ОКУУЧУ КЫЗ ЭМНЕ ҮЧҮН ТЕРЕЗЕДЕН СЕКИРИП КЕТТИ?

  • 15.09.2022
  • 0

Бишкек шаарындагы №9 мектепте 9-класстын окуучусу 2-кабаттын терезесинен секирип кеткен.

Маалыматкам караганда, окуучу кыздын бул кадамга баруусуна анын апасы менен пикир келишпестиги себеп болгон.

Тез жардам кызматы кызга алгачкы жардам көрсөтүп, шаардык балдар ооруканасына алып кеткен. Бейтап азыркы учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Бул кырдаал боюнча кызматтык териштирүү иштери башталды. Кошумча маалымат берилет.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер