ОКУУ ЖЫЛЫНЫН БАШТАЛЫШЫН ЖЫЛДЫРУУГА МАКУЛСУЗБУ?

  • 11.01.2018
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги окуу жылынын башталышын 10-сентябрга жылдыруу маселеси боюнча ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар арасында социалдык сурамжылоо жүргүзүүдө.

Бул маселе калктын көпчүлүк бөлүгүнүн кызыкчылыктарын камтыгандыгын эске алып, министрлик тарабынан аталган маселени ата-энелер, педагогикалык жана эксперттик коомчулуктун арасында талкууга чыгаруу жана «Эл-Пикир» коомдук пикирди изилдөө жана божомолдоо борбору аркылуу социалдык изилдөө жүргүзүү чечими кабыл алынган.

Уюмдун өкүлдөрү 2018-жылдын январь айында өлкөдөгү мектептерде окуучулардан жана ата-энелерден сурамжылоо жүргүзүп, мугалимдер жана мектеп администрациялары, ошондой эле билим берүү тармагындагы серепчилер менен жеке маек куруу жүргүзүшөт.

Комплекстик социалдык изилдөө өзүнө сурамжылоонун төмөнкү түрлөрүн камтыйт: анкеталык сурамжылоо, тереңдетилген маек жана фокус-группалар.

Эскерте кетсек, окуу жылынын башталышын 1-сентябрдан 15-сентябрга жылдыруу маселеси мурдараак «Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген. Депутаттардын ою боюнча, аталган демиле Кыргызстандын климаттык өзгөчөлүктөрүн эске алганда, туризмдин өнүгүшү үчүн оң натыйжа бериши мүмкүн. Андан тышкары, окуу жылынын башталышын жылдыруу процесси жылуу мезгилди балдардын толук кандуу эс алышы үчүн бир топ натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Өз кезегинде министрлик аталган маселени чечүү үчүн бир катар стратегиялык милдеттерди чечүү керектигин маалымдады. Биринчи кезекте, Базистик окуу планын карап чыгуу, анткени ал билим берүү басчкычтары боюнча сааттардын санын, жыл ичиндеги окуу күндөрүнүн санын, окуу жылынын башталышы менен бүтүшүн аныктайт. Бир нече ай ичинде жумушчу тайпа тарабынан азыркы окуу планын терең талдоо жүргүзүлүп, ар бир предмет боюнча толук негиздөө менен келечектүү окуу планынын концепциясы иштелип чыкты.

Иштин жыйынытыгында жумушчу тайпа аталган маселе туризмди өнүктүрүү көз карашында кызыктуу болуп эсептелери тууралуу корутунду берген. Анткени, Кыргызстандын климаттык шарттары сентябрдын башында балдардын жана ата-энелердин эс алуусун узартууга мүмкүнчүлүк берет. Маселени чечүүнүн эң жөнөкөй варианты — балдарды окутууну 10-сентябрда баштоо, себеби мындай жагдайда окуу жылы балдардын жүгүн жана ар түрдүү окутуу материалдарын олуттуу өзгөртүүсүз 31-майда аяктап калат.

Аталган демилге окуу жүгү кыскарып, ошого жараша мугалимдердин эмгек акысы азайды дегенди билдирбейт.

Акыркы чечим социалдык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча коомчулуктун пикирин эске алуу менен кабыл алынат.

Бөлүшүү

Комментарийлер