ОКУУЧУЛАРДЫН СӨЗ БАЙЛЫГЫН КАНТИП АРТТЫРСА БОЛОТ?

  • 10.02.2023
  • 0

 

ОКУУЧУЛАРДЫН СӨЗ БАЙЛЫГЫН КАНТИП АРТТЫРСА БОЛОТ?Башка кесиптештерим сыяктуу эле мени да окуучулардын кеби  барган сайын жарды болуп баратканы акыркы учурда көп ойго салды. Кээде алардын социалдык тармактарда жазганын окусаң таң каласың. Жада калса, “ооба” деген сөздү толук жазбай, “оа” деп жазып коюшат.

«Эмне кыласыз?» дегенди «Не кылас?» деп жазышканын көрүп жүрөгүң ооруйт. “Сакоонун тилин апасы түшүнөт” дегендей, экинчиси да аны ушундай калыпта кабыл алып, өзү да ушинтип жооп берет. Тилекке каршы, мындай зээнди кейиткен көрүнүштөр улам кулачын жайып, кадимки көрүнүшкө айланып баратат. Анан калса, массалык маалымат каражаттарындагы (телеберүүдөгү, айрым гезит-журналдардагы) кетирилип жаткан каталар жогорудагы көйгөйлөрдү күчөтүп жаткандай таасир калтырат. Жаш муундарга акыл-кеңеш айтуудан мурда, аларга үлгү болуу маанилүү экенин биз, мугалимдер,  унутпасак.

Мен кыргыз тили жана адабияты мугалими катары, өз тажрыйбамда окуучулардын кебин өстүрүүгө  өзгөчө маани берем. Сабакта күнүмдүк колдонулуучу сөздөрдү көбүрөөк пайдаланып, окуучулардын өз оюн канчалык жеткиликтүү айта билүүсүнө көңүл бурам. Көпчүлүк балдар өз оюн толук жеткире албайт же өз тилиндеги жөнөкөй сөздөрдүн маанисин жетик түшүнбөйт. Мисалы, дайыма пайдалануучу тутка (эшиктин туткасы), тактай (ашканада колдонулуучу доска), кыям (варенье), эриш-аркак, үбөлүк, олобо, аркан, көгөн, желе деген сыяктуу сөздөрдү да орду менен колдоно алышпайт, ал тургай билбейт. Буга балким, биз, улуулар, күнөөлүү болуп жүрбөйлү? Менимче,  үйдө нукура кыргызча сүйлөбөй, орус сөздөрүн кошуп жатканыбыз ушуга алып келүүдө.

Окуучулардын сөздөрдүн лексикалык маанилерин билбегендиги, түшүнбөгөндүгү алардын жалпы республикалык тестирлөөдө аналогиялык окшоштуктар, сүйлөм толуктоолор, текст менен иштөө тапшырмаларын аткарууда жакшы упай алуусуна кедергисин тийгизүүдө. Эң жөнөкөй мисал, шаардык эмес, айылдык эле балдар малдын жашын билишпей калды. Мисалы, алар козу, кой деп айырмалап билгени менен, төл козу, күрпөң, токту, тубар кой, соолук дегендерден кабары жок. Көчмөн элдин урпагы учурда жылкы баласынын кулун, жабагы, тай, кунан, бышты, жаңы асый, бир асый, эки асый деп аталарын күнүмдүк кепте укпай калды. Муну биз, чоңдор, өзүбүз да пайдаланбай калдык. Демек, кийинки муунга жетишерлик деңгээлде үлгү боло албай, кыргыздын нукура баалуулуктарын, нарк-насилин татыктуу өткөрүп бере албай жатабыз.

ОКУУЧУЛАРДЫН СӨЗ БАЙЛЫГЫН КАНТИП АРТТЫРСА БОЛОТ?

Жогорудагы көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн  жолу барбы? Болсо кандай? Бул албетте, баарыбызды: мугалимдерди, ата-энелерди, жалпы эле коомчулукту ойлондуруучу маселе. Аны чечүүнү бир гана мугалимдерге таштап коюунун өзү туура эмес. “Куш уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” дегендей, үй-бүлөнүн таасири да абдан чоң деп ойлойм.

Мен мугалим катары бул көйгөйдү чечүүнүн төмөнкүдөй жолдорун сунуш кыламын.

Балдарды туура тарбиялоодо, алардын жан дүйнөсүнө кыргыздын баалуулуктарын, эне тилибиздин касиетин, нарк-насилин, көөнө сөздөрүн жана алардын маанисин сиңирүүнү үйдөн башташыбыз керек.

Үйдө улуттук буюмдарды кармоонун өзү да буга оң таасирин тийгизет. Мүмкүнчүлүк болсо, бир бөлмөнү кыргыз үй деп атап, дубалдарына туштук илип, жерге  ала кийиз, шырдак, килем салып, жүккө жууркан, төшөк, жаздыктарды жыйып, улуттук колоритте жасалгалап койгон туура;

Балдарды  китепке жакын тарбиялоо үчүн аларды жаштайынан элдик  оозеки чыгармачылыктын мыкты үлгүлөрү менен тааныштыруу зарыл. Балдарга жомок айтып берүү, табышмактарды таптырып, логикасын өстүрүү, макал-лакаптардын маанисин балдар менен биргеликте талкуулоо бул багыттагы эң зарыл милдеттер болуп саналат. Эне тилди сүйүү, аны окуп-үйрөнүү, өнүктүрүү элдик оозеки чыгармаларды сүйүүдөн башталат.

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында (мейли кыргыз тилдүү, мейли орус тилдүү болсун) улуттук идеологияга, анын ичинде кыргыз тилин үйрөтүүгө басым жасоо максатка ылайык келет. Кыргыздын улуттук оюндарын, каада-салттарын балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша  колдонуу өзүнүн жакшы жыйынтыгын берет.

 Бул багытта белгилүү акын Токтосун Самудиновдун “Чаң баспасын сөздөрдү” аттуу китебин пайдаланып, зарыл болгон сөздөрдүн ордуна көп чекит коюп, аны  табууга окуучуларга тапшырма берүү өзүнүн жакшы натыйжасын берет. Мисалы:

Айланасы саймалуу,

Окшойт гүлдөр эккенге.

Алакандай кол жоолук,

Жүз аарчы дейт көп жерде.

Элестеттим мен аны,

… дешкенде (десоромол)

Эзелкинин сөздөрүн,

Үйрөнөсүң элеттен.

Суу кошкон сүт дебестен

… деп коюшат (көк кылтыр)

Балдардын сөз байлыгын өстүрүүдө фразеологиялык сөз айкаштардын да мааниси чоң. Аларды өз орду менен пайдалана алган адамдын сөз байлыгы кенен болот. Мисалы: мурдун балта кескендей, коён жатагына чейин билүү, итке минген кедей, жайыл дасторкон, колу ачык жана башка ушул сыяктуу туруктуу сөз айкаштарын берип, текст түзүүгө багыттоонун да  пайдасы зор. Көркөм чыгармалардан фразеологизмдерди таап келүү тапшырмасын берүү да окуучулардын изденип окуусуна өбөлгө болот.

Албетте, ар кимдин окутуу, сабак өтүү ыкмасы, усулу ар башка. Бирок баарыбызда  максат бирөө — ар тараптан өнүккөн, эне тилибиздин келечегине кайдигер карабаган, аны сүйүп окуган мекенчил жаштарды тарбиялоо. Ушул максатты ишке ашырууга баарыңыздарды чакырам.

Узен АТАКАНОВ,  Аксы районундагы Темиркул Үмөталиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер