“ОРТО МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН ИНФОРМАТИКА ПРЕДМЕТИ БОЮНЧА САНАРИПТИК КӨНДҮМДӨРДҮ БААЛОО СИСТЕМАСЫН ИШТЕП ЧЫГУУ” ДОЛБООРУ

  • 05.12.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын мектептеринде информатика предметин өнүктүрүү жана жайылтуу, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин иштеп жаткан системасына талдоо жүргүзүү максатында 2021-жылдын 25-мартынан баштап «Кыргыз Республикасынын орто мектептеринин окуучулары үчүн информатика предмети боюнча санариптик көндүмдөрдү баалоо системасын иштеп чыгуу долбоору» өз ишин баштаган. Долбоор Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору тарабынан ишке ашырылууда.

“ОРТО МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН ИНФОРМАТИКА ПРЕДМЕТИ БОЮНЧА САНАРИПТИК КӨНДҮМДӨРДҮ БААЛОО СИСТЕМАСЫН ИШТЕП ЧЫГУУ” ДОЛБООРУ

Информатика предмети боюнча санариптик көндүмдөрдү баалоо – окуучулардын билимин өркүндөтүү үчүн мугалимдерди стандарттарга ылайыкташтырылган куралдар менен камсыз кылат. Бул инструмент мыкты билим алууга умтулган, натыйжалуу чечим кабыл алууну өздөштүргөн, жыйынтыгында билимин андан ары жогорулатууга жана карьера курууга умтулган мыкты даярдыктагы окуучулардын көбөйүшүнө шарт түзөт.

Бул максатта информатика боюнча баалоо – катуу мазмун стандарттарын камсыз кылат; өркүндөтүлгөн технологиялары бар тапшырмалардын түрлөрүн камтыган компьютердик суммативдик баалоо. Мындай баалоо окуучулар үчүн стандарттарда бекитилген информатиканын мазмуну жана практикасы боюнча өз билимдерин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Баалоонун максаты – окуучулардын санариптик көндүмдөрүнүн деңгээлин баалоо жана долбоордун иш-аракеттеринин аркасында информатика боюнча конкреттүү компоненттердин деңгээлин аныктоо. Баалоонун жыйынтыгы менен улуттук деңгээлдеги деталдуу маалыматтар берилет.

Бөлүшүү

Комментарийлер