“ОКУУ  КИТЕБИ” БАСМА ҮЙҮ” ТҮЗҮЛҮҮДӨ

  • 22.02.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги  жалпы билим берүү уюмдарын жаңы муундагы сапаттуу окуу китептери менен камсыздоо максатында китеп басып чыгаруу саясатын кайра карап чыкты.  Ушул айдын башында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  чыккан токтому менен министрликке караштуу “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемеси болуп түзүлүүдө.

“ОКУУ  КИТЕБИ” БАСМА ҮЙҮ” ТҮЗҮЛҮҮДӨ

Токтомго ылайык,  мындан ары “Окуу китеби” басма үйү” деп аталат. Бул мамлекеттик мекеменин  иши өзүн-өзү каржылоо принцибинде жүзөгө ашырылат. Билим берүү жана илим министрлиги учурда мекеменин Уставын иштеп, бекитүү алдында турат. Ошондой эле  Адилет министрлигинен каттоодон өтөт. КР Президентинин иш башкармалыгы менен биргеликте “Окуу китеби” басма үйү” ММны ведомстволук объекттерде болгон аянттардын эсебинен, акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана эксплуатациялык чыгымдарга акы төлөө менен жайгаштырылмакчы.

Аталган басма үйүнө жергиликтүү жана чет өлкөлүк басмалар жана потенциалдуу авторлор менен тыгыз кызматташып, кыргызстандык окуучулар үчүн эң керектүү окуу китептерин адаптациялоо, которуу, жаңылоо, басууга даярдоо өңдүү орчундуу жумуштарды аткаруу вазийпасы жүктөлөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепте жана мектептен тышкаркы башкармалыгынын башкы адиси Самат Тоялиевдин айтымында,  мектеп китепканачылары тарабынан министрликтин “Жаңы китеп” автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизилген маалыматтарга таянсак, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын китепкана фондунда жалпы 11 487 482 окуу китеби бар. Анын ичинен 7 357 428 окуу китеби окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстарга арналган, ал эми 3 304 568 китеп окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстарга арналган. Бүгүнкү күндө мектеп китепканаларынын фондундагы 11 487 482 окуу китебинин 8 331 831и окуучулар жана мугалимдер тарабынан колдонулуп жатат. Кыргыз Республикасында мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты жаңыланып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы  токтому менен бекитилген. Ошондой эле 2022-2023-жылдары 1-11-класстар үчүн предметтик стандарттар да жаңыланып, министрликтин 2022-жылдын 19-сентябрындагы жана 2023-жылдын 7-августундагы буйруктары менен бекитилген.

— Бүгүнкү күндө окуу китептеринин авторлору жана басмалар жогоруда белгиленген стандарттарга таянуу менен мектеп окуучуларынын, анын ичинде башталгыч класстардын окуу китептеринин мазмунун жаңылоо жана толуктап иштеп чыгуу боюнча иш алып барып жатышат. Ошондой эле республикалык бюджетте каралган каражаттардын жана окуу китептерин ижарага берүүдөн чогулган каражаттардын эсебинен 2024-2025-окуу жылына карата даярдала турган окуу-методикалык комплекстердин тизмеси түзүлүп жатат. Белгилей кетсек, 2023-жылы республикалык бюджеттен билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыз кылууга 152 млн сом бөлүнгөн. Бул каражаттын эсебинен 2023-жылдын экинчи жарымында жалпы билим берүү уюмдары үчүн 738 940 нускада окуу-методикалык комплекстер даярдалды, — дейт С.Тоялиев.

Андан тышкары КР Билим берүү жана илим министрлиги менен USAID уюмунун биргелешкен “Окуу керемет!” долбоорунун алкагында 2023-жылы 1 790 030 нускада ар түрдүү жанрдагы дидактикалык китептер даярдалды. Китептер мектептердин окутуу тилин эске алуу менен кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде басылып чыгып, 1 681 мектепке бөлүштүрүлүп берилди.

— 2024-жылы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоого республикалык бюджетте 152 000 000 сом каралган. Анын ичинен 5 млн сому Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы токтомуна ылайык көзүнүн көрүүсү боюнча майыптыгы барлар үчүн Брайл ариби менен терилген окуу китептерин басып чыгарууга каралган. Бул каражатка быйыл да мазмуну жаңыланган окуу-методикалык комплекстерди даярдоо (тираждоо) пландалууда, — дейт башкы адис.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер