ОНЛАЙН ОКУТУУНУН МААНИСИ ЖАНА ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

  • 05.06.2020
  • 0

Учурдагы коомдук, экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөр, ошону менен катар COVID-2019 пандемиясы билим берүү системасына, анын ичинде жогорку окуу жайларындагы талаптарды,  окутуунун инновациялык технологияларынын маанисин кескин өзгөртүү менен бирге педагогикалык жамаатты замандын жаңы чакырыктарына шайкеш жана чечкиндүү болушуна үндөп,  баарыбыздын көз-караштарыбызга өзгөрүү алып келди.

ОНЛАЙН ОКУТУУНУН МААНИСИ ЖАНА ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Студенттерди аралыктан окутууда окутуучулар заманбап жаңы программаларды өздөштүрүүдөн сырткары студенттер менен биргеликте таанып-билүү активдүүлүгүн арттыруу, чыгармачыл жөндөмдүүлүктөрүн ар тараптан өстүрүү,  образдарга карата жеке көз-караштарын калыптандырууга жетишүүлөрү зарыл. Дүйнө жүзүндө түзүлгөн жагдайга байланыштуу окутуунун салттуу ыкмасынан четтеп, аралыктан заманбап технологияларды – AVN, ZOOM, BigBlueButton, WhatsApp  программаларды байма-бай кыска мөөнөттүн ичинде практикалык жактан өздөштүрүп, реалдуу ишке ашыра алдык.

Атап айтсак, кыргыз тили жана адабияты кафедрасы 2019-2020-окуу жылын жыйынтыктоодо   окутуу процессиндеги өзгөрүүлөргө  тез жана мазмундуу ыңгайлашуу шарттарына толук жооп бере алышты. Кыргыз тили жана адабияты практикалык сабактарын өтүүдө кафедранын ар бир окутуучусу тарабынан окутуунун инновациялык ыкмаларын колдонушу – достук, эркиндик, биримдүүлүк аспектилери, анын ичинен, студенттердин билим алуу процессиндеги жигердүүлүгүн калыптандыра алышты. Аталган кафедранын башчысы, ф.и.к., доц. М.Карыбекованын жетекчилиги астында «Келгиле, бирге окуйлу» лозунгу  менен заманыбыздын залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Тоолор кулаганда» чыгармасын онлайн режимде, эстафетаны өткөрүп берүү ыкмасы менен видеосабак өткөрүлдү. Ал эми кафедранын улук окутуучулары — З.Борсунбаева жана К.Жолдошбаева студенттер менен иштиктүү пикирлешүү, күтүлбөгөн жагдайларда суроолорго маданияттуу, сыпаа жооп берүү көнүгүүлөрү аткарылып, студенттер жеке көз-карашты билдирүү ишмердүүлүктөрүн биргелешкен  онлайн сабакта чагылдыра алышты. Бирдиктүү ишмердүүлүк – жемиштүү  жана кызыктуу болоруна ынанышты. Улук окутуучулар  А.Бариева  жана Н.Молдалиева студенттери менен видео-презентациялар менен сабактын мазмунун ачып, комплекстүү түрдө студенттер тарабынан иш кагаздарын мамлекеттик тилде өздөштүрүшүнө шарт түзүп бере алышты. Студент жана окутуучу ортосунда өз ара аракеттенүү ZOOM аркылуу  ар бир студентке жигердүү өзү жазган иш кагаздарын талапка ылайык түзүлгөндүгүн тастыктап берүүгө шарт түзүлдү.

Учурдун талабына ылайык билим берүү системасы окутуучунун кесипкөйлүгүн жана чеберчилигин талап кылат. Сабакта поэзия темасын өтүүдө жөн гана «жатка айтуу»  стереотибинен алыстап, студенттин эстетикалык табитин ачып, руханий жактан жан дүйнөсүнүн байышына, ааламга жана жаратылышка болгон мамилесин калыптандырып, жамааттык пикир, жамааттык чечим жана көз-караш менен жеке инсандык сапатты жана жоопкерчиликти биринчи орунга коюу керектигин баса көрсөтүү эсептелинет.  Окуу жылынын жыйынтыгын студенттердин 1,2-модулдук текшерүү иштерин кабыл алуу менен гана чектелбестен, студенттердин өз алдынча иштерди чыграмачыл изденүү менен тапшырмаларды аткаруусу менен да жыйынтыкталды.  Кафедранын жамааты глобалдашуу доорунда адамдын коом алдындагы жеке атуулдук  жоопкерчилиги  менен катар компетенттүү кадрларды даярдоодо мамлекеттик тилди мыкты билген, адабий ченемге ылайык сүйлөгөн кесипкөйлөрдү даярдоону ишке ашырууну көздөйт.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер