«ОНЛАЙН МЕКТЕП» ПЛАТФОРМАСЫ КАРАНТИНДЕ ШАМ ЧЫРАК БОЛДУ

  • 12.05.2022
  • 0

2020-жылы COVID-19дун күч алышынан өлкө карантинге жабылып, Билим берүү министрлиги чукул чара көрүү менен билим берүү системасын онлайн окутууга өткөрдү. Буга чейин анчейин тааныш болбогон «Онлайн билим берүү», «аралыктан окутуу», «вебинар», «видеопрезентация», «мультисабак», «видеоконференция», «ZOOM» ж.б. cөздөр коомчулукта кеңири кулачын жайды. Ошол учурда Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов «Онлайн мектеп» платформасын негиздөөчүлөрдүн бири катары карантин учурунда «Онлайн мектеп» платформасын иштеп чыгуу менен мугалимдерге алгачкы «ОНЛАЙН ОКУТУУ» деген түшүнүктү берди.

2020-жылы 24-мартта алгачкы «Онлай сабак өтүүнүн методикалары» деген тема бир эле учурда фейсбукта жана ютубда көрсөтүлдү. Дүйшөн Шаматовдун айтымында, бул эфир бүткөндөн кийин сакталып калган эфирди көргөндөрдүн саны 37 миң болгон.

"ОНЛАЙН МЕКТЕП" ПЛАТФОРМАСЫ КАРАНТИНДЕ ШАМ ЧЫРАК БОЛДУ

“Бара-бара бул көрсөткүч 40 миңден ашты. Биздин баштаган ишибиз мугалимдер үчүн абдан чоң жаңылык болду. Биринчи эфирде «эч сарсанаа болбоңуздар, коркпоңуздар, аракет кылыңыздар, ката кетирсеңиздер да кайталап, аракет кыла бериңиздер» деп айткан сөзүбүз көптөгөн мугалимдерге дем бериптир. Эфир учурунда бир топ комментарийлер келди. Биринчи түз эфирге чыккандан кийин, коом биздин кийинки эфирди күтүп калды”, — дейт Дүйшөн Шаматов.

Дүйшөн агайдын айтымында, Онлайн мектептин максаты билим берүү тармагына салым кошуу болуп саналат. Онлайн эфирлердин темалары Тынчтыкбек
Жанадыл, Кеңеш Сайназаров, Асылбек Жооданбеков менен биргеликте түзүлдү. Алгачкы эфирге мектеп мугалимдери көбүрөөк катышса, кийинкисинде ЖОЖдордун окутуучулары катыша баштады.

“Мектеп мугалимдери аракетчил, чыгармачыл, жаратуучу келет экен. Алар бири-бири менен байланышып, видеосабактарды жасап, социалдык тармактарга жүктөп, алгылыктуу иштерди аткарып жатты. Алардын аракеттери, изденүүсү, жаратмандыгы чындыгында бизди кубандырды. Санариптештирүүгө качан өтөбүз деп жүргөндө пандемияга байланыштуу капысынан өткөнүбүз мугалимдердин маалыматтык сабаттуулугун арттырды. Жаш мугалимдер гана эмес, тажрыйбалуу мугалимдер да санарип ыкмаларын колдонууга аракет кылып жатышты. Жаш мугалимдер улуу муундагы мугалимдерге жардам берип, билбегенин үйрөтүп, тыгыз кызматташып иштегендиктери бизди кубантты, — дейт Д.Шаматов.

Казыбек Асылбеков,
Нарын районундагы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин мүдүрү, «Онлайн мектеп» платформасынын алыскы аймактагы колдонуучуларынын бири:

– Пандемиянын күтүүсүз башталышы билим берүү системасында онлайн окутууда тез чечим чыгарууга түрткү берди. Биздин мектеп республикадагы инновациялык 30 мектептин катарында иш алып барып жаткандыктан, бул багытка жаңыдан кадам таштаган болчубуз. Бирок реалдуу онлайн окутуу башталганда көп көйгөйлөр жарала тургандыгын билдик. Кырдаалга жараша пландарды иштеп чыгып, окуучуларга онлайн билим берүү менен катар, Нарын районунун башка мектептерине дагы тажрыйба бөлүшүүнү туура деп таптык. Алыскы аймактарда интернет жок болгон учурлар болду. Биздин айылдан 20 км алыстыкта Кара-Үңкүр кыштагында 10дой түтүн эл жашайт. Алардын көбү ДЭУнун кызматкерлери. Кыштакта интернет эмес свет жок. Мүмкүнчүлүгү барлары балдарын туугандарына жиберип, калганы айылга келип мугалимдерден тапшырмаларды жазуу жүзүндө алып кетип жатышты.

"ОНЛАЙН МЕКТЕП" ПЛАТФОРМАСЫ КАРАНТИНДЕ ШАМ ЧЫРАК БОЛДУ

Пандемия билим сапатынын төмөндөшүнө алып келгени менен, бир катар жаңы көндүмдөрдү калыптандыруу үчүн өбөлгө болду. Дүйнө жүзүндө онлайн окутууга арналган бир топ платформалар сунушталды. Бирок ага карабастан, «Онлайн мектеп» платформасынын өзгөчөлүгү кыргыз педагогикасына ыңгайлаштырылган, пайдаланууга жеңил жана оңой болду.

Райха Абдуллаева,
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин кандидаты, билим берүү боюнча эксперт:

– Онлайн окутуу тууралуу биринчи укканда бардыгыбызда кабатырлануу болду. Офлайн өтүп көнүп калгандыктан, онлайн сабак өтүүдөн корктук. Онлайн окутуу жөнүндө ойлонуп, изденип жаткан учурубузда «Онлайн мектеп» платформасы тууралуу социалдык тармактар аркылуу билип калдык. Платформанын негиздөөчүлөрүнүн бири Казакстанда Назарбаев университетинде иштеп жаткан мекендешибиз, профессор Дүйшөн Шаматов экен. Бир топ жылдан бери коңшу өлкөдө эмгектенип келсе да, билген тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экендиги, өлкөбүз үчүн агартуучулардын бири катарында салым кошуп жаткандыгын биз кубануу менен кабыл алдык.

Даярдаган Гулира Мансапова

 

Бөлүшүү

Комментарийлер