НЕКРОЛОГ – АСАН АРТЫКБАЕВ

  • 31.07.2023
  • 0

Ош облусунун билим берүү тармагы оор жоготууга учурады. Кыргыз
Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы, Ош билим берүү институтунда
көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан Асан
Артыкбаев 2023-жылдын 21-июлунда 73 жашында дүйнөдөн кайтты.

Артыкбаев Асан Бакирович 1950-жылдын 5-январында Ош облусунун Ноокат
районундагы Көк-Бел айылында туулган. 1958-жылы айылдагы жети жылдык
мектептин 1-классына кабыл алынып, орто мектепти 1968-жылы аяктаган. Ошол
эле жылы Ош Мамлекеттик Педагогикалык Институтунун физика-математика
факультетине кирип, аны 1972-жылы ийгиликтүү аяктайт. Алгачкы эмгек жолун
Ноокат районундагы А. Үсөнбаев атындагы орто мектебинде математика
мугалими болуп иштөөдөн баштаган.

— 1972-жылдан 1975-жылга чейин – Ош облусунун Ноокат районундагы А.
Үсөнбаев атындагы орто мектебинин математика мугалими;
— 1975-жылдан 1980-жылга чейин- Ош облусунун Ноокат районундагы А.
Үсөнбаев атындагы орто мектебинде директордун окуу-тарбия иштери
боюнча орун басары;
— 1980-жылдан 1990-жылга чейин — Ош облусунун Ноокат районундагы А.
Үсөнбаев атындагы орто мектебинин директору;
— 1990-жылдан 2004-жылга чейин — Ош облусунун Ноокат райондук билим
берүү бөлүмүндө мектептер бөлүмүнүн башчысы;
— 2004-жылдан 2008-жылга чейин – Ош шаардык билим берүү
башкармалыгынын мектеп жана мектепке чейинки билим берүү
бөлүмүнүн башчысы;
— 2008-жылдан 2012-жылга чейин — Ош шаардык билим берүү
башкармалыгынын башчысынын орун басары;
— 2012-жылдан 2020-жылга чейин Ош билим берүү институтунун
директорунун орун басары;
— 2020-жылдан 2021-жылга чейин Ош шаардык билим берүү
башкармалыгынын окуу-усулдук каанасынын башчысы;
— 2021-жылдан 2022-жылга чейин кайрадан Ош билим берүү институнунун
координация бөлүмүнүн кызматкери болуп иштеген.
Өмүрүн билим берүү тармагына арнаган Асан Артыкбаев 2 уул, 3 кыздын
үлгүлүү атасы болду.

Маркумдун жакындары менен туугандарына терең кайгыруу менен көңүл
айтабыз.

Ош билим берүү институту

Бөлүшүү

Комментарийлер