ӨНӨРҮ БУЛАКТАЙ, БИЛИМИ ЧЫРАКТАЙ

  • 28.04.2023
  • 0

(Академик И.К. Ахунбаевдин уулу тууралуу кыскача баян)

Бишкек шаарынын борборуна көрк кошуп турган Дзержинский бульварында (азыркы Эркиндик проспектиси) 50-жылдары жаңыдан курулган үч кабаттуу заңгыраган көп батирлүү үйгө ошол кездеги республиканын белгилүү инсандары көчүп киришкен. Алардын арасында Кыргыз ССР илимдер академиясынын тунгуч президенти, СССР Жогорку Советинин (1946-1958-жж.) депутаты, 1948-жылы СССР медицина илимдер академиясынын корреспондент-мүчөлүгүнө кыргыз илимпоздорунан биринчи болуп шайланган, 1959-жылы 19-майда азыркы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен алгачкы болуп адамдын жүрөгүнө операция жасаган, көрүнүктүү хирург, профессор Иса Ахунбаевдин үй-бүлөсү дагы беш бөлмөлүү,  бардык шарттары бар батирге ээ болушкан.

Ал кезде Иса Ахунбаев менен өмүрлүк жары Бүбүкан беш балалуу болуп калган. Алардын эң улуусу Мустафа 1935-жылы 13-мартта жарык дүйнөгө келген.  Мустафа кичинесинен эле сезимтал болуп чоңоёт. Анын  ырга жана музыкага болгон шыгы эртелеп ойгонуп, эске тутуп калуу жөндөмдүүлүгү, ырдын тексттерин көркөм окуудагы артыкчылыктары мектепте окуп жүргөндө эле байкалган. Музыкадан берген мугалими анын ырга болгон  жөндөмдүүлүгүн байкап, ага өзгөчө мамиле жасачу. Ал мектептин салтанаттуу жыйындарында саясий ырларды көркөм окуп, хор кружогуна катышып, өзүнүн ырга болгон шыгын көрсөтө баштаган.

Мустафанын кыргыз маданиятына, тарыхына, каада-салтына болгон кызыгуусун калыптандырууда ошол мезгилдеги залкар комузчулар, артисттер жана илимпоздордун таасири чоң болгон. Анткени Исанын үйүнө мейманга тору-айгырлык жердештери: тунгуч драматург Молдогазы Токобаев, тарыхчы илимпоз, кийинки академик Сатар Ильясов, алгачкы илимпоз-геолог Абдылда Миңжылкыев, артист Абды Мүсүралиев, анын аялы Бакен Кыдыкеева, белгилүү комузчулар Карамолдо Орозов, Чалагыз Иманкулов, манасчы Саякбай Каралаев, ырчылар: Мыскал Өмүрканова, Муса Баетовдор келип, өз өнөрлөрүн көрсөтүп турушчу.

Ага өзгөчө Карамолдо Орозовдун комуз чертүү чеберчилиги,  Саякбай Каралаевдин манас айтуусу, Муса Баетовдун шаңдуу жана уккулуктуу созгон обондору катуу таасир берген. Жаш кезинен кыргыз музыкасынын башатында турган белгилүү чеберлер менен жакындан таанышып, алардын өнөрлөрүнө суктанып, залкарга таасирленип өскөн.

КЫРГЫЗ ОПЕРА ЖАНА БАЛЕТ ТЕАТРЫНДА

1961-жылы Мустафа Москвадагы П.И.Чайковский атындагы мамлекеттик консерваториясын ийгиликтүү аяктап, Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрына солист болуп кызматка орношот.  Жаш аткаруучу ошол кездеги опера жана балет театрында эмгектенип жүргөн белгилүү өнөрпоздор С.Кийизбаева, А.Куттубаев, Б.Бейшеналиева, Н.Түгөлов,  композиторлор М.Абдраев,  К.Молдобасанов, Н.Давлесов, дирижёр А.Жумахматов, сүрөтчү А.Арафьев,  режиссёр В.Васильевдер менен биргеликте чыгармачылыктын чөйрөсүнө кеңири аралашып, алардын адистик  тажрыйбаларын үйрөнгөн. Театрда ал режиссёр В.Васильев менен өтө ынак болуп, анын режиссёрдук  сырларын үйрөнүүгө кызыгат. Өзгөчө М.Мусоргскийдин  “Борис Годунов”, Д.Пуччининин,  ”Тоска”, Ш.Гунонун “Фауст”, С.Прокофьевдин “Ромео жана Джульетта” аттуу классикалык операларды көрөрмандарга тартуулоодо режиссёрдун  билими, таланты жана уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү канчалык керек экендигин Мустафа терең аңдап билет.

ТАЛАНТЫН АЧКАН СТУДЕНТТИК КҮНДӨР

Мустафа келечекте кайсы адистикти тандашы керектиги жөнүндө кеңешкенде, ата-энеси ага  врачтык кесиптин артыкчылыктарын көп айтышчу. Исанын  жакын тууганы, алгачкы илимпоз геолог Абдылда Миңжылкыевдин (опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин атасы) таасири менен Мустафа Москва шаарындагы М.В.Ломоносов атындагы мамлекеттик университеттин  геология факультетине тапшырат. Эки жыл окугандан кийин Мустафа өзүнүн  геолог адистигине кызыгуусу жок экендигин түшүнөт. Ал бош убактыларында Москва шаарындагы театрларга барып, белгилүү опера ырчыларынын  мукамдуу үндөрүнөн рахат алып, музыкага болгон кызыгуусу ого бетер күч алат. “Көңүлдөгү сырды жүрөк сезет” дегендей, Мустафа өз көңүлүнө жакын адистикти мыкты өздөштүрүү максатында дүйнөлүк маданияттын терең сырларын ачууну алдына максат катары коёт. Ата-энесине айтпастан,  1956-жылы Москвадагы П.И.Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын вокал бөлүмүнө  экзамен тапшырып,  сынактан өтүп кетет.

ЧОҢ ТЕАТРДАН ТАКШАЛГАН

Мустафа Ахунбаевдин такшалган режиссёр катары калыптанышына Ленинград (Санкт-Петербург) шаарындагы мамлекеттик консерваториянын опера жанрына режиссёрдук кесипке үйрөнүүсү чоң өбөлгө түзгөн. Мустафа күндүзү “Ленфильм“ кино студиясында болуп, кечкисин М.С.Киров (азыр Мария театры) атындагы  Ленинград шаарындагы мамлекеттик  академиялык  опера жана балет театрында коюлган операларды көрүп, залкар режиссёрлордун ыкмаларын үйрөндү. Исскуство чөйрөсүндөгү дүйнөгө атагы чыккан театр чеберлери болгон ырчылар, бийчилер, актёрлор, кинорежиссёрлор, композиторлор, музыканттар, театр сынчылары менен жакындан таанышып, алар менен бирге иштешти.

Ленинград шаарындагы  Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын элүү жылдыгына (1967-ж.) арналган театрлашкан оюн-зоокту уюштурууда башкы режиссёрдун жардамчысына Мустафанын дайындалышы чоң сыноонун бири  болду. Ал башкы режиссёрдун даярдык учурунда артисттер, композиторлор, сүрөтчүлөр менен жылуу мамиле түзүүсүн, ошол эле учурда темирдей тартипти оюн-зооктун башынан аягына чейин сактай алышын, маданияттын терең сырларын көрөрмандарга ачып берүү жөндөмдүүлүктүн болушунун зарыл экенин сезди.

Алгачкы сыноодон жакшы өткөн Мустафанын Ленинград шаарындагы С.М.Киров атындагы мамлекеттик опера жана балет театрына коюла турган  “Садко” операсын сахналаштырууга башкы режиссёрдун биринчи жардамчысы катары иштөө тапшырылган. Кийин “Ленфильм” тарабынан тартылган “Князь Игорь”  аттуу  кино тасмасында Овлурдун ролун мыкты аткарууга жетишти. Анын актёрдук жөндөмдүүлүгүн байкаган “Мосфильмдин” кино чеберлери  “Санников жери” кино тасмасына тартылууга чакырып, бир нече ролду ойноону сунуштаган.

Мустафа С.М.Киров атындагы мамлекеттик опера жана балет театрында режиссёрлук кесипти өздөштүрүүдө Союзга белгилүү, таланттуу режиссёрлор, дирижёрлор, композиторлор жана опера ырчылары менен жакындан таанышып, алар жараткан музыкаларды, аткарган ырларды жана арияларды, койгон операларды, балеттерди көрүп, өзүнүн чыгармачыл өнөрүн өркүндөтүүгө  зор мүмкүнчүлүк алган. Айрыкча режиссёрлор: Р.Тихомиров, О.Виноградов, В.Хабунек, башкы дирижёр, музыкант К. Семенов, композитор А.Петров опера ырчысы А.Киняев, В.Морозов, А.Пренчев,
Б.Штоконов, И.Богачова, Г.Ковалева жана Р.Волкова менен жакшы мамиледе болгон.

Мустафа бир эле мезгилде Москва шаарындагы мамлекеттик академиялык Чоң театрда жана Кремлдин концерттик залында өткөрүлгөн спектаклдерди коюп, режиссёрдук кызматты да аркалаган.  СССРдин гүлдөп турган мезгилинде маданияттын туу чокусу болгон Москва жана Ленинград шаарларындагы театрларда белгилүү советтик режиссёрлор, композиторлор, дирижёрлор, сүрөтчүлөр, артисттер менен биргеликте бир нече жыл эмгектенген Мустафа Ахунбаевдин чыгармачыл талантына кыргыз эли сыймыктанат.

РЕЖИССЁРДУК ИШМЕРДИГИ

М.Ахунбаевдин  Кыргыз опера жана балет театрындагы режиссёрдук аракети  орустун белгилүү жазуучусу Михаил Шолоховдун “Тынч Дон” аттуу романынын негизинде көрүнүктүү композитор Иван Дзержинский тарабынан даярдалган операны сахналаштыруу менен башталган. Бул опера анын дипломдук иши катары сыноодон өткөн. Мустафа өзүнүн алгачкы спектаклинде дондук казак орустардын мүнөздөрүн көрөрмандарга ачып берүүдө музыканын, драматургиянын эрежелерин сактап, артисттердин кыймыл-аракеттерин, хорго катышкан көпчүлүктүн ордун тактоодо өтө чеберчиликти көрсөтө алган. Жаш режиссёрдун бул спектакли Бүткүл Союздук конкурска катышып, биринчи даражадагы диплом менен белгиленген. Бул анын режиссёрдук кесиптеги алгачкы жеңиши эле.

1979-жылы белгилүү композитор Джузеппе Верди тарабынан музыкалаштырылган  “Дон Карлос” операсы кыргыз академиялык опера жана балет  театрынын сахнасында Мустафа Ахунбаевдин башкы режиссёрлугу аркылуу  көрөрмандарга тартууланган. Бул чыгарманы сахналаштырууда анын Ленинград жана Москва шаарларындагы көрүнүктүү режиссёрлордон алган терең таалими, акыл-дарамети, жөндөмү толук байкалган.  Натыйжада кыргыз маданияты  дүйнөлүк опера чыгармаларын кыргыз көрөрмандарына жогорку деңгээлде даярдай алган  опера жанрындагы таланттуу режиссёрго ээ болгон.

Мустафанын режиссёрдук таланты дүйнөлүк классикалык опералардын мыктылары деп эсептелген А.Бойтонун  “Мефистофель”; Дж.Вердинин “Дон Карлос”; орус композиторлору П.И.Чайковскийдин “Евгений Онегин” жана “Иоланта” А.П.Петровдун “Петр I”; кыргызтандык композиторлор А.Малдыбаев, В.А.Власов,  В.Ференин “Алтын кыз”, “Ажал ордуна”, “Манас”, “Токтогул”;  Н.Давлесовдун “Курманбек” жана “Аста секин колукту”,  К.Молдобасановдун “Саманчынын жолу”, С.Осмоновдун “Сепил”, Э.Жумабаевдин “Ак кеме” чыгармаларын сахналаштырууда ал өзүнүн чыныгы чыгармачылык шыгын  көрсөткөн.

М.Ахунбаевдин режиссёрдук чеберчилиги  менен Москва, Ленинград, Киев, Минск, Ташкент, Алматы жана Фрунзедеги опера жана балет театрларында 25ке жакын опералык спектаклдерди көрөрмандарга тартуулаган. Анын музыканын көп түрдүү сырларын ача алган тубаса жөндөмү режиссёрдук дараметине шык берип турган. Ал дүйнөгө атагы чыккан опера ырчысы, СССРдин эл артисти Болот Миңжылкыев, ошондой эле ушул наамдын ээлери болушкан белгилүү артисттер Артык Мырзабаев, Кайыргүл Сартпаева, Токтоналы Сейталиев, Хусейин Мухтаров Мустафанын койгон ар бир спектаклинде чоң ийгиликтерди жаратуучулардан болушкан. Мустафа өзү тарбиялаган жаш артисттер К.Турапов, Г.Ахунбаева, А.Алиева, Л.Маслова, Т.Касымалиев, К.Орузбаев, Д.Хаджибеков, Т.Жакшылыков, Э.Нурмамбетова, С.Чоткараева, У.Полотов, Д.Жалгасынова, Э.Касымов, Э.Асанкулова,  С.Алмазбеков, В.Бессеребренников ж.б. анын негизги таянычтары катары тынбай эмгектенип келишти.

Ал көптөгөн жылдар бою Фрунзе шаарындагы опера жана балет театрында  башкы режиссёр болуп, бир нече дүйнөлүк классикалык  спектаклдерди сахнага алып чыккан. Бирок анын таланты, чыгармачылык шыгын ошол кездеги жетекчилер тарабынан татыктуу баага арзыбай келе берди. Ал 1975-жылы Кыргызстандын Ленин комсомол сыйлыгына, 1978-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка, 1984-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамына көрсөтүлүп, бирок, колдоо таппагандыктан, ошол сыйлыктарга ар кандай себептер менен ээ боло алган эмес.

Кийин чыгармачыл топтун атайын кайрылуусу менен 1976-жылы Мустафа Ахунбаев Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер деген наамга татыса, 1992-жылы “Кыргыз Республикасынын эл артисти” деген жогорку  ардактуу наамды алган. Кеч болсо дагы таланттуу режиссёрдун эмгеги мамлекет тарабынан колдоо тапкан. Мустафа Ахунбаев 1970-1990-жылдары кыргыз опера жана балет театрынын режиссёру, башкы режиссёр болуп эмгектенген. Таланттуу режиссёр кайрат-күчүн, жаштыгын, чыгармачылык эргүүсүн кыргыз операсынын өнүгүүсү үчүн ак дилинен арнаган, өз кесибин сүйгөн адис болгон. Улуттук маданияттын бийик деңгээлге көтөрүлүшүнө өз салымын кошкон профессионал режиссёр Мустафа агайыбыз кыргыз элинин эсинде дайыма сакталат.

Асан Ормушев, тарых илимдеринин  доктору, профессор, “Тору-Айгыр”  коомдук  бирикмесинин төрагасы

Бөлүшүү

Комментарийлер