НАРЫНДАГЫ МЕКТЕПТЕРДЕ СУУЛУУ-САЗДАК ЖЕРЛЕРДИ КОРГООНУН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮНӨ КАРАТА САБАКТАР ӨТҮЛДҮ

  • 22.01.2018
  • 0

Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери 2-февраль — Суулуу-саздак жерлерди коргоонун эл аралык күнүнө карата Ат-Башы районунун Жаңы–Күч айылындагы А.Үсөналиев атындагы, Нарын районунун Жалгыз-Терек айылындагы Р.Усубалиев атындагы орто мектептеринин 9-10-класстарынын окуучуларына экологиялык билим берүү багытында дарстарды окушуп, слайддарды, видеотасмаларды көрсөтүшүп, суулуу-саздак жерлерди коргоо, Рамсар Конвенциясы жөнүндө сурамжылоолорду жүргүзүштү. Бул тууралуу Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун директору Бакыт Чороев маалымат каражаттарына билдирди.

НАРЫНДАГЫ МЕКТЕПТЕРДЕ СУУЛУУ-САЗДАК ЖЕРЛЕРДИ КОРГООНУН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮНӨ КАРАТА САБАКТАР ӨТҮЛДҮ

Рамсар Конвенциясы — бул дүйнөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн улуттук иш-аракеттер жана эл аралык кызматташтык аркылуу суулуу-саздак жерлерди коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу максатында түзүлгөн эл аралык келишим. Суулуу-саздак жерлерди коргоо жөнүндөгү Конвенция 1971-жылы Иран мамлекетинин Рамсар шаарында негизделген. Конвенция 1975-жылы күчүнө кирип, азыркы учурда дүйнөнүн 169 мамлекети келишимди кабыл алып, дүйнөдөгү 2243төн ашуун суулуу-саздак жерлер эл аралык мааниге ээ болуп, Рамсар аймактарынын тизмесине киргизилген.

Суулуу-саздак жерлер же ветланд («Wetland» анг.сөзүнөн — «нымдуу жер») — бул саздар, табигый жана жасалма, суу агып чыкпаган жана суу агып чыккан, туздуу жана тузсуз көлдөр, майда көлмөлөр, деңиз жээктери ж.б. Суулуу-саздак жерлер адамзаттын жашоосунда эбегейсиз чоң ролду ойнойт. Алар: таза сууну топтоп, жер астындагы жана агын сууларды жөнгө салат, атмосферадан көмүр кычкыл газын бөлүп, аны топтойт, түркүн жан-жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн мекени болуп саналат, канаттуу-куштар, алардын ичинде сейрек кездешүүчү канаттуулар байыр алат, ичүүчү суунун, ошондой эле колдонулуучу суунун негизги булагы болуп саналат, ар түрдүү өндүрүштүн сырьелук базасы болуп эсептелет (м: балык өндүрүшү, эгин айдоо ж.б.), жергиликтүү элдин жашоо-турмушунда эң керектүү чөйрө болуп саналат (м: жайыт, тоют, азык).

Кыргыз Республикасынын суулуу-саздак жерлери дарыялардан, көлдөрдөн, саздардан жана жасалма көлмөлөрдөн турат. Алардын ичинен эң ирилери Ысык-Көл, Соң-Көл жана Чатыр-Көл, ошондой эле 100гө жакын майда көлдөр бар, алардын жалпы аянты 66 миң 750 чарчы километрден ашат. Республиканын көлдөрү негизинен деңиз деңгээлинен 2000 метрден ашык бийиктикте жайгашкан. Бул ири көлдөрдөгү камтылган табигый байлыктар жана биологиялык көп түрдүүлүктүн мааниси жогору бааланып эл аралык Рамсар Конвенциясынын аймактарынын тизмесине киргизилгенен.

Чатыр-Көл көлү 2005-жылы 8-ноябрда Уганда мамлекетинде Рамсар Конвенциясынын IX конференциясында расмий түрдө анын тизмесине киргизилген. Соң-Көл көлү 2011-жылы 23-январда Япония мамлекетинде расмий түрдө Рамсар тизмесине киргизилген.

Бөлүшүү

Комментарийлер