ӨНҮГҮҮГӨ ӨБӨЛГӨ БОЛГОН АЯЛЗАТ

  • 02.03.2023
  • 0

ӨНҮГҮҮГӨ ӨБӨЛГӨ БОЛГОН АЯЛЗАТ

Патилла Умаралиева ойлогонун тартынбай айткан, ачык айрым мүнөзү бар, ар дайым шайыр жүргөн, көздөрү жаркырап турган жарык маанай,  тыкылдаган чыйрак мүнөзү бар аялзаты.  Ошондуктан ал 15 жылдан бери Кадамжай районундагы  Абсамат Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу чек арага жакын жайгашкан өзгөчө статуска ээ Какыр айылында айыл башчы болуп эмгектенип келе жатат. Көп улуттуу Какыр айылы чек арага жакын жайгашкандыктан жашоочулардын коопсуздугун сактоо үчүн үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Көчөлөрдү оңдоодо калктуу пунктарды тартипке келтирүү, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жүргүзүп, жаңыча иштеп, жаңы салттарды жайылтуу боюнча аракеттерди жүргүзүүдө. Патилла Умаралиева терең теориясы, демилгечилдиги, уюштуруучулук жөндөмү, ишке болгон принципиалдуу мамилеси менен өзгөчө сапаттарга ээ. Аялдар арасында жумушсуздукту азайтуу, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытында “Аялзат ишкердүүлүгү – өнүгүүгө өбөлгө” деген теманы астында түшүндүрүү иштерин жүргүзү келет. Жыйынтыгында жетекчилери аялдардан болгон бир канча иш орундары ачылып,   Абсамат Масалиев айыл аймагында  азыркы учурда элдерге кызмат көрсөтүлүп келе жатат.

Эл биримдигин, ынтымагын чыңдоо маселеси көп улуттуу райондун аймагында башкы приоритет катары эсептелгендиктен, макаланын каарманы  этностук топтордун арасында ар түрдүү форматтагы иш-чараларды ар дайым уюштуруп келет. Айылдын инфраструктурасынын өнүгүшүнө чоң салымын кошуп, Т.Исмаилов атындагы орто мектебинин,  “Жаш балапан”  балдар бакчасынын иштешине, Какыр айылында элди таза суу менен камсыз кылууда, айылдын көчөлөрүн жарыктандырууда, көчөлөргө шагыл төшөп тегиздөөдө айылдын элин уюштуруп, өзгөчө жардамын кошту. Ошондой эле өзүнүн  эсебинен “Жаш балапан” балдар бакчасына сыналгы, Какыр 7 көчөсүнө зым карагай алып берди. Какыр айылындагы  калктын аз камсыз болгон катмарына, кыймыл-аракети чектелген балдар менен энелерге жардамдашуу жаатында нукура жаратмандык иштерди аткарып келет.

Ал ишиндеги жетишкен  ийгиликтери үчүн  “Өз алдынча башкаруу агенттигинин муниципалдык кызматынын мыктысы” төш белгиси менен сыйланган. Айыл аймакта, райондо өткөрүлүүчү ар кандай иш-чараларга жана коомдук иштерге активдүү катышып келе жатат. А.Масалиев айыл өкмөтүндөгү аялдар кеңешинин төрайымы. Өзүнүн аткарып жаткан кызматына жоопкерчилик менен мамиле жасайт.

Шарапат Эгембердиева

 

ӨНҮГҮҮГӨ ӨБӨЛГӨ БОЛГОН АЯЛЗАТ

Эмгеги менен элге жаккан Венера

Эмгеги элге жагып, калкына кадыры сиңип жашоо – баарына эле буюра бербеген бакыт. Ал эми андай сыйга татыган инсан болуу зор сыймык эмеспи. Жаштыгын пайдалуу  ишке арнап, элдин алкоосуна арзыган Узбекова Венера, Кадамжай району боюнча, ай сайын ишембилик уюштуруп келүүдө. “Билим кенч” жеке менчик мектебинде кол эмгек сабыгынын  мугалими болуп иштеп, район боюнча мектеп окуучулары арасында кол өнөрчүлүк боюнча «Мен баарын билем» аттуу сабактарды да үйрөтөт. Беш жылдан бери жаа өнөрүн Баткен облусунун жашоочуларына жайылтып, учурда республика чемпионаттарына көптөгөн окуучуларын алып барууда. Кадамжай шаарындагы аялдар арасында волейбол, чуркоо марафонун жана веломарафондорун өткөрүп келет. Мындан сырткары “Аруузат Айымдар” коомдук бирикмесинин активдүү мүчөсү. Былтыркы жылы  таяк тартыш федерациясынын башкы координатору болуп шайланып, “Ысык-Көл оюндарына” 18 спортчуну алып барып, жакшы ийгиликтерди багындырып келишкен. Жаа атуу боюнча республикалык чемпионатта өзүнүн даярдаган спортчулары менен биргеликте 4-орундун ээси болгон.  Каарманыбыз  “Кадамжай жардам” штабын түзүп, эл тарабынан чогулган акча каражатына Кадамжай ооруканасына 58 функционалдуу керебеттерди алып берген. Кадамжай районунун аймагындагы кыйналган үй-бүлөлөргө ар дайым жардам берип келет.

 Кундуз Исакова

ӨНҮГҮҮГӨ ӨБӨЛГӨ БОЛГОН АЯЛЗАТ

Илазат айым бактылуу үй-бүлөнүн куту

Илазат Абдурасулова Кадамжай районундагы  “Ак шоола” балдар бакчасын түптөп, жети жылдан бери жемиштүү жетектеп келе жатат. Өз билгенин бөлүшүүгө дайым даяр, улууларды урматтап, кичүүлөргө өрнөк болгон Илазат үчүн 2013-жыл бурулуш мезгилге айланды. Себеби ошол кездеги мектептин директору Кутпидин Абдурасуловдун долбоору менен мектептин өзүнчө жайгашкан беш бөлмөсү капиталдык оңдоодон өтүп, айылдагы жаңы балдар бакчасы ачылды. Ага “Ак шоола” деген жагымдуу ат коюлуп, директорлукка Илазат Абдубаитовна дайындалды. Балдар менен иштешүүнүн сырларын жакшы билген, мамлекеттин келечегин ойлогон педагог ошентип жетекчилик жоопкерчиликти тартып ар тараптан изденип, керектүү шарттарды түзүүгө күч-аракетин жумшады. Жигердүү эмгектенип жүрүп  “Эл агартуунун мыктысы” төш белгисин тагынды. Жамааты менен ынтымакта иштеп Баткен дубанынын бакчаларынын арасында экинчи орунду ээледи. Бир нече долбоорлорду жазып, изденип демөөрчүлөрдү таап, жергиликтүү бийлик башчыларынын назарын буруп бакчанын материалдык-техникалык базасын чыңдап алууга жетишти. “Ак шооланын” кем-карчын толуктоого Халмион айыл өкмөтү, “Баяман баатыр” базары, бакчанын камкорчулар коомдук бирикмеси, райондук санитардык-эпидемиялык көзөмөлдөө башкармалыгы, жергиликтүү маданият тармагынын ардагерлери жана кесиптеш тарбиячылар астейдил биргеликте иштешип, бакчаны алдыңкылардын катарына кошушту. Илазат Абдурасулованын жетишкендиктерине чакан эмгек жамаатындагы тарбиячылар Гүлдаста Аскарова, Назакат Буранова, Орозгүл Аманова, Кыймат Тойчиева, Үсөнали Абдималиков жана кызматкерлер Тойлукан Акматова, Шаарынса Момуналиева менен Абдимиталип Акимовдордун кошкон салымдары эбегейсиз чоң. Директордун таянганы ушул асыл адамдар. Аларсыз бийик  максаттардын жүзөгө ашышы кыйын эмеспи. Чакан кыштактагы үч жаштан алты жашка чейинки бөбөктөргө жетиштүү таалим-тарбия берүү максатында алдыга ачык-айкын пландар түзүлүп, заманбап техникалар менен зарыл жабдыктар колдонулуп келет. Мамат Юсупов атындагы мектеп менен кошо “Менин кирешелүү чарбам” долбооруна катышып, татынакай күнөскана менен жаңы даараткананы курушту. Ошондуктан, райондогу эң мыкты балдар бакчасы номинациясын жеңип алышты. Ал эми “Жайлоо балдар бакчасы” долбоорунун алкагында өлкөбүздө биринчи орунга чыгып, Илазат Абдубаитовна боордош Түркия мамлекетине барып тажрыйба алмашып келди. Кесипкөйлүк жана изденүү жолунан тайбаган жетекчи акырындап эл аралык деңгээлдеги байланышка чыга баштады. Нидерландиялык адис Alida Boessenkool атайын чакыруу менен бул бакчага келип “Оюндар аркылуу үйрөнүү” деген темада кызыктуу семинар өткөрүп кетти. Башчынын мындай демилгесин райондук билим берүү бөлүмүнүн башталгыч класстар жана балдар бакчалары боюнча усулчусу ар тараптан колдоп башкаларга да жайылтууну сунуштады. Тынымсыз кумурскадай эмгектенген педагогдун аракети ушинтип өз акыбетин берип жатат.Илазат айым учурда бактылуу үй-бүлөнүн куту. Ал бир кыз жана төрт уулдун бактылуу энеси. Перзенттерин да татыктуу тарбиялап эл арасында кадыр-баркы жогору. Буюрса ушундай педагогдордун асыл аракети менен өлкөбүз өнүгүп өсөт, Кыргызстаныбыздын келечеги кең болот деген изги тилектебиз.

             Мария Гапирова  

Бөлүшүү

Комментарийлер