НООРУЗ  — ЖАЗДЫН ЖАНА КАЙРА ЖАРАЛУУНУН МАЙРАМЫ

  • 17.03.2023
  • 0

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунда Нооруз майрамына карата “Сейтек” борборунун таланттуу балдары, Билим берүү жана илим министрлиги жана Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте даярдалган иш-чара өттү.

НООРУЗ  - ЖАЗДЫН ЖАНА КАЙРА ЖАРАЛУУНУН МАЙРАМЫ

Кыргызстанда 21-мартты элдик Нооруз майрамы катары жарыялаган Жогорку Кеңештин мыйзамына 1991-жылдын 1-февралда кол коюлган. Кыргызстандыктар Ноорузду 31 жылдан бери салтанаттуу түрдө чыгармачылык менен майрамдап келатабыз.

НООРУЗ  - ЖАЗДЫН ЖАНА КАЙРА ЖАРАЛУУНУН МАЙРАМЫ

Иш-чаранын максаты — Нооруз майрамын «Сейтек» борборунун чыгармачыл жамааттарынын чеберчилиги аркылуу Кыргызстанды мекендеген элдердин маданиятын, каада-салтын көрсөтүүнү көздөдү. Мындан сырткары  дүйнө элдеринин бийлерин жана ырларын ырдап, бийлеген таланттуу балдар аркылуу маданияттын көп түрдүүлүгү көрсөтүлдү.

Ошондой эле “Сейтек” борборунун 1-кабатынын фойесинде элдик чыгармачылыктын көргөзмөсү уюштурулуп, анда Нооруз майрамы белгиленүүчү өлкөлөрдүн прикладдык искусствосу, кийимдери, сувенирлери менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Г.А., “КБ”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер