ОКУМУШТУУЛАР «ТАЗА КООМГО» ӨЗ САЛЫМЫН КАНТИП КОШУУ КЕРЕКТИГИН ТАЛКУУЛАШТЫ

  • 12.01.2018
  • 0

Жаңы жылдын алгачкы жумасында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында (УИА) “Кыргыз Республикасын 2018-40-жылдарга туруктуу өнүктүрүү боюнча “Таза коом – жаңы доор” улуттук стратегиясынын” долбоорун талкуулоо максатындагы тегерек стол уюштурулду. Анда Өкмөттүн жогоруда аталган программасынын иш милдеттерин аткарууда илимдер академиясынын ролу, мекеменин илимий изилдөө институттарынын сунуштай турган долбоорлору боюнча окумуштуулардын талкуусу болду. Иш-чарада Академиянын президенти Мурат Жуматаев окумуштууларды 5-январда СССРдин Илимдер академиясынын Кыргыз ССРиндеги филиалы катары уюшулгандыгына 75 жыл болгондугу менен да куттуктап кетти.

Тегерек столго УИАнын окумуштуулары, илимий-изилдөөчү мекемелердин тармактык структураларынын, ПРООНдун, ӨЭУнун, бизнес түзүмдөрдүн, ЖМКнын өкүлдөрү катышты.

ОКУМУШТУУЛАР "ТАЗА КООМГО" ӨЗ САЛЫМЫН КАНТИП КОШУУ КЕРЕКТИГИН ТАЛКУУЛАШТЫ

 

 Тегерек столго КР УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев атайын баяндама жасады. Ал өз баяндамасында 2040-жылга чейин каралган бул стратегияны – билим, илим жана инновацияга негизделген коомду куруу үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологиялар кыймылдаткыч күч экендигин, бул жагынан УИА жана Жогорку окуу жайлары менен биргеликте “Таза коом” программасын ишке ашырууда активдүү аракет ойношу керектигин баса белгилеп өттү.

– Долбоордо илимге негизделген коомду түзүшүбүз зарыл деп жазылгандай, стратегия илим-билимге негизделиши шарт. Андыктан, Илимдер академиясы бүгүнкү талкууда “Кырк кадам” долбоорунун ар бир кадамына шайкеш келе турган илимий жыйынтыктарын сунуштап жатат. Буга чейин кабыл алынган “КРдагы илимди реформалоо жөнүндөгү” Концепцияда илимдер академиясы “эң жогорку мамлекеттик илимий мекеме” деп жазылгандай, анын административдик функциясын сактап калуу зарыл. Муну менен ал “Таза коом” улуттук стратегиясын ишке ашырып, өлкөнүн өнүгүүсүнө салымын кошо алат. Ошондой эле окумуштуулардын алдына маселелер ачык-айкын, так коюлушу керек. Эгерде окумуштуу алдына коюлган маселени даана көрүп турса, ал потенциалын ошого жумшоого аракет жасайт, — деди ал өз сөзүндө.

Андан ары сөз алган КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментинин директору Абдиманнап Муратов учурда илимдин өнүгүшүндөгү жетишкендиктер жана көйгөйлөр жөнүндө айтып келип, талкуу тууралуу мындай оюн билдирди:

– Стратегияда илимдин ролуна чоң орун берилген. Буга чейин мурдагы илимий деңгээлибизди калыбына келтирсек деп максат коюп келген болсок, “Бел болчу билим, из калтырчу илим” программалары аркылуу өнүгүү жолуна өтүшүбүз керек. Ошондой эле менин билдирүүмдө окумуштууларды реалдуу максаттарды коюп, аны ишке ашыруунун механизмдерин белгилеп алууга чакырам, — деди.

 

ОКУМУШТУУЛАР "ТАЗА КООМГО" ӨЗ САЛЫМЫН КАНТИП КОШУУ КЕРЕКТИГИН ТАЛКУУЛАШТЫ

КР УИАнын Сейсмология институтунун директору, геология-минералогия илимдеринин доктору Канат Абдрахматов Программанын илимге тийиштүү максаттарын ишке ашыруу үчүн мамлекет тарабынан илимпоздордун социалдык, материалдык-техникалык жактан камкордукка алынуусуна кызыкты.

– Эгерде каржылоо жагы өткөн жылдардагыдай болсо биз бул максаттарды ишке ашыруубуз күмөн. Нанотехнология менен алектенүү үчүн жок дегенде күчтүү компьютер, микроскоп ж.б. алышыбыз керек. Ал миллиондогон долларды талап кылат, — деп кошумчалап кетти.

КР УИАнын Гуманитардык жана экономика бөлүмүнүн төрагасы, академик Абдылдажан Акматалиев “Таза коом – жаңы доор” долбоорунда “Из калтырчу илим” деген программасына ал иштеген бөлүм адабият, тил жагынан бир топ проблемаларды алып чыгып жатканына кеңири токтолду.

– Таза коомду куруу үчүн таза адам болушубуз керек. Адамдын жан дүйнөсү таза болуусу үчүн анын аң-сезимин өзгөртүү зарыл. Ошондуктан биз адамдын жан дүйнөсүн кеңейте турган, байыта турган “Манастан” баштап, фольклорго чейин китептерди чыгарганы жатабыз. Ар бир атуул мекенчил болушу абзел. Мында да абийирдүүлүккө, ыймандуулукка, атуулдукка, туура жүрүм-турумга чакыра турган иштерди жасоодобуз. “Туруктуу туризм” программасы боюнча алсак, “Манас” эпосу, Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча туристтик каттамдын карталары түзүлүүдө. Дүйнө жүзүнөн келген саякатчыларга өзүбүздүн жаратылышыбыздын сулуулугун көрсөтүп, маданий мурастарыбызды жайылтабыз,-дейт А.Акматалиев пикир бөлүшүп жатып.

 

ОКУМУШТУУЛАР "ТАЗА КООМГО" ӨЗ САЛЫМЫН КАНТИП КОШУУ КЕРЕКТИГИН ТАЛКУУЛАШТЫ

– «Ден соолукка инвестициялоо» 26-кадам боюнча биздин жаамат өлкөбүздө дары өсүмдүктөрүн комплекстүү түрдө изилдеп, аларды кайрадан иштетүү жана сарамжалдуу пайдалануу, алардан керектүү болгон дары-дармек продукцияларын алуу боюнча сунуштарын бердик, — деди Химия жана фитотехнолгиялар институтунун директорунун милдетин аткаруучу, биология илимдеринин доктору Кайыркул Шалпыков.

– Өндүрүштүн потенциалын өнүктүрүү боюнча  (24 кадам) көмүр кендерин кайрадан иштетүү, органикалык жана минералдык ресурстардан химиялык иштетүү жолу менен продукция алуу, алтын кендердин, сурьма,  түстүү жана сейрек кездешүүчү элементтерди экологиялык жактан таза бөлүп алуу жолдору; микробиологиялык жол менен алтын иштетүүчү комбинаттардын калдыктарын тазалоо жана алтынды бөлүп алуу жолдору боюнча да биздин институттун адистери чоң салым кошо алат.

Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялануу (38 кадам) боюнча да бизде иштеген адистер өздөрүнүн тажрыйбаларын жана мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө алгылыктуу экологиялык жана экономикалык киреше алып келүүгө өбөлгө түзөт, — деди К.Шалпыков өз сөзүн бекемдеп.

Аталган реформанын программасын жана өнүктүрүү программасын ишке ашырууда УИАнын ролу абдан маанилүү. Себеби реформанын программасын жана өнүктүрүү программасынын ар бир долбоору Улуттук илимдер академиясынын илимий изилдөөнү өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу багыттарына дал келет. Ошондуктан, Илимдер академиясында “Таза коом – жаңы доор” долбоорун талкуулоо боюнча “Академиялык аянтча” түзүп, учурда активдүү талкуу жана конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу процесстери жүрүп жатат. Мында Илимдер академиясы тарабынан “Таза коом” программасы боюнча заманбап, коопсуз, баарына жеткиликтүү жана наркы көтөрүмдүү санариптик маалыматтык коммуникациялык инфраструктураны түзүүгө жана өнүктүрүүгө тийиштүү маселелерди ишке ашыруу боюнча Автоматика жана маалымат технологиялары, Суу проблемалары жана гидроэнергетика институту өзгөчө кырдаалдарда коркунучтарды төмөндөтүү жана МКТ менен камсыздоо боюнча сунуштарды берет. Ошондой эле жаратылыш системасын МКТ менен камсыздоодо мыйзамды ийине жеткирүү, мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуу саясаты, эл аралык деңгээлде жогорку сапаттагы жана салыштырмалуу статистикалык маалыматтарды даярдоо, адам потенциалын жогорулатуу аркылуу жакшы шарттарды түзүү каралган.

Таза коомду куруу боюнча орчундуу милдеттерине ачык санариптик коомду түзүү – мамлекеттик маалыматтардын ачыктыгынын, ири маалыматтарды анализдөөнүн, сенсордук технологиялардын, телеметриялардын, мейкиндик маалыматтарынын инфраструктурасынын негизинде адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана коомчулуктун социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында санариптик кызматтарды жана тиркемелерди өнүктүрүү кирет.

Инновацияга жана өнөктөштүккө багытталган МКТны түзүүгө жана өнүктүрүүгө дем берүү милдетинде идеяны иштеп чыгуу, аны сыноодон коммерциялык ишке киргизүүнү камтыган – старт-ап, МКТ-инкубаторлор, кластердик хабдар, венчурдук финансылоонун тармагы ж.б. камтыган жаңы бизнес-моделдерди киргизүү кирүүдө. Буга УИАнын Машине куруу институту, Математика институту сунуштама беришет.

Реформанын “Бел болчу билим. Из калтырчу илим” программасынын 7-кадамындагы КР
УИАны реформалоонун алкагында административдик таасир кылуу функциясын алып салуу сунушталган (үчүнчү абзац), бул деген КР УИАнын илимий-изилдөө мекемелеринин бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып иштөөсүнө кедергисин тийгизет жана илимдин кадыр-баркына доо кетирет. Анын кесепетинде УИА коомдук илимий бирикмеге айланышы мүмкүн. УИАнын ИИМдери негизи эле анын илимий потенциалы жана атактуу илимий мектептери менен жөнгө салынып келген.

Документтин УИАга тийиштүү жериндеги маанисине караганда илим көбүнчөсү прикладдык багытка караган, мындай учурда мамлекеттин саясатын натыйжалуу ишке ашыруу оор. Мында мамлекеттин башка өлкөлөр менен теңтайлашуусу менен бирге улуттук кызыкчылыгынын коопсуздугуна дагы терс таасир берет. Ошондуктан, мамлекеттин маанилүү маселелерин чечүүдө инновациялык мүмкүнчүлүгү бар фундаменталдык илимдин деңгээлине көз каранды. Мына ошондуктан, фундаменталдык илим өзүнчө финансыланышы зарыл.

КР УИАнын жогоруда саналган бардык өнүктүрүү программаларына инновациялык долбоорлор, ишкердик сунуштар жана инновациялык ойлоп табуулар камтылган. Айрым ойлоп табуулар реалдуу секторго киргизилген. Мисалы, КР УИАнын ИИИлери ИИМ, ӨКМ, Электр станциялары, министрликтер, жетекчиликтер жана башка дагы эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келет.

КР УИАсы жогорку окуу жайлары, илим-изилдөө мекемелери жана илимий-техникалык коомчулуктар менен кызматташуудагы ачык-айкын Концепция үчүн аталган мекемелерге Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын курамына кирүү сунушу менен кайрылат. Алар мындай жол аркылуу ассоциациялашкан мүчө катары илим менен билимди интеграциялоо, фундаменталдык жана прикладдык илимди өнүктүрүү, өндүрүштү техникалык жана технологиялык жактан куралдандыруу, экономикалык өсүш, социалдык жактан өнүктүрүү жана жалпы илимди колдоо максатында биргелешип иш алып бара алышат.

М.Токторов, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер