6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин орун басары Н.Джусупбековага жүктөлсүн.

Министр  А.Бейшеналиев

Жобо_КЫРГЫЗЧА

Бөлүшүү

Комментарийлер