ОНЛАЙН ОКУУДАГЫ АКАДЕМИЯЛЫК ЧЫНЧЫЛДЫК

  • 27.08.2020
  • 0

ОНЛАЙН ОКУУДАГЫ АКАДЕМИЯЛЫК ЧЫНЧЫЛДЫК

Академиялык чынчылдык түшүнүгү 5 баалуулукка негизделген: ак ниеттүүлүк, ишенимдүүлүк, адилеттүүлүк, сый-урмат жана жоопкерчилик. Тилекке каршы, академиялык чынчылдыктын бузулушу студенттердин билим алуусуна, чыгармачыл изденүүсүнө, өсүп-өнүгүү маданиятынын калыптанышына, ошондой эле окуу жайдагы жалпы билим берүү чөйрөсүнүн абалына терс таасирин тийгизет.

Академиялык чынчылдыкты бузуунун түрлөрү: плагиат, алдамчылык, фалсификация (жасалмалоо), өз тапшырмасы башка бирөөгө аткартуу же бирөөнүн ордуна тапшырма аткаруу ж.б.у.с.

Ар бир окуу жай өзүнүн академиялык чынчылдык эрежелерин жана стандарттарын бекитип, студенттердин жана окутуучулардын өз ишинде моралдык жана этикалык ченемдерди кынтыксыз сакташына жардам берет. Академиялык чынчылдык саясатын бузуунун алдын алуучу ченемдик документтер бар, мисалы, Студенттердин жүрүм-турум кодекси. Аларда академиялык чынчылдык эрежелери бузулса, кандай чаралар колдонулары белгиленет. Албетте, андай учурларда студенттердин укуктары жана академиялык эркиндиктин принциптери (мисалы, купуялык маселеси) эске алынат.

Студенттер дилгирлик менен жигердүү окуусу шарт. Алар өздөрүнүн чыгармачылык иши менен сыймыктанып, академиялык чынчылдык эрежелерин так сактоого тийиш. Бул эрежелерди сактоо менен, студенттер өздөрүнүн өнүгүүсүнун пайдубалын куруп, кесипкөй катары кадыр-барк күтүп, келечектеги өнөктөштөр жана жумуш берүүчүлөргө жакшы таанылат.

Азыркы аралыктан же онлайн окууда академиялык чынчылдыкка шек келтирилген жагдайлар болсо, эмне кылуу керек? Академиялык чынчылдык принциптерин кантип сактай алабыз? Окутуучулар жана студенттер эмне кылуусу керек?

 

Мугалимдер:

Студенттерди университеттин академиялык чынчылдык принциптерин жөнгө салуучу ченемдик документтер менен тааныштыруу («Студенттердин жүрүм-турум эрежелери»);

Силлабуста академиялык чынчылдык эрежелери бузулганда кандай чаралар колдонуларын белгилөө;

билим алууда академиялык чынчылдыктын мааниси жана зарылдыгы жөнүндө студенттер менен талкуулоо;

аткарган тапшырмалары кандайча бааланарын түшүнүшү үчүн баалоо критерийлерин иштеп чыгып, студенттерге таанышыруу;

Ар кандай баалоо усулдарын (жазуу, бет ачар, тайпада долбоор менен иштөө), колдонуу жана синхрондук онлайн шартында да тапшырма берүү;

Студенттер менен тапшырма боюнча үзгүлтүксүз байланыш түзүп туруу;

Интернеттен же башка булактардан даяр жоопторду көчүрүп албашы үчүн татаал жана жекелештирилген тапшырмаларды иштеп чыгуу;

Студенттердин ой жүгүртүүсун жана пикир айтуу көндүмдөрүн өстүрүүчү тапшырмаларды иштеп чыгуу;

Ар кандай булактарда даяр жооптору бар тапшырма бербегенди адат кылуу.

 

Дүйшөн Шаматов, Казакстандын Назарбаев университетинин профессору.

Иллюстрация булагы: https://www.google.com/search?q=%D0%B0%D0%BA%D0%B0%D0%B4%D0%B5%D0%BC%D0%B8%D1%87%D0%B5%D1%81%D0%BA%D0%B0%D1%8F+%D1%87%D0%B5%D1%81%D1%82%D0%BD%D0%BE%D1%81%D1%82%D1%8C+%D0%BE%D1%81%D0%BD%D0%BE%D0%B2%D0%B0%D0%BD%D0%B0+%D0%BD%D0%B0+%D0%BF%D1%8F%D1%82%D0%B8&sxsrf=ALeKk02uliyL8z5mbrugol4L_9cfB4ijZw:1598515638819&source=lnms&tbm=isch&sa=X&ved=2ahUKEwi4gsfm9rrrAhVHAxAIHfkoDMAQ_AUoAXoECAsQAw&biw=1366&bih=608#imgrc=WOjErmaBgDx7-M

 

Студенттер:

университеттин академиялык чынчылдык принциптерин жөнгө салуучу ченемдик документтер менен таанышуу («Студенттердин жүрүм-турум эрежелери»);

окутуучу даярдаган силлабустагы академиялык чынчылдык эрежелери жана алар бузулганда колдонулуучу чаралар менен жакшылап таанышуу;

аткарылган тапшырмалар кандайча бааланарын түшүнүү үчүн баалоо критерийлери менен таанышуу;

окутуучу менен тапшырма боюнча үзгүлтүксүз байланышта болуу;

түшүнүксүз жагдай жаралса, дароо окутуучу менен байланышып, кеп-кеӊеш суроо;

жазуу тапшырмасын мезгил-мезгили менен окутуучуларга көрсөтүп, талкуулап туруу.

Бөлүшүү

Комментарийлер