НУРЛАНБЕК ШАКИЕВ КЕМБРИДЖДЕ

  • 06.03.2024
  • 0

НУРЛАНБЕК ШАКИЕВ КЕМБРИДЖДЕ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британиядагы расмий иш сапарынын алкагында Кембридж университетинде болду.
Окуу жайдын жетекчилери жана окутуучулары менен өткөрүлгөн жолугушууда Төрага Кыргызстан менен Улуу Британиянын саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалары тууралуу сөз кылды.
“Тарыхый улуу жолду басып өтүп, Исаак Ньютон, Чарлз Дарвин өңдүү бүтүрүүчүлөрү менен таанылган Кембридж университетинде 121 Нобель сыйлыгынын ээси, Улуу Британиянын 14 премьер-министри билим алган. Жалпы адамзатты кызыктырган бул университетке окууну каалаган кыргыз жаштары да арбын. Алсак, университетте окуу мүмкүнчүлүгүн алып, “Кембриджде окуган” деген ардактуу наамга ээ мекендештерибиз да бар. Алардын катарында, вакцинаны муздатпастан сактоо боюнча уникалдуу ыкманы ойлоп тапкан кыргыз кызы Асель Сартбаева Кембридж университетинин аспирантурасында тажрыйбасын арттырса, Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулайманов да бул окуу жайда билимин жогорулаткан. Буйруса, ушундай мекендештерибиз дагы көбөйүп, Кыргызстан менен Кембриджди байланыштырган билим көпүрөсү түзүлөт деген ишеничтемин” – деди Нурланбек Шакиев.
Төрага 1209-жылы түптөлгөн окуу жайдын эски кампустарында болуп, байыркы университеттин ишмердүүлүгү менен таанышты. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхына байланышкан тегерек столго катышып, бабаларыбыздын баскан жолу тууралуу кеңири баяндама жасады. Окумуштуулардын кызыккан суроолоруна жооп берди.
Ошондой эле кыргыз каганатынын тарыхына кызыккан айрым окумуштуулар ар кандай изилдөөлөрдү жүргүзүп келе жатышканын билдирип, кыргыз каганатынын тарыхына байланыштуу чыгарылган китепти Төрага Нурланбек Шакиевге белек кылды.

Ал эми Кембридж университетинин профессору, Борбор Азия форумунун директору Сиддхарт (Монту) Саксена өзү жетектеген форумдун ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат берип, кыргыз калкынын тарыхына, маданиятына ар тараптуу изилдөөлөрдү жүргүзүп келе жатканын билдирди.
“Кыргызстан Борбор Азиядагы Швейцария деп айтылган пикирди угуп жүрөбүз. Бирок мен буга кошулбайм. Тескерисинче Швейцария Европадагы Кыргызстан десек туура болот. Анткени, кооз жаратылышы, уникалдуу табияты менен өзгөчөлөнгөн сиздердин өлкөдөй дүйнөдө жер жок”, – деди профессор Сиддхарт (Монту) Саксена.
Учурда Кембридж университетинде дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн келген 18 миңден ашуун студент билим алат. Тогуз миңдей окутуучу сабак берет.
Профессор Сиддхарт (Монту) Саксена жетектеген Борбор Азия форуму экологияны сактоо, тоо системасын коргоо, жаратылышты калыбына келтирүү, тоо-кен иштетүү тармактары боюнча изилдөөлөрдү да жүргүзүп келет. Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан аталган форум менен ар тараптуу алакаларды мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, эки өлкөнүн окумуштуулары арасында тажрыйба алмашуу өнөктүгүн өнүктүрүү зарылчылыгына билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер