ООР ТУРМУШТУК КЫРДААЛГА КАБЫЛГАН ӨСПҮРҮМДӨР ИШКЕРЛИККЕ КЫЗЫКДАР

  • 27.08.2020
  • 0

24-25 — августта борборубуздагы №98 кесиптик-техникалык лицейде турмуш шартына байланыштуу иштеп акча табууга аргасыз болгон балдарга  ишкерлик сырларын үйрөткөн кызыктуу тренинг болуп өттү.

ООР ТУРМУШТУК КЫРДААЛГА КАБЫЛГАН ӨСПҮРҮМДӨР ИШКЕРЛИККЕ КЫЗЫКДАР

Оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга багыт берген бул пайдалуу тренинг Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин «Балдар эмгегине жол жок!» долбоорунун алкагында уюштурулду.

— Бизде ар кандай турмуштук кырдаалдан улам күндүзү иштеп, кечкисин кечки мектептен билим алган улан-кыздар бар. Жашырганда эмне, алардын көпчүлүгү оор жумуштарда иштешет. Биздин долбоор  ар кандай оор жумуштарда иштеген  өспүрүмдөрдүн кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүп, ишкерликке кызыктыруу аркылуу алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү көздөйт, — дейт долбоордун жетекчиси, «Социалдык педагогдор союзу» коомдук бирикмесинин төрайымы Токтобүбү Ашымбаева.

ООР ТУРМУШТУК КЫРДААЛГА КАБЫЛГАН ӨСПҮРҮМДӨР ИШКЕРЛИККЕ КЫЗЫКДАР

Өткөн жылы октябрь айында старт алган бул долбоор жакын арада өз ишин жыйынтыктап жатат. Бирок бир жыл аралыгында бир топ иштер аткарылганын айта кетели.  Долбоор адистери балдардын үй шарты менен таанышкан соң, ата-энелерге эки ирет, кечки мектеп мугалимдерине бир жолу тренинг өтүшкөнүн, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен да бир катар сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн айтышат.

— Максаттуу топтун катышуучуларын аныктоо иштерине Аламүдүн районунун акиминин орун басары А.Д.Кулубаев, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Г.А.Кыштообаева, Ленин айыл округунун башчысы К. Бекова активдүү катышты. Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттиги менен да долбоорду ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюлду, — дейт Токтобүбү Абазовна.

ООР ТУРМУШТУК КЫРДААЛГА КАБЫЛГАН ӨСПҮРҮМДӨР ИШКЕРЛИККЕ КЫЗЫКДАР

Меморандумга ылайык долбоордун алкагындагы окуу иши борборубуздагы №98 кесиптик-техникалык лицейде жүргүзүлө баштайт.

— Окуу иштери чач тарачтар жана кол телефон оңдоочу усталар топторунда февраль айында башталды. Апрелде карантинден улам аралыктан окууга өттүк. Июлдун аягынан тартып окуу иши социалдык обочолонуу эрежелерин сактоо менен офлайн режиминде жүрүүдө. Буйруса, 28-августта чач тарачтар, 10-сентябрдан кийин телефон оңдоочулар  сынак тапшырып, сертификатка ээ болушат, — дейт долбоор адиси Замира Жапарова.

ООР ТУРМУШТУК КЫРДААЛГА КАБЫЛГАН ӨСПҮРҮМДӨР ИШКЕРЛИККЕ КЫЗЫКДАР

Долбоор алкагында билим алып жатышкан балдардын кесипти үйрөнүү далалаты күчтүү экени көрүнүп турат.

— Февраль айынан тартып окутуп жатам.  Мен берген билимди балдар менен кыздар зор кызыгуу менен кабыл алганы мени өзгөчө таасирлентти.  Ошон үчүнбү, айтор, билгенимди алардан аяган жокмун. Ырас карантин учурунда бир аз кыйынчылыктар болду. Кээ биринин телефону жакшы иштебей, айрымдарында бирдик салганга тыйыны жок болуп жатты. Бирок ушуга карабай дистанттык билим токтогон жок, — дейт №98 кесиптик-техникалык лицейдин өндүрүштүк окутуу мастери жана «Сулуулук индустриясы» предметинин окутуучусу Бейшенова Бермет.

Тренингдин жүрүшүндө биз бүгүнкү окуу ишин алып барган тренер Чинара Ашимованы кепке тарттык.

— Кечээ балдар ишкерликти жүргүзүүдө патент менен иштөө ыңгайлуу экенин, ишкер кандай сапаттарга ээ болушу керектигин, маркетинг-план кантип түзүлөрүн, ишкер үчүн бренд жана репутация маанилүү болорун түшүнүштү. Бүгүн болсо үч топко бөлүнүп иштедик. Биринчи топтогулар окуу жайдын жанына спорттук стилди жактырган жаштар үчүн чачтарач ачуу туура экенин айтышса, экинчи топтогулар шаардын уктоочу райондорунда визажист студиясы өтө популярдуу деп табышты. Үчүнчү топ 13-23 жаштагылар үчүн бир күндүк Кегети, Ала-Арча, Теплоключи турун, ал эми жыл мезгилдерине карата Сары-Челек, Суусамыр, Ысык-Көл жайкы, Каркыра, Кашка-Суу, Оруу-Сай кышкы турун сунушташты, — дейт Чинара Ашимова.

ООР ТУРМУШТУК КЫРДААЛГА КАБЫЛГАН ӨСПҮРҮМДӨР ИШКЕРЛИККЕ КЫЗЫКДАР

Тренинг соңунда мен айрым өспүрүмдөр менен пикир алышууга үлгүрдүм. Тренингдин катышуучусу Абдикадирова Айдана 16 жашта. Ал Бишкектин чеке-белиндеги Ак-Жар жаңы конушунан болот. Долбоор тууралуу маалыматты курбусунан укканын айтат.

ООР ТУРМУШТУК КЫРДААЛГА КАБЫЛГАН ӨСПҮРҮМДӨР ИШКЕРЛИККЕ КЫЗЫКДАР

— Мен жаштайымдан чач кыркуучу  болууну жактырчумун. Оюмду үйдөгүлөр колдоду. Бул жердеги окуу бизге өтө кызыктуу болду. Окуп да, иштеп да жаттык.  Сулуулук салонун ачып, ишкерлик менен алектенем деген тилегим бар, — дейт Айдана.

ООР ТУРМУШТУК КЫРДААЛГА КАБЫЛГАН ӨСПҮРҮМДӨР ИШКЕРЛИККЕ КЫЗЫКДАР

Келечекте Германияда билим  алгысы келген Умеров Адиль немец тилинде шар сүйлөйт. Ал англис тилин да курстардан окуп-үйрөнгүсү келгенин айтат.
— Тилдер менен катар телефон оңдогонго кызыкчумун. Долбоор тууралуу укканда дароо мында келдим. Азыр телефонду ачып, оңдоого муктаж жерин аныктаганды, туташтырганды үйрөнүп калдым, — дейт Адиль.

ООР ТУРМУШТУК КЫРДААЛГА КАБЫЛГАН ӨСПҮРҮМДӨР ИШКЕРЛИККЕ КЫЗЫКДАР

Баса долбоордун алкагында Адиль билим алган чач тарачтар тобуна жана телефон оңдоочу усталардын ар бирине керектүү аспаптар сатылып берилген.
Бул аспаптар жаштардын колун узартып, эл керегине жарасам деген тилектерин сөзсүз ишке ашырат деген ойдомун.
А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер