МЕКТЕПКЕ ЗАМАНБАП ОКУУ КИТЕПТЕРИ КЕРЕК

  • 19.09.2019
  • 0

Мектептик билим берүүнүн сапаты көп жагынан окуу китептеринин сапатына көз каранды экени белгилүү. Анткен менен өлкөбүздө окуучулардын заманбап окуу китептери менен камсыз болушу бүгүнкү күнгө чейин актуалдуу болуп турат.

Көйгөйдүн жаралышында ички миграциянын да орду бар

Улуттук статистика комитеттинин маалыматына караганда өлкөбүздө окуучулардын саны жыл санап өсүүдө. Мисалы 2012-2013-окуу жылында 2021 мектепте 1 млн. 12 миң окуучу окуса, 2018-2019 –окуу жылында 2265 мектепте 1 млн. 268 миң окуучу билим алган.  2012-2018-жж. окуучулардын өсүү көрсөткүчү  20,9% ды түзүп, шаарларда – 25%га, айыл жеринде – 14%га  барабар болгон.

Билим берүү жана илим министрлигинин китеп басып чыгуу секторунун башчысы Чынара Курбанованын пикиринде республикада окуу китептеринин тартыштыгы маселесинин жаралышында ички миграциянын түздөн-түз таасири бар.

—  Ички миграциядан улам,  борборубуз Бишкек шаарында жана Чүй облусунун айрым мектептеринде китеп тартыштыгы байкалат. Бирок жалпы жонунан республика боюнча китеп менен камсыздоо маселеси өтө курч дегенден алысмын. Жылдан-жылга маселе оң жагына чечилүүдө. Башталгыч класстардын стандарты жакында июль айында жаңыланды. Эми ошол стандартка ылайык улуттук окуу китептерине сынак жарыяланат,- дейт Чынара Осмоновна.

Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен жарык көргөн китептер

Белгилүү болгондой, 2014-жылдан тартып Кыргызстанда мектептик билим берүүнүн мазмунунда зор өзгөрүүлөр жүрүүдө. Жаңы муундагы мамлекеттик билим берүү стандарты иштелип чыкты. Жаңы стандартка байланыштуу  Базистик окуу планына да толуктоолор кирди. Мисалы, 5-класстан баштап англис тилин өздөштүрүүгө мурунку 2 сааттын ордуна, 5-класстарга жумасына 5 саат, 6-класска 4 саат, 7-класска 3 саат бөлүндү. Жаңы стандарттарга таянып окуучулар мектептерде «Информатика», «Адам жана коом», «Кыргызстандын тарыхы. Дүйнөлүк тарых» интеграцияланган курстарын окуп-үйрөнө башташты. 10-11-класстарда компетенттүүлүктүн негизинде «Математика», «Физика», «Химия», «Биология» жалпы багыттары боюнча жана  «Астрономия», «Тарых», «География», «Адам жана коом», «Кыргыз адабияты», «Орус адабияты», «Кыргыз жана дүйнөлүк адабият» предметтери боюнча жаңы предметтик стандарттар иштелип чыкканы өзгөчө жаңылык болду.

МЕКТЕПКЕ ЗАМАНБАП ОКУУ КИТЕПТЕРИ КЕРЕК

2018-2019 – окуу жылында Дүйнөлүк Банктын түздөн-түз каржылоосу менен «Билим берүү секторундагы реформаны колдоо» долбоорунун алкагында 5-6-класстар үчүн төрт тилде 33 аталыштагы окуу китептери 3 млн. 300 нускада басылып чыкканы маалым.  Тендерде Кыргызстандын «Принт Экспресс» жана «СТ.Арт» ЖЧКлары, Италиянын Grafica Veneta S.p.a, Вьетнамдын Hanoi Printing жана Индиянын Pitambra books компаниялары алдыда келип, булардын арасынан индиялык компания бир жарым миллион китепти басып чыгарууга милдеттүү болгон.

Кыргызстанда окуу китептерин иштеп чыгуу жана басып чыгаруу ишине Дүйнөлүк Банктан тышкары Азия Өнүктүрүү банкы да колдоо көрсөтүп келет.

— 2018-2019 –окуу жылында 7-9-класстар үчүн табигый илимдер багытындагы окуу китептери Азия Өнүктүрүү банкынын колдоосу менен иштелип чыгып, апробациядан ийгиликтүү өттү. Учурда мугалим-практиктердин ой пикир, сунуштарын эске алуу менен басма үйлөрү аларды басып чыгарууга даярдап жатышат, — дейт Чынара Осмоновна.

Окуу китептерин ижарага берүү маселени жеңилдетет

Серепчилердин баамында, окуу китептери менен камсыз болуу 2010-жылы 58% болсо, 2017-жыл бул көрсөткүч 73,4% жогорулаган. Мындай өсүш албетте, Билим берүү жана илим министрлиги акыркы жылдары китеп тартыштыгын жоюу багытында жасаган иштеринин натыйжасында мүмкүн болду.

Өткөн жылы мугалимдердин Август кеңешмесинде мурдатан талаш-тартышты жаратып келаткан окуу китептерин ижарага берүү маселеси оң чечилди. Ошондогу маанилүү чечимдерге кайрылсак, 5-6-класстардын окуучуларынын ата-энелери бир китеп үчүн 25 сом ижара акы төлөмөй болушкан жана республикада окуу китептеринин жетишсиздик маселесин чечүү максатында  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 5-11-класстардын окуучулары үчүн окуу китептерин ижарага берүү системасын этап-этабы менен киргизүү жана Билим берүү жана илим министрлигинде “Жаңы китеп” мекемесин түзүү жөнүндө чечим кабыл алган.

“Жаңы китеп” мекемеси – бул мамлекеттик коммерциялык эмес уюм. Анын негизги максаты – окуу китептерин ижарага берүүдөн түшкөн акча каражаттарын топтоо жана чогулган каражатка Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүү мекемелери үчүн окуу китептерин, колдонмолорду басып чыгаруу.

Окуу китептерине киргизилип жаткан ижара акысы жаңы предметтик билим берүү стандарттары боюнча даярдалып, басылып чыгарылган жаңы китептер үчүн гана алынат. Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен графикке ылайык, өткөн окуу жылында ижара киргизүү системасы 5-6-класстардын окуучуларын гана камтыды. Андан ары окуу китептеринин жаңы стандарттар боюнча даярдалышына жараша 7-9, 10-11-класстардын китептерине киргизиле баштайт.

Бир окуу китеби үчүн ала турган ижара акысы – 25 сом. Бул окуу китебинин орточо баасы жана кызмат өтөө мөөнөтүнөн эсептелип алынган сумма. Атайын жүргүзүлгөн социологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында,ижара акысы көпчүлүк ата-энелерге кыйынчылык жаратпай тургандыгы анык болгон.

Өкмөттүн чечиминде ижарага берилүүчү китептерди калктын аярлуу катмарындагы үй-бүлөлөргө акысыз жана жеңилдетилген түрдө берүү жагы да каралган.

«Жаңы китеп» мекемесинин маалыматына караганда окуу китептерин акысыз алууга укуктуу окуучулардын катарына беш жана андан жогору балалуу үй-бүлөдөгүлөр; социалдык жөлөк пул алган, аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдар; ата-энесинин бирөө I же II топтогу майып болгондор;  жалгыз бой эне же атасынын тарбиясындагылар; аскердик же кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон же майып болгон аскер кызматкеринин балдары; ата-энесинен ажырап, кароосуз калгандар; ден соолугунан чектелген окуучулар кирет.

Ал эми үй-бүлөдөгү 3-4 баласы жалпы билим берүү мекемелеринде окуган балдардын ата-энелери да  ижара акысынын 50% гана төлөшөт.

Арийне, мектеп китепканасындагы эскирген же эскилиги жеткен китептерди ижарага берүү маселени толук чечпейт. Ата-энелер жетишпеген китептерин өз акчаларына сатып беришүүдө. Жакында Улуттук коопсуздук кызматы «Дордой» базарында гигиеналык-санитардык талаптарга жооп бербеген контрафакт окуу китептери сатылып жатканын жарыя кылды. Азыр тиешелүү кызматтар тарабынан бул иш иликтенип жатат.

Мектептер китеп тартыштыгын кантип чечүүдө?

Борборубуздун Ленин районуна караштуу №77 орто мектеби окуу китептеринин тартыштыгы маселесин иштиктүү чечип жаткан билим берүү мекемелеринен болуп саналат. Мектеп жетекчиси Аида Дооталиеванын айтуусунда, окуучулар 80% окуу китептери менен камсыз болушкан.

— 5-6-класстар үчүн жаңы чыккан китептерге 25 сомдон ижара акы алып жатабыз. «Эмне үчүн ижара акы алып жатасыңар?» деген ата-энелер болууда. «Жаңы китептерге алынат, эски китептерге алынбайт» деп түшүндүрүп жатабыз, — дейт Аида Арипбековна.

Мектепте башталгыч класстардын окуучуларына «Математика», 7-11-класстарга «Алгебра», 9-11-класстарга «Физика» окуу китеби жетишпейт.

— Шаардагы китепканачылар өзүнчө ватсап группа түзгөнбүз. Бири-бирибизге көмөктөшүп, жетишпеген  окуу китептерин  толуктап алабыз, -дейт мектеп китепканачысы Мадина Куремова.

А.Алибеков, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер