ОКУУЧУЛАРГА АГАЙДЫН ТАРБИЯСЫ ТААСИРДҮҮ БОЛОТ

  • 31.03.2023
  • 0

Бүгүнкү күндөгү статистикалык маалыматтарга таянсак, мектепте эркек мугалимдердин саны эң төмөн. Бул менин аял мугалимдерге каршы пикиримди билдирбейт. Ооба, окуучуларга мыкты тарбия берип келе жаткан көп сандаган эжекейлер бар. Бирок тарбия берүүдөгү эркек мугалимге болгон муктаждыкты, боштукту башка нерсе менен толуктоого болбойт.

ОКУУЧУЛАРГА АГАЙДЫН ТАРБИЯСЫ ТААСИРДҮҮ БОЛОТ

Балдарыбыз  үч-төрт жашка чыгып-чыга электен тарта бала-бакчага бара баштайт. Андагы тарбиячылар 100 пайыз аялзатынан турат. Ошондой эле жети жашынан мектеп босогосун аттайт. Башталгыч класстагы мугалими да көбүн эсе аялдар  экендиги чын. Ал эми 5-11-класстарда айрым сабактардан гана эркек мугалим билим бергени болбосо, окуучулар көп учурда аялдардын гана таалим-тарбиясы, алардын мүнөзү менен калыптанып, өсүп келүүдө. Үйдө деле аялдардын тарбиясы үстөмдүк кылары талашсыз. Азыркы учурдагы бул маселе бала тарбиясына сөзсүз таасир этет. Андыктан мектеп агайларга эмне үчүн  муктаж экендигин бир катар мисалдар менен атап өтөлү. Биринчиден, окуучулар тарбияны көбүнчө сөз менен эмес, үлгү катары  көргүсү келет. Мисалы: Манас, Барсбек, Алп Сол, Ормон хан жана көкүрөгүн окко тоскон Чолпонбай сыяктуу баатырлардын эр-жүрөк күчтүүлүгүн окуучуларда калыптандыруу, улуттун келечегине күйгөн А.Орозбеков, А.Сыдыков, Ж.Абдрахманов сыяктуу  ар-намыстуулук, мекенди сүйүү  сапаттарын  сиңирүү  агайлардын жоопкерчилиги деп эсептеймин. Экинчиден, элибиздин жашоо салтына ылайык үй-бүлөдө эркек башчы, коргоочу, муктажтыктарды камсыз кылуучу, жашоонун кыйынчылыктарын жеңип өтүүдө  туура чечим кабыл алып, бактылуулук тартуулоочу болуп саналат.Бул чоң жоопкерчиликке балдар мектептен даяр болуусу зарыл жана ага агайлар үлгү болуп, багыт бере алат. Үчүнчүдөн, мектеп үй-бүлө сыяктуу, анда аял менен катар эркек мугалимдин болгону жөндүү. Анткени үй-бүлөдө ата менен эненин орду өз өзүнчө. Ошондой эле мектепте түрдүү себептерден улам атасыз чоңоюп келе жаткан балдарга ата мээримин, тарбиясын агайлар бере алат. Андан тышкары, агайлардын тарбиясы кыздар үчүн да өтө маанилүү. Кыз бала атанын пикирин сыйлоо, айтканын дароо аткаруу зарыл деп эсептейт. Алар аркылуу  уялуу, намыскөйлүк жана эркекти сыйлоо сапаттарын калыптандырышат. Ошону менен бирге мыкты агай кыз балдар үчүн  болочок жар тандоодо жаңылыштыкка жол бербөөгө мисал, керек болсо, үлгү да болуп бере алат. Мектептеги мугалимине окшогон билимдүү,  убадага бекем,  жоопкерчиликтүү жана башка сапаттарга ээ азаматты издеп табуусуна жана ага урмат-сый менен мамиле кылууга үйрөтөт.

Мен кесиптик жети жылдык тажрыйбамдын негизинде мектептеги тартипсиздиктерди алдын алуу, жоюу багытында агайлардын орду чоң экендигин  белгилеп кетем. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен “Мектептер агайларга муктаж” акциясы жана анын алкагында агайларды колдоо, мектепке тартуу өлкө келечеги үчүн маанилүү кадамдардын бири деп эсептеймин.

Фуркат Авлиёев, Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы  орто мектептин мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер