ӨНӨКТӨШТҮК СЕМИНАРЫ

  • 24.12.2020
  • 0

24-декабрда №69 ОТКГда «Туруктуу мектептердин тармагын түзүү менен туруктуу жашоо образын стимулдаштыруу» Улуттук демилгесинин алкагында Туруктуу мектептерди издөөнүн глобалдык мектептеринин ишмердүүлүгү боюнча  отчеттук семинар болот.

Демилге азыркы учурда дүйнөнүн тогуз өлкөсүндө: Түштүк Африка, Уганда, Намибия, Филиппин, Вьетнам, Камбоджа, Кыргыз Республикасы, Суринам, Бразилия  SLE 10YFP программасынын концепциясына ылайык жүзөгө ашырылып жатат.

Туруктуу мектептерди глобалдык издөө туруктуу өнүгүүнүн идеяларын жана принциптерин, туруктуу керектөө жана өндүрүштү жайылтууга, туруктуу өнүгүү үчүн билим берүүгө, ошондой эле башталгыч жана орто мектептер менен баштапкы кесиптик билим берүү мекемелеринин деңгээлинде жашыл ой жүгүртүүсүн калыптандырууга багытталган. Демилге КР КТЧКТЧ Мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, билим берүү мекемелери ж.б. менен биргеликте ишке ашууда.

Кыргыз Республикасында Туруктуу мектептерди глобалдык издөө ишмердүүлүгү экологиялык билим берүү жана туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү жаатындагы мурунку иштерге негизделип, мектептер арасында өткөн сынак аркылуу  жеңүүчү мектептер менен бирге алар  инфраструктуралык өзгөрүүлөрдү киргизүү үчүн техникалык жана консультативдик жардам алышты. Буга катар, окутуу материалдарын иштеп чыгуу аркылуу мугалимдердин жана окуучулардын жоопкерчиликтүү керектөө принцибин, туруктуу жашоо образын интеграциялоо жана ички потенциалын чыңдоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Туруктуу жашоо образын жайылтуу максатында жана маалымдуулукту жогорулатуу үчүн окуучулар,  мугалимдер, жергиликтүү жамаат үчүн иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Биринчи этапта мектептердин арасында сынак жана маалымдоо кампаниясын өткөрүү үчүн мектептерди тандоонун улуттук критерийлери иштелип чыкты.

Экинчи этапта республиканын мектептеринин арасында туруктуу жашоо образын мектептин күнүмдүк иш-планына жана жергиликтүү жамааттардын турмушуна жайылтуу боюнча өз сунуштамаларын жана иш пландарын берүү боюнча сынак өткөрүлдү. Үчүнчү этапта, пилоттук ишке ашыруунун мыкты пландары бар мектептерди тандоо жүргүзүлдү.

Учурда мектеп пландарын иш жүзүндө аткаруу үчүн төртүнчү этап ишке ашырылып жатат.

Демилге билим берүү мекемелеринин өз мектептериндеги билим берүү саясаты аркылуу экологиялык ой жүгүртүүнү жана аны интеграциялоо мүмкүнчүлүгүн өркүндөтүү пландаштырылган. Бул үчүн мугалимдер жана окуучулар өздөрүнүн мектептеринде экологиялык билим берүүнү жайылтууга салым кошушат, ошондой эле туруктуу керектөө жана өндүрүшкө дал келген тажрыйбаларды жана жүрүм-турумду көрсөтүшөт.

Улуттук демилгенин натыйжасында туруктуулук маселелери мектепти башкаруу планына киргизилет, мектептерде туруктуулуктун принциптерин эксперттик топ тарабынан иштелип чыккан окуу-методикалык куралдардын негизинде жүргүзүлүп, окуу процессинде колдонулат. Бул мектептердеги экологиялык билим берүүнүн сапатына таасирин тийгизип, окуучулардын экологиялык көйгөйлөрдү баалоо, ошондой эле аларды туруктуу өндүрүш жана керектөө позициясынан ар кандай деңгээлде чечүүгө катыша алышат.

Туруктуу мектептер үчүн глобалдык издөө демилгесинин негизги себеби дүйнөлүк калктын санынын, керектөөчүлөрдүн өсүшү, климаттын өзгөрүшү, биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушу ж.б. болуп эсептелет.

Семинардын жүрүшүндө жеңишке жетишкен мектептердин иш пландарын ишке ашыруу боюнча жыйынтыктары жана жетишкендиктери көрсөтүлөт.

Кошумча маалыматтар жана суроолор боюнча төмөндөгү даректерге кайрылсаңыздар болот:

0 555 334421, 0 703 334421 –Жылдыз Кадыркуловна Дуйшенова (долбоордун координатору)

0 555920173, 0 705920173 – Калиман Кенешбековна Джунушалиева (долбоордун билим берүү боюнча адиси)

0555 464873, 0 704 464873 –Сайрагүл Токтосуновна Атаева (директор-ОТКГ №69)

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер