ОРОК МЕКТЕБИНИН ДИРЕКТОРУ КЫЗМАТТАН КЕТТИ

  • 12.03.2023
  • 0

Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн комиссиясынын териштирүүсүнө макул эмес ата-энелер кайрадан билим берүү жана илим министри К.Иманалиевге келип, мектеп администрациясын толугу менен алмаштыруу талабын коюшту. 

ОРОК МЕКТЕБИНИН ДИРЕКТОРУ КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Ата-энелердин арызы боюнча билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова башында турган комиссиялык топ иштин чоо-жайы менен таанышуу үчүн аталган орто мектепке барышты. Териштирүү иштеринин натыйжасында комиссия тарабынан окуучулардын ден соолугуна зыян келтирүүчү жагдайдын алдын албаганы, билим берүү мекемесинин санитардык абалына көңүл бурбаганы жана финансылык мыйзам бузууларга жол бергени үчүн Орок орто мектебинин директору Рахат Дүйшеналиеваны ээлеген кызматынан четтетүү жана Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Сатарбаевага окуяны көзөмөлгө албаганы үчүн дисциплинардык чара көрүү сунушу берилген.

Жыйынтыгында райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Сатарбаеванын буйругунун негизинде мектеп директору ээлеген кызматынан өз каалоосу менен жумуштан кетти.

Блогер У.Карыбек уулуна берген интервьюсунда Т.Сатарбаева мектеп жетекчилигинен кеткени менен Рахат Дүйшеналиева катардагы мугалим болуп ушул эле мектепте иштей берээрин билдирди.

Окурмандардын эсине сала кетсек, ага чейин райондук билим берүү бөлүмүнүн териштирүү иштеринин натыйжасында комиссия тарабынан милдетин туура аткарбагандыгы жана финансылык мыйзам бузууларга жол бергени үчүн Орок орто мектебинин директору Рахат Дүйшеналиевага сөгүш гана берилген болчу.

Г.А., «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер