НАРЫНДА “ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ” УЮШТУРУЛДУ

  • 12.02.2019
  • 0

Нарын районуна караштуу Рысбек Усубалиев атындагы орто мектебинде «Энелер мектеби» уюштурулуп, сабактар өтүлүүдө.

НАРЫНДА “ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ” УЮШТУРУЛДУ

«Энелер мектебин» уюштуруунун эӊ башкы максаты — коомчулук менен мектептин байланышын чыӊдоо менен энелердин балдарга болгон жоопкерчилигин күчөтүү. Себеби көпчүлүк жакшы сапаттарды энелерден балдарга өткөнүн эске алып, айыл жериндеги энелерге үй-бүлөдө балдарды мектепке даярдоо, акыл-эс, адеп-ахлак тарбиясы жөнүндө алгачкы педагогикалык маалымат берүү, ошондой эле үй-бүлөдө балдардын сезүү, кабылдоо, ойлоо, эстеп калуу ж.б. таанып-бүлүүгө, билим алууга зарыл сапаттарын калыптандыруунун эӊ жөнөкөй жолун, методун ыкмаларын үйрөтүү;  энелерге, айрыкча, жаш энелерге балдарды тарбиялап өстүрүүгө кызыгууну, жоопкерчиликти ойготуу; азыркы шартта көпчүлүк балдардын (90%) балдар бакчасына барбагандыгын эске алып, балдардын мектепке чейинки бардыгын үй-бүлөдө толтурууга аз да болсо энелерге көмөктөшүү; эӊ жөнөкөй педагогикалык маалыматтардын негиздерин билген эне-тарбиячы, эне-педагогду даярдоо аркылуу мектепке келе турган балдар үчүн үй-бүлөдө алгачкы мектеп – «Эне мектебин» даярдоого көмөктөшүү.

НАРЫНДА “ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ” УЮШТУРУЛДУ

«Эне мектебинде» өтүлүүчү машыгуулардын түрлөрү: аӊгеме, лекция, диспут-дискуссия, жолугушуу, пикир алмашуу жана ролдоштуруу, сынак. Сабактар атайын түзүлгөн жүгүртмөнүн негизинде мугалимдер тарабынан өтүлүүдө жана өтүлүп жаткан окууларга энелер активдүү катышып жатышат.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер