МЫКТЫ МЕКТЕПТИ ТАНДОО ЖОБОСУ

  • 09.02.2024
  • 0

МЫКТЫ МЕКТЕПТИ ТАНДОО ЖОБОСУ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин

Кыргыз Республикасынын мыкты мектебин тандоо жөнүндө

БУЙРУГУ

01.02.2024-жыл, №156/1

Кыргыз Республикасынын мыкты мектептеринин алдыңкы иш тажрыйбасынын үлгүлөрүн, мыкты билим берүү жана башкаруу көндүмдөрүн коомчулукка жана кызыкдар жалпы билим берүү уюмдарынын арасында жайылтуу максатында буйрук кылам:

  1. “Кыргыз Республикасынын мыкты мектеби” тандоосунун тартиби жөнүндө Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Бишкек шаардык билим берүү департаментинин, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, облустук билим берүү институттарынын, усулдук билим берүү борборлорунун, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери:

— “Кыргыз Республикасынын мыкты мектеби” тандоосунун тартиби жөнүндө Жобону жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жеткирүүнү камсыздасын жана аткарууга алсын.

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгы (А.Жапаров) Маалыматтык саясат бөлүмү (Г.Уметалиева) менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мыкты мектептерин тандоо боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүп, алардын ийгиликтеринин үлгүлөрүн (видеопрезентацияларын) социалдык тармактарга жана билим берүү ресурстарына жайылтуу боюнча иш алып барышсын.
  2. Кыргыз Билим берүү академиясы (Н.Дюшеева) мыкты мектептердин мугалимдери тарабынан иштелип чыккан усулдук колдонмолорун рецензиялоодон өткөрүү боюнча тиешелүү иш алып
    барсын.
  3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгына
    (А.Жапаров) жүктөлсүн.

Министрдин

орун басары М.У.Касымалиев

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин

2024-жылдын 01.02, №156/1 буйругуна ылайык

“Кыргыз Республикасынын мыкты мектеби” тандоосунун тартиби жөнүндө

ЖОБО

1-глава.
Жалпы жоболор

  1. Бул Жобо “Кыргыз Республикасынын мыкты мектеби” республикалык тандоосунун (мындан ары – тандоо) өткөрүү тартибин аныктайт, тандоонун форматын, регламентин, тандоого катышкан жалпы билим берүү уюмдарына, калыстар тобунун курамына талаптарды, материалдарды берүү тартибин жана мөөнөттөрүн, тандоонун мыктысын аныктоо тартибин аныктайт.
  2. Тандоого катышкан мыкты мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдары новатордук ыкмаларын, жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерин, анын ичинде электрондук билим берүү ресурстарын колдонууда ийгиликтүү тажрыйбасы бар, профилдик жана автордук программаларды ишке ашырган, инсанга багытталган окутууну өздөштүргөндүктөрү тууралуу маалымат алмашууга багытталган.
  3. Тандоонун негизги принциптери болуп жол-жоболордун айкындуулугу, ачыктыгы жана ага катышкан бардык мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу саналат.
  4. Тандоо Кыргыз Республикасында ар жылдык болуп эсептелет жана анын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги болуп саналат жана башка кызыкдар уюмдардын катышуусу менен жүргүзүлөт.

2-глава.
Тандоонун максаттары жана милдеттери

  1. Тандоо мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын алдыңкы иш тажрыйбасынын үлгүлөрүн, мыкты билим берүү жана башкаруу көндүмдөрүн региондо жайгашкан мектептерге жеткирүү жана жайылтуу, мектеп жамааттарынын арасында өз ара иш алып барууну, тажрыйба алмашууну өнүктүрүү, мугалимдердин чыгармачыл ишмердүүлүктөрүн активдештирүү, колдоо, үлгү болуучу жалпы билим берүү уюмдарын, мугалимдер коллективин өтөө, белгилөө, окуучулардын билим жана тарбия сапатын жогорулатуу максатында өткөрүлөт.
  2. Тандоонун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) жалпы билим берүүчү уюмдарынын ишин активдештирүү, өз ара кызматташтыкты жогорулатуу жана тажрыйба алмашууну жайылтуу;

2) мектеп жетекчилерин жана мугалимдерин актуалдуу социалдык-экономикалык проблемаларын чечүүгө тартуу, аймактар менен өз ара иштешүү жолу менен онлайн-вебинар: тренинг, мастер-класс, онлайн-сабактарды өткөрүү аркылуу катышуучулардын алган тажрыйбаларынын жыйынтыгын бекемдөө;

3) жаңы дайындалган жетекчилерге жана жаш кадрларга жардам берүү жана алардын профессионалдык багытта өсүшүнө түрткү берүү, болочоктогу мыкты адисти калыптандыруу, командада-жамаатта иштей билүүсүн өнүктүрүү.

3-глава.
Тандоону өткөрүү этаптары жана
мөөнөттөрү

  1. Тандоо жыл сайын өткөрүлөт жана төмөнкү этаптардан турат:

1) биринчи этап – райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү, башкармалыктар мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон бештен ашпаган жалпы билим берүү уюмдарынын тизмесин камдап, уюштуруучу тарапка жыл сайын 1-мартка чейин жөнөтөт;

2) экинчи этап – уюштуруучу тарабынан мыкты мектептердин тизмеси жана темасы буйрук менен бекитилип, кайрадан райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү, башкармалыктарына 10-мартка чейин түшүрүлөт;

3) үчүнчү этап – уюштуруучу тарабынан бекитилген тизмеге жана темасына ылайык, ар бир жалпы билим берүү уюмдары тандоонун форматына ылайык видеопрезентацияларын социалдык тармактарга 10-апрелге чейин жүктөйт;

4) төртүнчү этап – социалдык тармактарга жүктөлгөн видеопрезентациялардын мыкты комментарийлерге жана эң жогору сүймөнчүлүккө ээ болгон он мыкты мектептердин тизмеси уюштуруучу тарабынан калыстар тобуна 15-майга чейин өткөрүлүп берилет;

5) бешинчи этап – финалдык этап. Калыстар тобу баалоо критерийлерине ылайык Кыргыз Республикасынын мыкты мектебин 25-майга аныктайт.

4-глава.
Тандоонун катышуучулары

  1. Тандоого мурдагы жылдары жеңүүчү болуп аныкталбаган жана окуучулардын саны үч жүздөн кем эмес жалпы билим берүү уюмдары катыша алат:

1) мыкты мектеп аталышына талапкерлер болуп район, шаар жана облус боюнча мыкты жетишкендиктерге ээ болгон мектеп;

2) билим сапаты жогору жана билим берүү кызматын өнүктүрүүдө, жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерди, анын ичинде электрондук билим берүү ресурстарын колдонууда ийгиликтүү тажрыйбасы бар мектеп;

3) профилдик жана автордук программаларды ишке ашырган, инсанга багытталган окутууну өздөштүргөн, техникалык, эстетикалык ж.б. ийримдерди ийгиликтүү уюштурган мектеп.

5-глава.
Тандоону өткөрүү форматы жана критерийлери

  1. Республиканын аймагындагы райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү, башкармалыктары төмөнкү критерийлерге ээ болгон жалпы билим берүү уюмдарынын (ондон ашпаган) тизмесин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жиберет:

1) өзгөчөлүгү (уникалдуулугу), инфраструктурасы менен айырмаланган;

2) ийгиликтери жана жетишкендиктери бар мектептер (ЖРТ жыйынтыктары боюнча “Алтын сертификат”, “Алтын тамга” күбөлүгүнүн ээлери, Улуттук жана Республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, мыкты мугалим ж.б. конкурстардын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү)

3) өзгөчө ыкмаларды колдонуу менен өткөрүлүүчү сабактардын жыйнактары бар мектептер;

4) материалдык-техникалык базасы күчтүү мектептер (интерактивдүү технологиялар, лаборатория ж.б.);

5) мектептен тышкаркы билим алуусу (спорт багытында, Эл аралык олимпиаданын, сынактардын, долбоорлордун катышуучулары, сүрөтчү, ырчы ж.б.);

6) ата-энелер менен тыгыз байланышта иштеген мектептер;

7) долбоорлор жана демөөрчүлөр менен тыгыз иштеген мектептер ж.б.у.с.

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин уюштуруу комитети республиканын аймагындагы райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү, башкармалыктары тарабынан жөнөтүлгөн тизмелерди бекитип, тандоого катышып жаткан жалпы билим берүү уюмдарына жалпы багыттагы теманы аныктап, тандоого катышып жаткан ар бир жалпы билим берүү уюмдун жетекчиси менен кайрадан кайтарым байланыш түзөт жана кайсы социалдык тармактарга жүктөө боюнча маалыматты аныктап берет
  2. Тандоого катышып жаткан жалпы билим берүү уюмдары 10-марттан 10-апрелге чейин өзүнүн мектеби тууралуу видеопрезентацияларын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин уюштуруу комитети тарабынан аныкталган социалдык барактарга жүктөйт.
  3. Жыл сайын 15-майда чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин уюштуруу комитети эң жогорку сүймөнчүлүккө ээ болгон, мактоого арзыган он мектептин тизмесин калыстар тобуна өткөрүп берет.
  4. Калыстар тобу 25-майга чейин ушул Жобонун 9-пунктунда белгиленген критерийлер боюнча баалоо жүргүзүп, Кыргыз Республикасынын мыкты мектебин аныктайт.

6-глава.
Калыстар тобунун
курамы

  1. Тандоонун финалдык этабын жыйынтыктоо калыстар тобу тарабынан жүргүзүлөт. Жыл сайын тандоонун төртүнчү этабына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан тогуздан кем эмес калыстар тобунун курамы бекитилет. Калыстар тобуна көз карандысыз эксперттер, илимий кызматкерлер, студенттер ж.б. кызыкдар мамлекеттик органдардын кызматкерлери (макулдашуу менен) кирет. Калыстар тобу уюштуруучу тарабынан берилген он мектептин арасынан баалоо критерийлерине ылайык мыктысын тандап
    берет.

Калыстар тобунун мүчөлөрү жана уюштуруучулары тандоонун жыйынтыгы расмий жарыяланганга чейин кандайдыр бир маалыматтарды жайылтууга укугу жок жана тандоого добуш берүүнүн сырын сактоого милдеттүү.

Калыстар тобунун корутундулары купуя маалымат болуп саналат жана ачыкка чыгарылууга тийиш эмес.

7-глава.
Уюштуруу комитети

  1. Мыкты мектепти тандоону уюштурууга жана өткөрүүгө түзүлгөн уюштуруу комитети жана жооптуу кызматкер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жыл сайын 1-мартка чейин бекитилет. Уюштуруу комитети жана жооптуу кызматкер уюштурууну жана өткөрүүнү камсыздайт жана төмөнкү укуктарга ээ:

1) мыкты мектепти тандоо иш-чараларын уюштурууга жана өткөрүүгө тиешелүү эксперттерди тартуу;

2) тандоонун иш-чараларын уюштурууга жана өткөрүүгө өнөктөштөрдү жана демөөрчүлөрдү тартуу;

3) тийиштүү учурда жумушчу топ түзүүгө;

4) тандоонун баалоо критерийлерине толуктоо жана өзгөртүү киргизүүгө (проткол менен бекитип).

5) долбоорлор менен иш алып баруу.

8-глава.
Тандоонун жеңүүчүсүн жана катышуучуларын сыйлоо

  1. Тандоонун катышуучуларын жана жеңүүчүсүн сыйлоо уюштуруу комитети тарабынан бекитилген аянтчаларда салтанаттуу иш-чаралардын алкагында өткөрүлөт. Тандоого катышкан бардык жалпы билим берүү уюмдарынын эмгек жамаатына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алкыш каты берилет. Ал эми тандоонун төртүнчү этабына чыккан мектептерге Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, демөөрчүлөр тарабынан сыйлуу белектер жана мактоо баракчалары берилет. Кыргыз Республикасынын мыкты мектеби болуп аныкталган жалпы билим берүү уюмунун бир кабинети заманбап үлгүдөгү технологиялары менен
    жабдыкталат.

Каржылоосу

“Кыргыз Республикасынын мыкты мектеби” тандоосуна катышкан жалпы билим берүү уюмдарын сыйлоо жана уюштуруу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жана демөөрчүлөр тарабынан каржыланат.

Байланыш маалыматтары:

 Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын

байланыш телефондору:

(0312) 62-04-77;

(0555) 80-95-45

[email protected]

Бөлүшүү

Комментарийлер