Окутуучулар үчүн тренингдер

  • 22.01.2025
  • 0

8- 20-январга чейин Кыргыз экономикалык университетинде окутуучулардын кесиптик компетенцияларын өркүндөтүүгө багытталган квалификацияны жогорулатуу программасы өткөрүлдү.

Окутуучулар үчүн тренингдер

Программа психология, жасалма интеллект жана интерактивдүү окутуу ыкмалары сыяктуу заманбап негизги багыттарды камтыды. Тренерлер катышуучуларды заманбап технологиялар, билим берүү процессинде жасалма интеллектти колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жана окутуунун сапатын жакшыртууга багытталган интерактивдүү методдор менен тааныштырышты.

 

Иш-чаранын алкагында окутуучуларга «Интерактивдүү окутуу ыкмалары жана окуу процессин башкаруу»  аттуу тренингди педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Токтаналиева Клара Карпековна өткөрдү. Ал окутуучуларга окуу процессин уюштуруунун заманбап ыкмаларын сунуштап, жаңы окутуу ыкмаларын, оюн технологияларын жана кейс-методикаларын студенттердин кызыгуусун арттыруу үчүн колдонуу жолдорун үйрөттү.

Окутуучулар үчүн тренингдер

Ал эми «Билим берүү тармагындагы жасалма интеллект – технологияларды окуу процессине интеграциялоо» аттуу практикалык семинарды Айдралиева Айзаада жана Эсенаманова Аида өткөрүштү. Семинар учурунда катышуучулар интерактивдүү окуу материалдарын түзүү, жаңы технологияларды колдонуу, сыяктуу көндүмдөрдү үйрөнүп, сынчыл ой жүгүртүү жана татаал маселелерди чечүү жөндөмдөрүн өркүндөтүштү.

Ошондой эле «Педагогика жана психология» боюнча тренингди билим берүү системасында чоң тажрыйбага ээ психолог Кириллина Ирина Викторовна алып барды. Ал эмоционалдык интеллектти өнүктүрүү, студенттердин мотивациясын арттыруу жана стрессти башкаруу темаларына көңүл бурду. Мындан сырткары «Санариптик экономика жана программалоо» кафедрасынын окутуучулары Айбек кызы Нурия, Чертикеева Б. жана Элебесова Г.Ч. «Жасалма интеллектти билим берүү процессине интеграциялоо» деген темада практикалык семинар өткөрүштү. Алар жасалма интеллектти колдонуу менен визуалдык контент түзүү, тексттер, котормолор, маалыматтарды талдоо жана тескери байланыш үчүн куралдар, интерактивдүү окутуу жана практикалык сабактарды өткөрүү боюнча мисалдарды көрсөтүштү.

Окутуучулар үчүн тренингдер

Тренингде окутуучулар студенттер менен эффективдүү баарлашуу үчүн жаңы инструменттерди үйрөнүп, инновациялык технологияларды практикага киргизүү жолдорун өздөштүрүштү. Ошондой эле окутуудагы индивидуалдык мамиленин маанилүүлүгү жана натыйжалуу коммуникация жөнүндө сөз болду. Бул тренинг пайдалуу гана эмес, кызыктуу да болду.

 

Бардык катышуучулар тренерлердин профессионалдуулугун жана алган билимдердин жогорку практикалык маанилүүлүгүн белгилешти. Программаны ийгиликтүү аяктаган окутуучулар квалификациясын тастыктаган сертификаттарга ээ болушту.

Бул тренинг программалары билим берүү процессин модернизациялоодо маанилүү этап болуп калды.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер