ОКУУЧУЛАРДЫН КЫРГЫЗ ТИЛИН БИЛҮҮ ДЕҢГЭЭЛИ ТӨМӨН

  • 11.12.2023
  • 0

Бул тууралуу 7-декабрда  Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз  Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен биргеликте өткөргөн “Билим берүү тармагындагы  мамлекеттик тилдин абалы” аталышындагы жыйында министр Догдургүл Кендирбаева белгиледи.

ОКУУЧУЛАРДЫН КЫРГЫЗ ТИЛИН БИЛҮҮ ДЕҢГЭЭЛИ ТӨМӨН

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы С.С.Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы О.Э.Капалбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык саясат комитетинин төрайымы В.К. Раимбачаева, комитеттин мүчөлөрү Э.Р.Сатыбалдиев, А.Т.Маткеримов, ЖК депутаттары К.А. Талиева, Н.А.Нарматова, М.Самыйкожо, КР Эл Баатыры М.Ш.Шеримкулов, академик С.Ж.Мусаев, академик А.А.Акматалиев, академик Ч.И.Арабаев, профессор Н.И.Ишекеев ошондой эле министрликтин борбордук аппараты жана ага караштуу мекемелердин жетекчилери, мамлекеттик тил адистери, лингвист-эксперттер, жогорку окуу жайлардын ректорлору, орто кесиптик окуу жайлардын директорлору, тиешелүү мекемелердин жетекчилери жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

ОКУУЧУЛАРДЫН КЫРГЫЗ ТИЛИН БИЛҮҮ ДЕҢГЭЭЛИ ТӨМӨН

Министр Догдулгүл Кендирбаеванын баядамасында, балдардын билим берүүдөгү жетишкендиктерин баалоо боюнча  акыркы иликтөөлөрдүн натыйжасына ылайык, дээрлик кыргыз тилинде окуп жаткан балдардын окуу жана түшүнүү көндүмдөрү 50% окуучуда төмөн экендигин айтты. Бул иликтөө “Covid-19»  инфекциясынан кийин 4-8-9-класстын окуучулары арасында өткөрүлүп, жыйынтыгы 1.5ай мурда чыккан.

  • Бүткүл дүйнөлүк деңгээлде тилибизге аралашып, жаңы бизге тиешеси жок сөздөрдүн келиши жана аны үй-бүлөбүз менен каалап, колдоп, өнүктүрүп жаткандыгыбыз биздин тилибизди өнүктүрүүдөгү өзөктүү тоскоолдуктардын бири болуп эсептелет. Өз тилин сактоо максатында, бүгүнкү күнү Россия Федерациясынын 9+1 “Гаспром” мектеби салынууда. Өз тилин ичте гана эмес, сыртта да сактоого багытталган, Өз китептерине, мугалимдерине болгон камкордукту күчтөндүрүп жаткан саясатты көрүп жатабыз.

Мени министрлик кызматка дайындап жаткандагы өлкө башчы Садыр Нуркожоевичтин бирден-бир талабы кыргыз тилин өнүктүү,  колдоо,  окуучулардын кыргыз тилинде эркин ой-жүгүртүүсү, талдооосу, жана ошондой эле алардын ички эмгек рыногунда, энокомикада, өлкөнүн саясатында өзүнүн ордун таба билишине шарт түзүү эле, — деди министр.

Билим берүү жана илим министринин айтымында,  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын 7-статьясын аткарууда Билим берүү жана илим министринде кыргыз тилинде келген документтерге кыргыз, расмий тилинде келгендерге расмий тилде жооп берүү иштери орун алган. Аталган мыйзамдын 17-беренесине ылайык, жалпы билим берүү уюмдарында бүтүрүү экзамендери, ал эми башталгыч жана жогорку билим берүү мекемелерине кыргыз тили боюнча диктант, экзамендер киргизилүүгө тийиш. Бул боюнча жобо даярдалууда.

  • Ар бир мектепте 2-класска чейинки окуучулардын жетишкендигин баалоо жүргүзүлбөйт. Ал эми 3-класстан баштап чейректик жатжазуулар, санариптик технологиялар толугу менен иштелип чыгат. Ар бир чейрек сайын жана бүтүрүү экзамендеринде милдеттүү түрдө кыргыз тили боюнча экзамендер кирүүгө тийиш.
  • Ошол эле учурда социалдык тармактарда миңдеген мугалимдердин жазып жаткан постторунан кыргыз тили сабаттуулугуна күбө болуудабыз. Акыркы мезгилде биз педагогика кесибин кабыл алууда өтө жеңил шарттарды койдук. Билим сапаты боюнча эң төмөнкү балл алгандар ушул мугалимдик кесипти аркалагандар. Ошол себептен мугалимдерге талаптар күчөтлүлүүдө. Биринчи жолу экзаменде кыргыз тили боюнча санариптик диктанттарды тапшырышат, — деди Догдургүл Кендирбаева.

Ошондой эле “Малышарики”, “Куку кики”, “Маша и медведь” сыяктуу орус тилиндеги санариптик жеткиликтүүлүк, балдарды тынымсыз санарипке отургузуп коюу башка тилге калыптандырып жатканына токтолду. Бул маселени чечүү үчүн  санариптик кыргыз тилиндеги тиркемелерди чыгарууга бардык тараптан сунуштар берилүүдө. Улуттук мурас катары бешик ырынан баштап, ар бир жомокту балдарга угузуу үчүн аннимация же мультфильмдерди тартуу боюнча жогорку окуу жайлардын технология факультеттерине тапшырма берилип, биринчи буйрук чыкты. Буйруктун негизинде беш өз алдынчалыкка ээ болгон окуу жайлардын алдына ар бир облусттан бирден мектеп байланып берилет. Эң биринчи кыргыз тилиндеги санарип тиркемелерди иштеп чыгуу жана окуучуларга багыт берүү боюнча иштер жүргүзүлөт.

 

Ошону менен катар, атайын комиссия түзүлүп, жалпы окуу китептернин сапаты кайрадан каралууда. Себеби китептерди чыгарууда чоң каталар, оор тексттер бар. Аларды туруктуу жөнгө салуу максатында  “К. Тыныстанов окуу китеби” деп аталган басма үйү ачылат. Бала бакчадан баштап, бүтүрүүчү класстарга чейинки китептерди чыгаруу мамлекеттин саясатына ылайыктуу жүргүзүлөт. Тармактык редакторлор топтолот. Өнүктүрүүчү, өз алдынчалыкка үйрөтө турган жаңы муундагы кыргыз китептери жана санариптик тиркемелер чыгарылат. Бала бакчалардын баарын кыргыз тилинде ачуу, орус тилиндеги мектептердин бардыгына параллелдүү кыргыз тилин киргизүү каралууда. Ошондой эле райондук билим берүүгө келе турган жетекчилерди, мектеп жана кесиптик окуу жайлардын директорлорун кыргыз тилден тесттен өткөрүү талабы каралып жатканын кошумчалады.

 

 

 

ОКУУЧУЛАРДЫН КЫРГЫЗ ТИЛИН БИЛҮҮ ДЕҢГЭЭЛИ ТӨМӨН

ЭСКИ СӨЗДӨРДҮ КӨБҮ ТҮШҮНБөЙТ

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов  “Улуттук нарк жана мамлекеттик тил” тууралуу баяндама жасап, мурда “Кыргыз тили” күнү, “Кыргыз тили” мыйзамы дегенде тилибизди ушундай даражага түшүрүп алдыкпы деп тынчсызданарын, көрсө, тил меселеси учурдагы өтө оор жана көйгөйлүү зарылдык экендигин, тил жөнүндөгү маселе бардык өлкөлөрдө эле курч турарын айтты.

 

  • Мен ушул жыйынга келердин алдында бир нече илимий мааалыматтарда барактап отуруп, бир нерсе таң калдым. 2014-жылы 25-июнда англис тилин коргоо туураалуу маселе талкууланган экен. Дүйнөдө 38% эл англис тилинде сүйлөшөт, коммуникациянын баары ушул тилде жүрөт. Анан ушул тил коргоого муктаж болгонуна таң калдым. Классикалык Шекспирдин англис тили булганып жатат, жаңы маданият таңуууланып жатат, жаңы сөздөр пайда болууда. Ханыша сүйлөгөн тилди булгабашыбыз керек деген чечимдер кабыл алынган экен. Эң кызыктуусу, Европанын 21өлкөсүндө тил тууралуу конференциялар акыркы беш жылдын ичинде байма-бай өтүп турат, — деди.

Ошондой эле социалдык тармактарда жазылган постторунда эски тилди козгоп, аны  коомчулуктун талкуусуна коёрун, тилекке каршы, аларды көпчүлүк түшүнбөй, суроо саларын айтты.

  • Мындан 20-30жыл мурда эле пайдаланган тилибизди биз бүгүн унутуп жатабыз. “Садагаң кетейин” деген эле сөздү орусча которуп көргүлөчү… Сүйлөгөн сөздүн маанисин алып чыгып, күчүн көргөзүү үчүн буйрук этиштен баштап, эки этишти катар коюп сүйлөгөн биз элебиз. Ошол үчүн тилдин көркөмдүгүн, күчүн уланталык. Наркыбыздагы асыл сөздөрдү кайра-кайра кайталайлык, — деди Сүйүнбек Касмамбетов

ОКУУЧУЛАРДЫН КЫРГЫЗ ТИЛИН БИЛҮҮ ДЕҢГЭЭЛИ ТӨМӨН

 

КЫРГЫЗ ТИЛИ БОЮНЧА РЕЗОЛЮЦИЯ КАБЫЛ АЛЫНДЫ

 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.Осмоналиев 2022-жылдын 30-апрелиндеги “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” №15 протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында билим берүү тармагындагы иш кагаздарынын “Инфодокс” системасындагы көрсөткүчтөрү боюнча баяндама жасап, бир топ көйгөйлүү маселелерди ортого салды. Ошону менен катар бир нече сунуш-пикирлердин негизинде резолюция кабыл алынды. Анда  КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” №15 протоколдук тапшырмасынын аткарылышын камсыз кылуу, 2023-жылдын ичинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын аткарылышы боюнча маселени коллегияда кароо, КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 18-январындагы №864-V11 токтомунун тиешелүү пункттарынын аткарылышын камсыз кылуу, «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ведомствонун ишмердүүлүгүн жөнгө салган башка укуктук-ченемдик актыларга “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык өзгөртүүлөрдү киргизүү ишин Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен макулдашууларга ылайык жүргүзүү, Мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик менчик формасындагы мекемелерде, ишканаларда жана уюмдарда кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары колдонулушуна, иштешине көмөк көрсөтүү максатында мамлекеттик тилди өнүктүрүү, мамлекеттик тилдеги документтерге лингвистикалык экспертиза жүргүзүү милдеттерин жүктөө менен бекитилген штаттык сандын жана эмгек акы фондунун чегинде атайын кызматкердин же кызматкерлердин штаттык (тил адисинин) бирдигин милдеттүү түрдө киргизүү, Тил адисинин иш милдеттерин (кошумча милдет катары жүктөбөстөн) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык кайра жазуу жана статусун көтөрүү, орбордук аппараттын жана ага караштуу мекемелердин  веб-сайттарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн камсыздоо (Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №59-т тескемесинин талаптарын аткаруу максатында), борбордук аппаратта жана түзүмдүк бөлүмдөрдө иш кагаздарынын мамлекеттик тилде сабаттуу жүргүзүлүшү боюнча атайын чараларды уюштуруу, КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомунун талаптарын аткаруу, т.а. мекеменин кызматкерлерин “Кыргызтест” системасынан толук өткөрүү жана сертификаты бар кызматкерлерден иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү талап кылуу, Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы боюнча аткарыла турган милдеттердин ишке ашырылышын камсыз кылуу, “Кыргыз тили жана адабияты” дисциплинасы боюнча сааттардын өлчөмдөрүн бардык билим берүү мекемелеринде өзгөртүүсүз калтыруу камтылат.

 

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер