АТ-БАШЫ ДА ОНЛАЙН ОКУТУУДА

  • 18.01.2023
  • 0

Ат-Башы районунда аба ырайынын сууктаганына байланыштуу мектептер жана бала бакчалар 17-январдан 28-январга чейин жапырт  убактылуу онлайн окутууга өттү.

АТ-БАШЫ ДА ОНЛАЙН ОКУТУУДА

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Солтобаев Орозмамбеттин айтуусунда, азыркы мезгилде аба ырайы кескин суук болуп, -39°С дан -45 °С чейин төмөндөп, алыс жакта (сарайларда, тоолордо, айылдарда) жашаган окуучулардын суукта мектепке келип кетүүсү кыйынчылык жаратууда.

  • Мугалимдер онлайн сабакты мектептерде класс кабинеттеринде, окуу жүгүртмөлөрүнүн негизинде өтүүдө. Мугалимдерге класстык кабинеттери жылууландырылып, керектүү шарттар түзүлүп берилди. Онлайн окутуу — окуучулар үчүн көнүмүш адатка айлангандай эч кыйынчылык жараткан жок. Окуучулар берилген үй тапшырмаларды так жана өз убагында аткарууда. Баары активдүү катышууда, — деди райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

АТ-БАШЫ ДА ОНЛАЙН ОКУТУУДА

Азыркы мезгилде Ат-Башы районунда 12046 окуучу жана 1974 бөбөк тарбияланат. Райондо жалпы 21 мектеп, 22 бала бакча жана бир балдар билим берүү борбору бар.

Ат-Башы району Кыргызстандын эң алыскы жана эң суук райондорунун бири, Орто Азиянын «суук уюлу» болуп эсептелинет. Кышкысын орточо температурасы   -18… -29°С жетет. Кышында Ат-Башынын эли дээрлик алты ай от жагып чыгышат.

Нурсейит Медетбек, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер