КЕҢЕШ АЙЫЛЫНДАГЫ КОНТЕЙНЕР МЕКТЕПТИН ОРДУНА ЖАҢЫ МЕКТЕП КУРУЛАТ

  • 20.08.2020
  • 0

Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнерлерден тургузулган мектептин ордуна жаңы мектеп курулат. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-августта, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында 150 окуучуга эсептелген орто мектептин жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мектептин мурдагы имараты 1971-жылы салынган жана учурда авариялык абалда турат. Өткөн жылы окуучулар контейнерлерден тургузулган мобилдүү мектепте окууга аргасыз болушкан. Бул коомчулукта кеңири резонансты жараткан. Жергиликтүү тургундар жаңы мектеп куруп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан жана 2020-жылы курулуш иштери башталган.

Президент Сооронбай Жээнбеков мезгил билим берүү системасына башкача мамилелерди талап кылып жатканын баса белгилеп, ага байланыштуу бардык аймактарда заманбап стандарттарга жооп берген жаңы мектептерди куруунун маанисине токтолду.

Мектепти куруп жаткан подрядчыларга кайрылган Мамлекет башчысы курулушту үстүбүздөгү жылда бүткөрүүнүн өзгөчө зарылдыгын белгиледи.

Жаңы мектептин курулуш иштерин ноябрь айында жыйынтыктоо пландаштырылганы белгиленди.

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясынын пандемиясы жаңы талаптарды, анын ичинде билим берүү чөйрөсүнө жаңы милдеттерди аныктагандыгын кошумчалады. Мындан улам санариптештирүү процессине өзгөчө көңүл бурууга дагы бир жолу чакырып өттү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер