«Окуу керемет!» балдардын китеп окуу маданиятын өнүктүрүүдө

  • 22.12.2023
  • 0

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору 12-декабрь Улуттук адабият күнүнө жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгынын урматына карата бардык аймактарда “Авторлордун китеп кербени” аталышындагы иш-чараны өткөрдү.

«Окуу керемет!» балдардын китеп окуу маданиятын өнүктүрүүдө

Иш-чаранын алкагында, 18-19 декабрда китеп кербени Чүй облусуна караштуу Токмок шаарындагы коомдук китепканадан баштап, Чүй областынын жакынкы райондорунун алты мектебин кыдырып, ал жерде башталгыч класстын окуучулары, ата-энелер, мугалимдер, китепканачылар жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү арасында китеп окуунун маанилүүлүгүн жайылтуу ишин алып барды.

«Окуу керемет!» балдардын китеп окуу маданиятын өнүктүрүүдө

1494 окуучу эки тилде билим алган Кант шаарындагы  А.Мурсабаева атындагы №4 мектеп-гимназиянын директору Айсалкын Ниязованын айтымында, “Окуу керемет!” долбоору менен 2019-жылдан бери кызматташып келет. Долбоордун окуучулардын билим деңгээлин өстүрүүдөгү ролуна чоң.  Китепканага атайын долбоордун китептеринен турган бурч уюштурган, ал балдарга көрүнүктүү жерге коюлган, сөзсүз алып баракташат. Себеби китептер балдардын китепке кызыгуусун  жараткандай  жасалгаланган, тартып турат.

«Ушул күнгө чейин долбоордун мектеп жана окуучулар үчүн чоң таасири бар. Мугалимдерибиз квалификациясын жогорулатууда,  балдарыбызга китептер келүүдө. Азыркы балдар көзү менен көргөндө жакшыраак кабыл алат. Ошондуктан сүрөт  басымдуулук кылып, текст аз болушу керек. Долбоордун китептери балдардын бат кабыл алуусуна жакшы жардам берет. Ар бир сабакта беш мүнөт “Окуу керемет!” долбоору берген китептерди окууга бөлөбүз. Окуучулар кайра чыгармаларды мугалимдери менен анализдеп, талкуулашат. Андан сырткары, долбоордун алкагында ата-энелер менен да биргеликте тыгыз иш алып барабыз. Китептеги каармандардын, чыгармалардын негизинде сценккаларды уюштурушат. Мисалы, карантин убагында ата-энелер онлайн сценкаларды түзүшүп, аны кайра тайпага салып, талкуулаганбыз.  Биздин ата-энелер да балдарынын китеп окуусуна кызыгдар, активдүү. Китепканачыбыз жаңы китеп келген сайын окуучуларга тааныштыруу иштерин жүргүзөт. Өзүмдүн эле тажрыйбамдан алсам, 4-класста билим алган кызым мектеп босогосун аттагандан тартып, “Окуу кереметинин” китептерин калтырбай окуйт. Долбоорго өзүмдүн жана коллективимдин атынан ыраазычылык билдирем. Долбоордун Кыргызстандын келечегине, балдардын билим деңгээлине салымы зор»,  — деди директор.

«Окуу керемет!» балдардын китеп окуу маданиятын өнүктүрүүдө

«Окуу керемет!»  долбоору ар түрдүү жанрдагы 1500 балдар китептерин жараткан жергиликтүү авторлор менен балдардын арасында байланыш түзүү жана китеп окуу маданиятын жайылтуу максатын көздөйт. Иш чаранын жүрүшүндө, ар бир автор өзү жазган китепти балдарга окуп берип, алар менен китеп тууралуу баарлашты.  Кант шаарына болгон иш-чарага  авторлор Алла Пятибратова жана Назгүл Кулматова катышты. Окуучулар авторлорго кызыктурган суроолорун берип, жоопторун алышты. Эң активдүү окуучуларга авторлор кол тамгасы калтырылган китептерин белекке беришти.

«Окуу керемет!» балдардын китеп окуу маданиятын өнүктүрүүдө

60 жакын жергиликтүү автор жана 30 иллюстратор менен биргеликте иштелип чыккан жаңы китептер үй-бүлө жана достук, сый-урмат, көп түрдүүлүктү таануу сыяктуу баалуулуктарды илгерилетет жана балдардын билим алууга болгон ынтызарлыгын жана чыгармачылыгын өнүктүрөт.

«Окуу керемет!» балдардын китеп окуу маданиятын өнүктүрүүдө

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору Кыргыз Республикасында башталгыч класстарда окуган 450 000ден ашуун окуучунун математика жана окуу боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 1 681 мектепте ишке ашырылып жатат.  12-декабрда “Окуу керемет!” долбоору  мектептерге 1 млн 790 миң 30 даана балдар китептерин тапшырды.

Ошондой эле  2023-жылдын январь айында 14 500ден ашуун мугалим окуганды үйрөтүүнүн натыйжалуу ыкмалары боюнча тренингдерди ийгиликтүү аяктап, мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттарга ээ болушкан.  17 500дөн ашык мугалимдер жана китепканачылар долбоордун алкагында окууну жана жазууну үйрөтүү боюнча тереңдетилген модулдар боюнча окуудан өтүштү. Долбоор бул модулдарды Moоdle платформасынын базасында салттуу жана аралыктан окуу шарттарына ылайыкташтырды. Билим берүү министрлиги зарыл болгон учурда бул платформанын негизинде аралыктан окутуу жүргүзө алат.

«Окуу керемет!» балдардын китеп окуу маданиятын өнүктүрүүдө

Окууну жана математиканы окутуунун сапатын жогорулатуу максатында, USAID эки колдонмону иштеп чыкты. Маселен, АааlооAрр колдонмосу окуучулардын окуу жана математика көндүмдөрүнө сабак учурунда калыптандыруучу баалоо жүргүзүүгө жардам берсе, SabakApp колдонмосу методисттер сабакка байкоо жүргүзүү аркылуу мугалимдерге насаатчылык колдоо көрсөтүү учун колдонулат. Эки колдонмо тен долбоордун 1 682 максаттуу мектептеринде колдонулууда. Башталгыч класстардын мугалимдерине насаатчылык колдоо көрсөтүү боюнча 3500ге жакын мектеп администрациясынын өкүлдөрү жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттери окуудан өтүштү.

Долбоор башталгандан бери USAID кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде 922 электрондук китепти иштеп чыгууга колдоо көрсөттү. Бул китептердин бардыгы Билим берүү жана илим министрлигинин жана Bloom Library санарип китепканаларында жеткиликтүү. Буга чейин 1 065 максаттуу мектеп жана 82 коомдук китепкана 285 000 китеп алышкан.

«Окуу керемет!» балдардын китеп окуу маданиятын өнүктүрүүдө

Долбоорунун алкагында, инклюзивдүү билим берүү да колдоого алынды. Угуусу начар балдар үчүн 40 китеп жандоо тилине которулуп, эл аралык Bloom Library санарип китепканасында жеткиликтүү.

2023-жылдын февраль айында 3 372 «Математикалык сандыкча» 1 682 максаттуу мектепке тапшырылды. Бул комплекттер 27 түрдүү көрсөтмө куралдарды жана манипулятивдик материалдарды, ошондой эле математика сабагында бул окуу материалдарын колдонуу боюнча мугалимдер үчүн  нускаманы камтыйт.

Мектептен тышкаркы окууну өнүктүрүү үчүн долбоор окуучулар, ата-энелер жана жергиликтүү коомчулуктар менен да иш алып барат. Долбоордун колдоосу менен уюштурулган класстан тышкаркы иш-чараларга, анын ичинде математика боюнча конкурстарга, окуу сааттарына 70 миң окуучу катышты.

«Окуу керемет!» балдардын китеп окуу маданиятын өнүктүрүүдө

2022-жылдын сентябрь айына карата 22 педагогикалык ЖОЖ жана колледж «Окуу керемет!» долбоорунун окуу боюнча модулдарын, мугалимдерге насаатчылык колдоо көрсөтүү боюнча материалдарды жана калыптандыруучу баалоо боюнча инструменттерди өздөрөнүн окуу программаларына киргизишти.

 

Долбоордун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун өлчөө үчүн USAID башталгыч класстардын окуучуларынын окуу жана математика көндүмдөрүн баалоону жүргүзөт. 2021-жылы жазында долбоор 2- жана 4-класстардын окуучуларынын арасында окуу жана математика көндүмдөрүнө баалоо жүргүздү. 2023-жылдын февралында башталгыч класстардын окуучуларынын окуу жана математика көндүмдөрүн калыптануусун өлчөө  үчүн чакан орто аралык изилдөөлөр жүргүзүлдү. Баалоонун жыйынтыктары окууну жана математиканы окутуунун сапатын мындан ары жогорулатуу үчүн колдонулат.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер