НАРЫНДА ОКУУЧУСУ ЖРТДАН “АЛТЫН СЕРТИФИКАТ” АЛГАН МУГАЛИМ УНААЛУУ БОЛОТ

  • 26.08.2022
  • 0

Нарын шаарында “Алтын сертификат” алган бүтүрүүчүлөрдүн мугалимдерине автоунаа белек кылынат. Бул тууралуу калаа башчысы Канболот Тутуев өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

К.Тутуев мындай демилге ар бир мугалимге стимул болот жана Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон зор салым болот деп ишенет.

“Келерки окуу жылдын жыйынтыгы боюнча Нарын шаарындагы мектептерден ким ЖРТнын жыйынтыгында “Алтын сертификат” алса, ошол бүтүрүүчүнүн мугалимине автоунаа белек кылабыз. Каржы булактарын табууну жана ушул ишти аягына чыгарууну өзүм көзөмөлдөйм. Андыктан, жалпы мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктайм! Билими менен мекенге кызмат кылган уул-кыздарды таптап, коомго кошууга чакырам. Бул Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон зор салым болоорун эске салам!”, — деп жазылат анда.

Ч.Кийизбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер