МЫКТЫ МЕТОДИКАЛЫК ИШТЕЛМЕ ДЕП ТАБЫЛДЫ

  • 26.12.2023
  • 0

И.Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы колледждин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нуркалый Жайыловдун “Манас” үчилтигинин негизинде текст түрүндө иштелип чыккан методикалык иштелмеси университеттин 2023-жылдагы “Мыкты методикалык иштелмеси” деп табылды.

МЫКТЫ МЕТОДИКАЛЫК ИШТЕЛМЕ ДЕП ТАБЫЛДЫ

Автордун мамлекеттик тилде даярдаган иштелмеси манасчы Саякбай Каралаевдин вариантындагы “Манас” эпосунун негизинде тест түрүндө түзүлгөн. Тесттин биринчи бөлүмүндө “Манас” эпосуна арналган 217 суроо, экинчи бөлүмүндө “Семетей” боюнча түзүлгөн 180 суроо жана үчүнчүсүндө “Сейтек” эпосу камтылган 116 суроо бар.

“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун камтыган тесттик суроолордо Манас баатырдын төрөлгөнүнөн акыркы күнүнө чейинки өмүрү жана ошондой эле уулу Семетей жана небереси Сейтектин өмүр таржымалдары хронологиялык өнүгүү түрүндө берилген. Мында студенттер эпикалык окуялар кандай башталып, кандай аяктаары тууралуу толук маалыматты берилген суроолорго жооптордон улам ала алышат.

МЫКТЫ МЕТОДИКАЛЫК ИШТЕЛМЕ ДЕП ТАБЫЛДЫМЫКТЫ МЕТОДИКАЛЫК ИШТЕЛМЕ ДЕП ТАБЫЛДЫ

— “Чындыгында кээ бир студенттер үчүн ыр түрүндө жазылган эпостун маани-маңызын тереңирээк түшүнүү татаал болушу ыктымал. Анда ошондой эле кийинки муундар колдонбой, архаизмге айланган сөздөр да бар болгондуктан, аларды баары эле түшүнө бербейт. Мен студенттер үчүн иштеп чыккан ушул тест “Манас” эпосунун мазмунун толук түшүнүүгө жардам берет деп ишенем”, — дейт Нуркалый Сагынбаевич.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер