ОКУТУУНУН ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ

  • 10.01.2018
  • 0

Педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратов менен педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Кыялбек Акматовдун “Окутуунун жаңы технологиялары” деген китеби “Педагогдун өнөрканасынан” деген серия менен “kitep.kg” басмасынан басылып чыкты.

Бул илимий-усулдук колдонмодо окутуунун технологиялары тууралуу түшүнүктөр берилип, дүйнөлүк педагогикадагы адабияттар анализделип жана синтезделип, жүз элүүдөн ашуун интерактивдүү усулдар, интерактивдүү көнүгүүлөр жана дидактикалык оюндар кандай боло тургандыгы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.

Китептин практикалык баалуулугу – жогорудагы заманбап интерактивдүү технологияларды азыркы сабакта колдонуунун ыкмалары жана жолдору көрсөтүлгөндүгүндө.

ОКУТУУНУН ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ

 

АЙТМАТОВДУ МЕКТЕПТЕ ОКУТУУ

“Педагогдун өнөрканасынан” деген серия менен “kitep.kg” басмасынан басылып чыккан жогорудагы эки усулчунун авторлошуп чыгарган дагы бир китеби “Айтматовду мектепте окутуу” деп аталат.

Эки китептен турган эмгектин биринчи китебинде орто мектепте сунуш кылынган жазуучунун он төрт чыгармасын окутуунун методикалык өзгөчөлүктөрү көрсөтүлөт. Экинчи китепте жазуучунун каармандарын этнопедагогикалык аспектиден талдоонун, адабият теориясынын материалдарын пайдалануунун жолдору көрсөтүлүп, мугалимдердин тажрыйбалары, мектеп сахнасы үчүн инсценировкалар, дил баяндар, тесттик суроо-жооптор сунушталат.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер