“МЫКТЫ МУГАЛИМ” МУГАЛИМДЕРДИН ЧЕБЕРЧИЛИГИН АРТТЫРАТ

  • 03.02.2023
  • 0

Жаңыдан уюшулган «“Мыкты мугалим” билим берүү-усулдук борбору» коомдук фонду өз ишин баштады. Бул фонд – мектеп билим берүү тармагындагы түрдүү демилгелерди колдоо жана Кыргызстандын улуттук билим берүү системасын өнүктүрүүгө салым кошуу максатында түзүлгөн.

“МЫКТЫ МУГАЛИМ” МУГАЛИМДЕРДИН ЧЕБЕРЧИЛИГИН АРТТЫРАТ

 Мыкты мугалим» КФ ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары:

• предметтик мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу;

• билим берүү тармагында алдыңкы ата мекендик жана чет өлкөлүк эксперттерди тартуу менен өлкөнүн аймактарында маалыматтык-методикалык семинарларды уюштуруу жана өткөрүү;

• мектеп окуучуларын окутуунун инновациялык ыкмаларын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү;

• басып чыгаруу демилгелерин колдоо;

• окутуунун жаңы ыкмаларын жана окуу материалдарын жайылтуу ж. б.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту менен “Мыкты мугалим” Коомдук фондунун ортосунда кошумча кесиптик педагогикалык билим берүүнү ишке ашыруу боюнча кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду. Келишим мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык, билим берүү системасын өркүндөтүүгө, технологияларды жана окутуунун мазмунун жаңылоого (модернизациялоого) багытталган. Кызматташтык окутууну уюштуруу жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу менен тыгыз байланыштуу жүрөт.

Айнура Асаналиева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер