ОНЛАЙН МАМЛЕКЕТТИК ЭКЗАМЕНДЕР АЧЫК-АЙКЫНДЫККА ЖОЛ АЧУУДА  

  • 18.06.2020
  • 0

Учурда республикадагы бардык жогорку окуу жайларда мамлекеттик экзамендер, квалификациялык иштерди коргоо онлайн жүргүзүлүүдө. Маданият, дене тарбия, искусство адистиктерин даярдаган окуу жайларда жана ИИМдин академиясында гана экзамендер салттуу түрдө өтүп жатат.

ОНЛАЙН МАМЛЕКЕТТИК ЭКЗАМЕНДЕР АЧЫК-АЙКЫНДЫККА ЖОЛ АЧУУДА  

Билим берүү жана илим министрлиги сунуш кылган нускамага ылайык, ар бир окуу жайда жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны өткөрүүнүн атайын тартиби иштелип чыккан. Экзамендер ошол бекитилген тартипке ылайык жүргүзүлүүдө. Талап боюнча окуу жайлардын ар бир факультети үчүн бүтүрүүчү студенттердин санына жараша интернетке туташтырылган кааналар даярдалып, видеоконференцияларды онлайн пландаштыруучу жана уюштуруучу атайын вебинардык каражаттар тандалып алынган. Мисалы, Ош мамлекеттик университети http://webinar.oshsu.kg порталы аркылуу BigBlueButton, ZOOM, ж.б. жардамында ишке ашырып жатса, И.Арабаев атындагы КМУ Jitsi Meet программасын тандап алган. Кыргыз мамлекеттик техникалык университети болсо ZOOM аркылуу экзамендерди алып жатат. Экзаменди оозеки түрүндө алуу же тесттирлөөдөн өткөрүү жагын тандап алуу окуу жайлардын өздөрүнө калтырылган.

Ош мамлекеттик университети оозеки түрүн тандап алган. Ал үчүн алгач МАКтын техкатчылары тарабынан IT адистин жардамы менен алдын-ала түзүлгөн жадыбалдын негизинде сынак тапшыруучу студенттер үчүн бир канча күн мурда WhatsAppтан группалар түзүлгөн. Экзамен учурунда студенттер ошол тизмедеги кезеги менен (оозеки сынакта 4-5 минут аралыгында) шилтеме боюнча видеоконференцияга кирип, идентификациялоо үчүн өздүгүн тастыктагандан соў билетти кокустан тандоо үчүн, кокустук сандарды генерациялоочу атайын программа (Random программасы) коюлган компьютерден билетти тандап алышууда. Техкатчы ал студентке тандаган билетти сүрөткө тартып WhatsAppтан жөнөтөт. Студент билетти алгандан кийин, видеоконференциядан чыкпай, камераны өчүрбөй, жүзүн камерадан бурбай туруп, суроолорго жоопторду жазып, дароо оозеки жооп берүүдө. Андан кийин суроонун жообун сүрөткө тартып, WhatsApp аркылуу техкатчыга жөнөтөт.

Талап боюнча МАКтын отурумунда форс-мажордук жагдайлардан улам студенттин байланышы үзгүлтүккө учураса, отурумдун төрагасы кайрадан видеоконференцияга студентти идентификациялоо менен кирүүгө уруксат бериши керек. Эгерде МАКтын отурумунда форс-мажордук жагдайлардан улам бүтүндөй байланыш үзгүлтүккө учураса, отурумдун төрагасы аттестациялык сынактан кайрадан өтүү үчүн кошумча убакытты белгилейт. Бирок азырынча бүтүндөй экзамен үзгүлтүккө учураган учуру каттала элек. Бардык экзамендердин видеоконференциясы башынан аягына чейин жазылып, архивге сакталууда.

И.Арабаев атындагы КМУ болсо экзамендин тестирлөө түрүн тандап алган. Бул окуу жайда дагы атайын техникалык каражаттар жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздалган бөлмөлөр даярдалган. Экзамен тапшыруучу группалар менен алдын ала байланыш жүргүзүлүп, аларга программа менен иштөөнүн, экзамен тапшыруунун жол-жоболору боюнча маалыматтар берилип, атайын даярдыктар өткөрүлгөн. Экзамен учурунда алгач студенттер Jitsi Meet программасы аркылуу байланышка чыгышып, өздүгүн тастыктагандан кийин, AVNден өзүнүн жеке кабинетине кирип, тесттен өтүшөт. Тесттин жоопторун AVN автоматтык түрдө эсептеп, студенттин канча балл алганын дароо чыгарып берүүдө. Бул окуу жайда дагы бардык сынактар атайын дисктерге жазылууда.

ОНЛАЙН МАМЛЕКЕТТИК ЭКЗАМЕНДЕР АЧЫК-АЙКЫНДЫККА ЖОЛ АЧУУДА  

БҮТҮРҮҮЧҮ КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ИШТЕР

Бүтүрүүчү квалификациялык иштер (магистрдик диссертацияларды) дагы ушундай эле жол менен корголууда. Ар бир бүтүрүүчүнүн иши электрондук форматта сын-пикири, илимий жетекчисинин ой-пикири, “Антиплагиат” программасынан текшерилгени боюнча маалымдама (справка), презентация ж.б. жардамчы материалдары менен биргеликте жактоо мөөнөтүнө эки күн калганга чейин МАКтын бардык мүчөлөрүнө жана төрагасына жөнөтүлөт. Ал иштер менен МАКтын мүчөлөрү алдын ала таанышып чыгууга тийиш. Жактоо күнүндө бекитилген мөөнөттө бүтүрүүчүлөр кезеги менен видеобайланышка чыгып, МАКтын курамынын алдында ишин жактап, суроолоруна жооп беришет. Ар бир бүтүрүүчүгө 20 мүнөттөн ашпаган убакыт бөлүнөт.

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Политехникалык колледжинде дипломдук долбоорду коргоо 15-июндан бери ушундай тартипте жүрүүдө.

– Онлайн түрүндө алгачкы жолу дипломдук коргоо болуп жаткандыктан студенттер үчүн, дегеле барыбыз үчүн кыйынчылыктар жаралбай койгон жок. Кээ бир студенттердин техникалык каражаттарынын, интернет байланыштарынын жетишсиздиги көйгөйлөрдү пайда кылды. Бирок, ошого карабастан биздин студенттер дипломдук долбоорун коргоонун алгачкы күнүндө активдүү катышканга аракет кылышып, комиссиянын суроолоруна иреттүү жана так жооп берип жатышты. Дипломдук долбоорлорду жазуу методикалык сунуштардын жана адистиктердин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен усулдук көрсөтмөлөрдүн негизинде аткарылууда. Буга чейин студенттер аралыктан үч аттестациядан, ченем-текшерүүдөн жана дипломдук долбоор алдындагы коргоо ишинен өтүшүп, дипломдук иштеринин сабаттуу түзүлүшү каралып, жетекчиси менен макулдашылган, — дейт колледждин директору Нурайым Турусбекова.

Бул окуу жайдын бардык бүтүрүүчүлөрүнүн квалификациялык иштеринин сапаты, көчүрүлүп алынбагандыгы антиплагиат системасы аркылуу текшерүүдөн өтүүдө. Ал үчүн мамлекеттик аттестациялык комиссиялардын жооптуу катчылары алдын ала окуудан өтүшкөн.

 

ЖАКШЫ ПИКИР

Мамлекеттик экзамендердин онлайн өтүшү билим сапатын ачык-айкын баалоодо чоң жардамга келип жатканын айтып жаткандар арбын. Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика жана маалыматтык системалар факультетинин мамлекеттик экзамендерине төрагалык кылып жаткан Жогорку Кеўештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу өзүнүн Фейсбук баракчасына төмөндөгүдөй позитивдүү пикирин жазды:

“БМУнун журналистика факультетинин студенттеринен онлайн режимде экзамен алуудабыз. Бүгүн мен комиссиянын төрагасымын. 42 студент менен компьютердин экранынан көрүшүп, баарлашкан жакты. Эч кандай коррупция жок, болушу да мүмкүн эмес. Билимге адилеттүү баа берүүгө шарт түзүлүүдө. Факультеттин деканы Алтын Асановнага жана анын эмгек жамаатына мамлекеттик экзаменди уюштуруу иштери жогорку деўгээлде өтүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирем!”

 

СТУДЕНТТЕР ТҮРДҮҮ КЫРДААЛДАРДАН ЧЫГЫШУУДА

Алыскы аймактардан байланышка чыгып жаткан студенттерде дагы маселелер жаралбай койгон жок. Интернет ылдамдыгы жакшы болбогондуктан байланышка чыга албаган же, ортодон байланыш үзүлүп калып жаткан учурлар дагы жок эмес. Свет өчүп калган же телефону байланышты кармай албагандар дагы бар.

И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин бир студенти үйүнүн ичинен интернети жакшы кармабагандыктан жаандын жаап жатканына карабай үйдүн чатырына чыгып алып тапшырса, дагы бири кошунасынын телефону менен байланышка чыкты. Ушуга окшогон мисалдар ар бир окуу жайда бар.

Чолпон КИЙИЗБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер