“ОН СЕГИЗ ЖАШТЫ” БЕШ МҮНӨТТӨ ЖАЗГАН АКЫН

  • 27.09.2019
  • 0

“…Кемел Бакашов башкалардан айырмаланып, мансапка, атак-даңкка, наамдарга кызыкпаган, кыргыз турмушунун табиятына арналган ырларындай сыртынан сыпаа, жөнөкөй, бирок ичинен кооз, мээримдүү, чыныгы интеллигент инсан катары үлгү…”                 Сооронбай Жээнбеков

“ОН СЕГИЗ ЖАШТЫ” БЕШ МҮНӨТТӨ ЖАЗГАН АКЫН

Он сегиз жаш

Он сегиз жаш,

Тоодо тунук булак белең,

Болбосо андан учкан бубак белең!

Кайрылбай кайда кеттиң, айтчы деги,

Адашып айлыңды мен сурап келем.

 

Он сегиз жаш,

Жайдын жарык таңы белең!

Болбосо боз туйгундун шаңы белең!

Бир жолу таалай болуп тамшандырган,

Жылт эткен жаштыгымдын шамы белең!

 

Он сегиз жаш,

Күндө беле сенин серең,

Болбосо жүрөгүмдүн теңи белең!

Кош эми, өкүнтсөң да унутпаймын,

Өткөргөн өмүрүмдү сени менен!

  

ОН СЕГИЗ ЖАШ БАЯНЫ

Менден ар дайым кызыгып сурашат, кантип «Он сегиз жаш» деген ырды жазып калдыңыз деп.

Ыраматылык жарым Кантай ар дайым жай айы чоң энебиз Сейилкан байбичеден алган  үлгүсү менен короого боз  үй тигип коер эле. Ал  күнү жайдын толукшуган убагы, июнь ичи,  күн  жаркырап нурун төгүп турганы эсимде. Дегеле ааламда өзгөрбөй турган үч гана зат бар эмеспи, алар – эненин ак сүтү, күндүн нуру, наристенин күлкүсү.  Мунун баары шайкеш келип, көңүлүм өсүп турса керек ал күнү. Айылдагы чоң көчөбүздүн ортосунда жайгашкан почтага кирип, газетага чыккан макалам үчүн гонорарымды алайын деп барсам Риза деген кесиптешим кезигип калды. Риза экөөбүз ал жактан чыгып, түштөнөлү деп үйгө чогуу келатсак,  биздин боз үйдөн Аксуубай чыгып келатыптыр. Бизди көрүп күлүп жиберди. Ал мени менен учурашып,  “Жүр Аба, сага шаардан базарлык алып келдим, анан обон чыгарам,  ыр жазып бер”,- деди.
— “Сени көрүп эле,  олтура калып ыр жазгандай мен сага 18 жашта белем,” -дедим.
— “Иий,  ырас болду,  тема табылды,  18 жашты жазып бер, — деди Аксуубай.    Мен дагы ошол гана сөздү күткөндөй,  заматта тизелеп олтура калып көк сыя менен 12 сап ырды 5 мүнөткө жетпеген убакытта жазып бердим.

Аксуубай үч куплет ырды окуп көпкө тигилип карады да, мени карап, суроо берди:

— «Бубак»- деген эмне? – деп.

-«Бубак» деген шаркыратмадан түшүп жаткан суунун чачыранды бүртүктөрүнөн жаралган кыроо,-дедим.

Ал ошол замат тамак ичкенине да кайыл болуп, чуркаган бойдон Атасы Атабайдын үйүн көздөй  кетти. Он мүнөткө жетип жетпеген убакыттын ичинде бир баладан кайра чакыртып жибериптир. Мен атымды минип тез эле Атабай аксакалдын үйүнө келдим. Келсем, Аксуубай барбалаңдап, жаш баладай кубанып алыптыр.

— Аба, обонду уксаң, жагабы?- деп, толкунданып, токтоно албай, 18 жаш курагындай, алып учуп ырдады. Обонду мен да толкундануу менен уктум.

— Ооба, жагат,- дедим. Чыгарган обону үч куплет ыр менен шайкеш келип, Аксуубайдын туш тарабынан музыка ашып ташып төгүлүп жатты.

Ошол бойдон үйгө кеттим да, кечинде бээни алып келгени токойго барсам,  “18 жаш” деп айылдык балдар ырдап жатышыптыр, өзүм таң калдым, түнөй элек ыр бир заматта тарап кеткенине айылга. Анда борборубуз Фрунзе шаары эле,  Аксуубай эртеси эле кайра Фрунзеге кетти.

1965-жылдын сентябрь айы болсо керек, бир тууган иним Дүйшөнбек бир күнү келип, аба, “18 жашты” радиодон берип жатат, Зейнеп Шакеева ырдап жатат деди. Анда Шакеева болгону 18 жашта болчу. Ырдын сөзүн менин жазганымды 1-январь 1966-жылы “Советтик Кыргызстан” газетасына чыккандан кийин айылдаштарым билип, куттукташты.

“18 жаш” жаралганына жарым кылымдан ашык убакыт өтсө да, ырдын сөзү да, Аксуубайдын обону да, аны аткарган  Зейнептин үнү да шайкеш келип, Сүйүүнүн, Жаштыктын Гимни катары эл арасында жашап келатканы кубандырат.

Кемел Бакашов

 

МАДАНИЯТ ЖАНА АДАБИЯТ ИШМЕРЛЕРИ АКЫН КЕМЕЛ БАКАШОВ ЖӨНҮНДӨ

“ОН СЕГИЗ ЖАШТЫ” БЕШ МҮНӨТТӨ ЖАЗГАН АКЫН

Кыргыз Эл Баатыры Сооронбай Жусуев жана Кемел Бакашовдун кызы Жылдыз Бакашова.

Сүйүнбай Эралиев,  Кыргыз Эл акыны, Кыргыз Эл Баатыры

Кемел акын ырларында  кумарга жык  ѳмүрдү, жашоонун ар бир  кез  ирмемин Улуу Тагдырдын белегиндей,  адамга  бир  келген касиет катары сыйлап,  анын кудурет–күчүнѳ сыйынып   жазат.  Бул  чыныгы акындык маданият. Акын болом деп ыр чыгаргандын баарысы эле чыныгы акын боло албайт!  Ал  эми Кемелдин ырлары– жаш  баладай таза,  чынчыл, жүрѳктѳн чыккан назик, тунук, нукура таланттуу  ырлар…»

 

 Кеңеш Жусупов

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу,

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты      

 

«…Кемел Бакашовдо Жараткан ыроологон Эл-Жер касиетинен өбөлгө болгон  жана тек,  бабалар  жааттан  жуккан  абалтан  келаткан  талант  бар. Ата-эненин,     теребелдегилердин  нускоосу, жакшы тилек, ойго, эмгекке,  билим алууга, адам болууга өзүн өзү  тарбиялоосу  күчтүү,  табият  менен  махабатты даңазалаган   ойчул   акын.

«…Кемел Акындын  жашоо  турмушунда  тобокелчилиги,  кайраттуулугу,  эмгекчилдиги,  чындык  менен жашаган ойчулдугу,  эрдиги  тангалдырат…»

 

Тилектеш Ишемкулов     Кыргыз Республикасынын  маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси, профессор

«…Кемел Бакашов  өзү абдан  жөнөкөй  киши,  көкүрөгүн какпаган,  мага  бийлик,  мага сыйлык,  кадыр-барк бергиле  деп  эч качан жулунбаган адам. Ушунусу менен ал киши Улуу.  Ушул  кезге чейин ырдалып  жүргөн  “Он   сегиз жашы”  совет учуру  менен айтканда Ленин  орденине   татыктуу,   азыркы  учур менен айтканда Токтогул  сыйлыгына   татыктуу  инсан деп  айта  алам. Анткени “Он   сегиз жаш” деген ыры  менен  түбөлүк аты тарыхта сакталып калды. Кемелдин акын катары, талант  катары  бактысы ошол ыры  түбөлүктүү жашап  калгандыгында…»

Шайлообек Дүйшеев Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты                

«…Биздин таптаза балалык махабат,  сүйүүгө  шыктанып турган кез  мына ушул “Он   сегиз жаш” менен өттү. Ал мезгилде “Он   сегиз  жашты”  ырдабаган киши жок эле. Анда бул   ырдын авторун билчү эмесмин, чындыгында кийин эле билдим. Бул   кишиге ушунчалык ыраазы болдум. Кемел  ага “Он   сегиз жаш” менен         эле    тарыхта     ким   экенин        белгилеп койгон деп эсептейм.   Себеби,  бул ыр  өлбөс-өчпөс ыр. Кыргыздын тарыхында эң мыкты ырлардын катарында өмүр бою жашай берет…»

Зейнеп Шакеева Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти  

“Он  сегиз жаш”  менин тагдырым  десем   болот. Көп эле ырларды ырдап  жүрөм, бирок  кайсы  жерде  концерт  болсо дагы, кайсы жерге барсаң дагы “Он сегиз жаш” жана “Чагылганды”   сурайт. Ошол  ырды биринчи жолу жаңыдан он сегиз жашка толгон кезимде жаздырдым эле, анда он сегизге да чыга элек  болчумун. Жаздырып эле  Жаңы         жыл  жаңырып  жаңырбай  эле,  1967-жылы  кадимкидей эл арасына тарап кетти. Ооба,  “Он   сегиз”  жаш  өлбөс-өчпөс,  бул  ыр менден  кийин деле  ырдала берет, менден кийин  деле  эл арасында жаңыра  берет.

Муратбек Асанакунов Ыбырай Туманов атындагы Ак-Булуң орто мектебинин директору болуп иштеген кесиптеши

«…Кемел   абамдын “Он   сегиз жашы”  бул  түбөлүк  өлбөс-өчпөс  ыр. Адам баласы жашап  турган  мезгилде он  сегизден өткөндөн кийин жыйырма болобу, отуз  болобу, кырк болобу сөзсүз түрдө кайрылып туруп баягы өзүнүн  он сегиз жашын эстеп,  унутпай тургандыгы,  ошол кездеги эргүүсү, жашоодогу сүйүүсү болобу, ошолордун баарын  үч     куплет    ырдын ичине толук камтыган   ыр.

Дагы бир   айта  турган  маселе мектепти Ыбырай Туманов атындагы Ак-Булуң орто  мектеби кылдык. Кемел абам болуп музей уюштурдук.  Абам Бишкекке,  Композиторлор  союзуна барып, бир жумача жүрүп, Ыбыкем согушка кетип жаткан учурдагы уулу Абдрасул экөөнүн сүрөтүн «Кызыл Кыргызстан”  газетасынан  таап  келди. Абдрасул  менен         Ыбыке экөө  чогуу  түшкөн сүрөттү  чоңойтуп туруп, дагы бир   топ  тарыхый  материалдарды  топтоп  музейди уюштурдук. Учурда Кемел  абамдын демилгечи  болуп  түзгөн         музейдин ичиндеги буюмдардын баардыгы  азыр чоң музейдин  негизи  болду.

Жумагул Сааданбеков Коомдук ишмер, философия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси

 Кемел Бакашов менен  бир мектепте окуп  калдым. Ал менден бирби же эки  класс жогору  окуучу. Кемел  ошондо эле кѳрүнүктүү,  узун  бойлуу, ак жуумал, кѳзү бакырайган         сулуу  улан эле.   Мектептеги волейбол командасынын жалгыз чабуулчусу, башкача айтканда «тушитеру»  болуучу.         Анан,  эң  башкысы   мектептеги ыр     жазган,      балдардын эң алдыңкы сабында эле.

ЭЛЕТТЕН ЧЫККАН ЭЛДИК АКЫН

“ОН СЕГИЗ ЖАШТЫ” БЕШ МҮНӨТТӨ ЖАЗГАН АКЫН

Элеттик акын Кемел Бакашов, тарыхый  нигилизмден алыс туруп, айылдын азап-тозокторун да, салтанаттуу  күндѳрүн да эч бир кооздобой же ачууга алдырбай, чындыктын гана мыйзамдары аркылуу чагылдырды. Албетте, Кемел Бакашов ѳзүнүн доорлору менен кошо ѳзгѳрдү, кыйналды, азап  чекти, чыныгы акындыктын         бийик         сересине     чыкты. Бирок ал бир  гана  багытта эч  ѳзгѳрбѳй,  мурда кандай болсо, ошондой    калды: элеттик турмушту  гана, элеттик элдин ой-тилегин, муң-зарын жүрѳгү аркылуу ѳткѳрүп,  жаркын      поэзияга айландырып келди.

Поэзияны сүйүүчүлѳргѳ кайрылар элем! Бакашовдун китептерин колуңарга  алганда,расмий наам берилбесе  да, ал элеттен чыккан эл акынына небак айланганын унутпагыла!

 

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек

 сиңирген ишмер, белгилүү журналист, акын Тенти Орокчу уулу

 «…Кемел Бакашов менен бир жерде.Ысык-Көл  педагогикалык институтта окуп  калдык. Кемел бешинчи, мен   төртүнчү курста  жүргөндө  «Саамалык”аттуу  ырлар  жыйнагын  чыгарган  элек, Кемелдин ыры ал китепте чыкканы эсимде. Андан бери 40 жылга чукул мугалимдик кесипти аркалап, бирок Кемел Акын катары,      ыр     жазуунун   жоопкерчилигин сезгендиктен, калем алуу касиети аны колдоп келди…»

 

КЕМЕЛ БАКАШОВ

Өмүр баяны

Агартуучу – акын, журналист, Ак-Суу районунун ардактуу атуулу, Кыргызстан жазуучулар союзунун, Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун мүчөсү, Эл агартуунун отличниги  Кемел Бакашов 1936-жылы 24-июлда Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылында туулган. Орто мектепти аяктап, 1957-1962-жылдары Караколдогу Педагогикалык Институттун орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөндөн кийин, эмгек жолун алыскы  Ак-Талаа районуна караштуу  М. Ломоносов атындагы орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

1963-1966-жылдары Түп районунда Маяк айылдык мектебинде мугалимдик кесибин улантты. 1967-жылдан тарта өзүнүн Ак-Булуң айылындагы Ыбырай Туманов атындагы  мектепте өмүр бою мугалимдик кесипте эмгектенген. Ал окуучуларга таалим-тарбия, билим берүү менен бирге “Ысык-Көл правдасы” газетасынын кабарчысы катары коомдук турмушка активдүү катышкан. Учурдун талабына жооп берген көйгөйлүү проблемаларды чагылдырган публицистикалык макала-очерктери Кемел Бакашовду өз мезгилинин чебер журналисти катары да коомчулукка таанытты.

Өмүр бою айылда жөнөкөй жашап, бирок башкалардан айырмаланып, эч качан мансапка, атак-даңкка, наамдарга кызыкпаган, кыргыз турмушунун табиятына арналган ырларындай сыртынан сыпаа, жөнөкөй, бирок ичинен кооз, мээримдүү, чыныгы интеллигент инсан өмүрүнүн акырына чейин чыгармачылык менен гана алектенип келген, табият тартуулаган талантына ак кызмат кылып, бар чогулткан байлыгы китеп болгон.

Акындын Туулган жер, Өмүр, Махабат, Жаратылыш, Залкар адамдар сыяктуу түбөлүктүү темага арналып жазылган ырларына элге кеңири белгилүү болгон обондор чыгарылган. Мындан 50 жыл (1966) мурда Сүйүүнүн, жаштыктын гимнине айланган “Он сегиз жаш” деген ыры бүгүнкү күндө да улам жаңырып, эл арасында ырдалып жүрөт. Ал эми “Кыргыз жери” аттуу ырын залкар талант, СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкиев Миландагы айтылуу “Ла-Скалада” ырдап чыккан.

Кемел Бакашов көмүскө жерде көркөм өнөрдүн көөрүгүн басып келген элеттик элдик акын болсо да, качан гана кыябы келгенде жанар тоо сымал атып чыгып, айланасын  таңданткан чоң талант. Акындын “Ата Журт жана махабат” (2007), “Он сегиз жаш” (2010), “Күү залкары Ыбырай Туман уулу” (2011), “Өмүр изи” (2016) аттуу китептери  жарыкка чыккан.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер