НАРЫНДЫК МУГАЛИМ РЕСПУБЛИКАЛЫК ОНЛАЙН-СЫНАГЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛДУ

  • 28.03.2023
  • 0

НАРЫНДЫК МУГАЛИМ РЕСПУБЛИКАЛЫК ОНЛАЙН-СЫНАГЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛДУ

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында “Мугалим”  илимий-педагогикалык журналынын тогуз жылдыгына карата класс жетекчилердин алдыңкы тажрыйбасын жайылтуу, аларды колдоо, стимул, дем-шык берүү максатында республикалык “Мыкты класс жетекчи — 2023” онлайн кароо-сынагы 2023-жылдын февраль, март айларында өткөрүлдү.

Аталган сынакка Кыргызстан боюнча 300дөн ашык мугалим катышкан.  Сынактын жүрүшүндө Жобого ылайык 111 мугалим финалдык баскычка чейин эки багыт, беш шарт боюнча таймашты. Мугалимдин интеллектуалдык деңгээлин, педагогика-психология, класс жетекчиликтин теориясы жана методикасы, педагогикалык кырдаалдар боюнча тесттик тапшырмалар, тарбиялык видеосабак, тарбиялык сабактын иштелмеси багыттары боюнча таймашып, эң жогорку упайды топтогон мугалимдер жеңүүчү аталды. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи  Бишкек шаарында Балдардын жана өспүрүмдөрдүн  “Сейтек” улуттук борборунда чоң салтанат менен жыйынтыкталды.

Бир жарым айга созулган онлайн-сынактын катышуучулары кызуу таймашып, финалга чыккан 111 мугалимдин арасынан  Нарын облусунун Нарын районундагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинин информатика мугалими, 8-“б” класстын класс жетекчиси Исакова Гүлзат «Илимий сабак» номинациясын жеңип алып, “Мугалим” төш белгиси, «Мыкты класс жетекчи — 2023» титулу  жана диплом  менен сыйланды.

 

Кенжебай КЫДЫРОВ, Нарын району

 

Бөлүшүү

Комментарийлер