ОМСК ОБЛУСУНУН ЖОЖДОРУ ОШМУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 29.03.2023
  • 0

Омск облусунун Экономика министринин орун басары Константин Чуловский баштаган делегация ОшМУда болду. Делегация  окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат менен жолугуп билим берүү, илим изилдөө, жогорку окуу жайлар ортосундагы кызматташтык тууралуу пикир алышты.

ОМСК ОБЛУСУНУН ЖОЖДОРУ ОШМУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Жолугушуунун жүрүшүндө делегация өкүлдөрү ОшМУ менен  Омск областындагы Омск мамлекеттик университети, Омск мамлекеттик медициналык университети, Омск мамлекеттик агрардык университети сыяктуу бир топ жогорку окуу жайлар менен кызматташууда көпүрө болуп берерин, учурда аталган окуу жайлар ОшМУ менен кызматташууга даяр экендиктерин кошумчалашты.  Ошондой эле Омск облусундагы мекеме-ишканаларда, медициналык мекемелерде ОшМУнун студенттери, магистранттары барып практикадан өтүп келүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча сүйлөштү.

17-19- апрель күндөрү Омск облусунун губернатору баштаган делегация Ош облусуна атайын иш сапары менен келет. Аталган иш чарада ОшМУ менен Омск облусунун ЖОЖдорунун ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимдери түзүлөт. Учурда ОшМУ Орусиянын 70тен ашуун ЖОЖдору менен кызматташып келет.

ОМСК ОБЛУСУНУН ЖОЖДОРУ ОШМУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

 

Бөлүшүү

Комментарийлер