МУГАЛИМДЕРДИ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ЖАҢЫ МОДЕЛИ

  • 25.08.2022
  • 0

Республикабыздагы педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну жана кайра даярдоону камсыз кылуучу билим берүү уюмдары кайра түзүлөт. Буга чейин    аталган тармакта эки  билим берүү институту жана беш облустук усулдук борбор алектенип келген. Эми алар мугалимдердин кесиптик даярдыгын өркүндөтүүнүн жаңы модели менен иш алып барышмакчы.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо системасын модернизациялоо жана мектепке чейинки, мектептен жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуунун жаңы моделин түзүү,  ишмердүүлүгүн, натыйжалуулугун арттыруу максатында  облустук билим берүү институттары, облустук окуу-методикалык борборлору Бишкек шаарындагы, Ысык-Көл, Нарын Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен областтарындагы мамлекеттик жогорку окуу жайларына материалдык-техникалык базасы, штаттары жана каржы ресурстары менен өткөрүлүп берилет.

-Акыркы кезде жогорку окуу жайлары менен мектептердин ортосундагы байланыш начарлап кеткен. Бул ЖОЖдордун педагогикалык кадрларды даярдоосуна терс таасирин тийгизүүдө. ЖОЖдор менен квалификацияны жогорулатууну ишке ашырган облустук билим берүү институттарынын усулдук борборлордун ортосундагы байланышы да учур талабына жооп бербейт. Облустук билим берүү институттары жана усулдук борборлор көпчүлүк учурда мурдагы облустук билим берүү бөлүмдөрүнүн функциясын аткарып, чарбалык, уюштуруу иштерин координациялоо менен алектенип калган. Учурда жалаң гана квалификацияны жогорулатуу менен чектелүү жана педагогдорду беш жылда бир жолу квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөрүү тездик менен өзгөрүп жаткан бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бербейт. ЖОЖдор менен мектептердин ортосундагы байланышты күчөтүү жана квалификацияны жогорулатуудан үзгүлтүксүз кесиптик өсүүгө өтүү ЖОЖдордун дараметин күчөтүп, алардын педагогикалык кадрларды сапаттуу даярдоосуна жакшы таасир этмекчи. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбооруна да үзгүлтүксүз кесиптик өсүү түшүнүгү киргизилди, -дейт Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору А.Токтомаметов биз менен болгон маегинде.

Мында  квалификацияны жогорулатуу курстары, ал курстардан кийинки усулдук коштоо, педагогдорго усулдук жардам көрсөтүү, алдыңкы тажрыйбаны жалпылоо жана жайылтуу, тажрыйба алмашуу, насаатчылык  мезгил талабына ылайык жүргүзүлмөкчү. Ал тургай  “Жыл мугалими” конкурстарын, олимпиадаларды тиешелүү деңгээлде өткөрүүнү өзүнө камтыйт.

Аталган институттун директорунун айтымында, жаңы моделге ылайык, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте билим берүү кызматкерлеринин үзгүлтүксүз кесиптик өсүүсүн камсыз кылуу боюнча жалпы саясатты жүргүзөт жана ал республика боюнча бул ишмердикти координациялоону ишке ашырат.

-Облустук билим берүү институттары, усулдук борборлор   ЖОЖдорго өткөрүлүп берилген соң билим берүү кызматкерлеринин үзгүлтүксүз кесиптик өсүүсү менен алектенишет. Аларда мурдагы облустук билим берүү бөлүмдөрү сыяктуу уюштуруу иштерин координациялоо функциясы болбойт. Бардык күчүн билим берүү кызматкерлеринин үзгүлтүксүз кесиптик өсүүсүн камсыз кылууга багытташат. Квалификацияны жогорулатуу менен алектенген облустук түзүм менен университеттер биргелешип иштеген тажрыйба Нарын жана Баткен облустарында көп жылдан бери ишке ашып келет. Нарын мамлекеттик университетине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу борбору, Баткен мамлекеттик университетине караштуу Билим берүү округу бар. Алар педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууда университеттердин материалдык-техникалык, имараттык, кадрдык дараметин колдонушуп, ишмердиктерин биргелешип ийгиликтүү ишке ашырып келишет. Бирок, бул облустарда жогоруда көрсөтүлгөн түзүмдөрдөн сырткары уюштуруу иштерин координациялоо үчүн облустук усулдук борборлорду түзүшкөн. Бул облустук усулдук борборлор университеттерге өткөрүлүп берилет,- дейт А.Токтомаметов.

Бизге белгилүү болгондой, облустук билим берүү институттары, усулдук борборлор ЖОЖдорго штаты, бюджети, материалдык-техникалык базасы менен өткөрүлүп берилгендиктен, буга бюджеттен кошумча каражат талап кылынбайт.

Майрамбек ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”  

Бөлүшүү

Комментарийлер