ОГПИНИН СТУДЕНТТИК ТЕЛЕСТУДИЯСЫ ЖАҢЫЛАНДЫ

  • 15.02.2018
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун алдында түзүлгөн студенттик “Мурас” теле-студиясына заманбап шарттагы  жаңы студия жасалып, жума башында ачылуу аземи болуп өттү.

Салтанатта жаңы студия үчүн институттун ректору Бекмурза Зулуев жаңы үлгүдөгү, сапаттуулугу жогору болгон видео-камера (комплект), компьютер (комплект) жана башка керектелүүчү техникалык жабдууларды тапшырды.

Студиянын оператор-монтажеру  Рустам Баатырбеков студияга тапшырылган техникалык каражаттар санариптик телеберүүнүн шарттарына ылайык экенин белгилеп, жумуш үчүн бир топ ыңгайлуу шарттар жаралганын айтты.

Окуу жайдын ишмердүүлүгүн, студенттердин турмушун, ийгиликтерин, чыгармачылыктарын жана жетишкендиктерин  медиа тармагына чагылдырып туруучу, студенттик “Мурас” телестудиясы мындан ары сапаттуу, кызыктуу берүүлөрдү эфирге чыгара бермекчи.

Бул студия 2013-жылы студенттердин талабын ишке ашыруу максатында ректор Б.Зулуевдин демилгеси менен ачылган. Учурда ОГПИнин маалыматтык берүүлөрү “Мурас” студиясы аркылуу мамлекеттик бир катар телеканалдардан чагылдырылып турат.

Бөлүшүү

Комментарийлер