ОН МИҢ МУГАЛИМДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫ ЖОГОРУЛАТЫЛАТ

  • 04.09.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту жана ЮНИСЕФ эл аралык уюму билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында 460 мектептеги он миң мугалимдин квалификациясын жогорулатат.
ОН МИҢ МУГАЛИМДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫ ЖОГОРУЛАТЫЛАТ

2023-2024-окуу жылынын аягына чейин өлкө боюнча  мамлекеттик мектептердеги жогорку класстардын он миң мугалими онлайн окуудан өтөт.
“Окуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандыруу жана баалоо” программасынын алкагында, 5-11-класстын мугалимдери жогорку класстардын окуучуларынын окуусун колдоонун усулдук ыкмаларын, мамилелерин жана технологияларын үйрөнүшөт. Бул универсалдуу методдор предметине жана адистигине карабастан бардык мугалимдер үчүн ылайыктуу.
ОН МИҢ МУГАЛИМДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫ ЖОГОРУЛАТЫЛАТ

«Бул курстун негизги өзгөчөлүгү – командалык окуу жана ар түрдүү предметтер боюнча мугалимдердин ортосундагы байланышты бекемдөө.  Курс учурунда биргелешип иш алып баруунун аркасында катышуучулар тажрыйба алмашып, бири-бирин педагогикалык жактан байыта алышат деп ишенем», — деп белгиледи институттун директору Жунушалиева Калыйбүбү.
Мугалимдерге ЮНИСЕФтин колдоосу менен атайын окуудан өткөн 50 ментор жардам көрсөтөт . Алар мугалимдердин аткарган иштерине кайтарым байланыш беришет, методикалык колдоо көрсөтүшөт. Квалификацияны жогорулатуу курсу “Мугалим” онлайн платформасында жүргүзүлөт.
ОН МИҢ МУГАЛИМДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫ ЖОГОРУЛАТЫЛАТ

Курсту ийгиликтүү аяктаган бардык мугалимдер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун сертификатын алышат.
Окутуу Япония өкмөтү тарабынан каржыланган ЮНИСЕФтин “COVID-19 учурунда мектептердин жабылышынан жабыркаган балдарга сапаттуу билим берүү” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. Долбоордун негизги максаты – балдарга сапаттуу билим берүү жана COVID-19 карантининин билим берүү системасына тийгизген таасирин азайтуу.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер