ОКУТУУЧУЛАР ҮЧҮН  ҮЧ КҮНДҮК ТРЕНИНГ

  • 11.03.2023
  • 0

ОКУТУУЧУЛАР ҮЧҮН  ҮЧ КҮНДҮК ТРЕНИНГ

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде «Туруктуу өнүгүү жана биоартүрдүүлүктү сактоо үчүн билим берүү» долбоорунун үч күндүк офлайн форматындагы тренинги  болуп өттү.

ОКУТУУЧУЛАР ҮЧҮН  ҮЧ КҮНДҮК ТРЕНИНГ

Аталган тренингди окуу жайдын ректору Райымбаев Чаткалбайдын атайын чакыруу катынын негизинде Бишкек шаарынан келген мыкты тренерлер, география илимдеринин кандидаты, доцент Джунушалиева Калиман, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Гүлмира Шамканова  окутуучулар үчүн абдан пайдалуу жана зарыл болгон усулдарды, ыкмаларды жана көндүмдөрдү пайдаланып, кызыктуу өтүп беришти.

Университеттин окуу иштери боюнча проректору Исаков Топчубай, эл аралык байланыштар жана инвестиция боюнча проректору, профессор Балтабаева Аида тренингдин өтүшүнө жакындан колдоо көрсөтүп, өздөрү дагы активдүү катышып, жалпы катышуучуларга жана тренерлерге ыраазычылыктарын билдирип, алдыдагы иштерине ийгиликтерди каалашты.

ОКУТУУЧУЛАР ҮЧҮН  ҮЧ КҮНДҮК ТРЕНИНГ

Тренингде КӨЭАУнун башкаруу администрациясы, факультеттердин декандары, кафедра башчылары жана бирикме жетекчилери активдүү катышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер