Окутуучулар күч сынашат

  • 20.01.2025
  • 0

Бүгүн, 20-январда, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин профессордук-окутуучулар жана кызматкерлеринин курамдарынын арасында спорттун волейбол, футбол, стол үстүндөгү теннис, шахмат, шайыр старттар жана тогуз-коргоол түрлөрү боюнча спартакиаданын ачылышы болуп өттү.

Окутуучулар күч сынашат
Спорттук иш-чаранын ачылышына окуу жайдын жетекчилиги, профессордук-окутуучулар жамааты жана кызматкерлери катышты. Университеттин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович жыл сайын өткөрүлүп, салтка айланып калган иш чаранын негизги максаттарына токтолуп, жалпы жамаатты сергек жашоого жана спорт менен такай машыгууга үндөдү. Ошондой эле бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Эгембердиев Шералы Манабович спорт жумалыгына ийгиликтерди каалады.

Окутуучулар күч сынашат
Спорттук мелдеште  университеттин факультеттеринен, колледждерден жана административдик чарбалык бөлүмдөрүнөн түзүлгөн курама  командалары күч сынашат.

Окутуучулар күч сынашат
Соңунда I, II, III байгелүү орундарды ээлеген жааттар туура келген даражадагы диплом, акчалай сыйлыктар менен сыйланат. Ошондой эле ар бир спорттун түрү боюнча мыкты оюнчуларга ардак грамоталар тапшырылат.
Мелдештер окуу жайдын спорттук базасында жана окуу залында 2025-жылдын 20-январынан 24-январына чейин, Достук» спорт клубунун жана дене тарбия мугалимдеринин көзөмөлүндө өткөрүлөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер