“ОКУУ КИТЕБИ” БАСМА ҮЙҮНҮН ДИРЕКТОРУ ДАЙЫНДАЛДЫ

  • 13.05.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемесинин директору кызматына Сарыбаев Ильяс Асанбекович дайындалды. 

Эскерте кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарын жаңы муундагы сапаттуу окуу китептери менен камсыздоо максатында китеп басып чыгаруу саясатын кайра карап чыгып, билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары министрлик өзү негиздеген “Окуу китеби” республикалык илимий-практикалык борбору менен “Жаңы китеп” мекемесин кошуп, “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемесин түзгөн.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер