МЫКТЫ ДЕРЕКТИРЛЕРДИ КАНТИП ТАНДАЙБЫЗ?

  • 30.08.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен 5 жылдан ашуун мезгил мектепте деректир болуп иштегендер бошотулуп, бош орундарга атайын конкурс аркылуу дайындоо демилгеси колго алынды. Бул жаӊы кадам ийгиликтүү болушу үчүн лидер мугалимдерди өстүрүүнүн кандай мүмкүнчүлүктөрү бар? Кара-Кулжадагы автордук мектептин негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиӊирген мугалим Орозали САЙДИЛКАНОВ менен ушул темада аӊгемелештик эле.

 

– Деректирлерди тандоо үчүн тесттен тышкары дагы кандай ыкмаларды колдонсо болот?

– Мамлекеттик деңгээлде мектеп жетекчилерине көңүл бурулуп жатканы жакшы. Анткени деректирдин ишмердигине көп нерселер түздөн түз байланыштуу. Мен демократиялык баалуулуктарды туу туткан инсан, педагог катары бул жагынан педагогикалык жамааттын өзүнө тандоо эркиндиги берилишин каалар элем. Ал үчүн ошол талапкерлер өздөрү “Мен эңсеген (же келечектеги) мектеп” деген темада эссе-долбоор түзүп, мектеп жамаатынын алдында коргосо жакшы болмок.

Мектеп жамааты дегенде негизинен мугалимдер, ата-энелер жана окуучулардын биримдигин түшүнөбүз. Мугалимдердин саны канча болсо, ата-энелерден, жогорку класс окуучуларынан дагы ошончо өкүл тандалса дейм. Анткени мектеп деректиринин эң башкы иши – жамаатты уюштура билүү, бир идеяга баш коштуруу. Жамааттын ар бир мүчөсүн билип, баарлаша билүү, кызматташа билүү өзгөчө зарыл.

Мектеп деректири мугалимдерге кесиптик чеберчилиги боюнча өрнөк болууга тийиш. Тандоо механизмине кошумча иретинде педагогика, психология, дидактика, башкаруу чеберчилиги, санитардык-гигиеналык талаптары боюнча тест алса болот. 3-4 жыл мурун Финляндия мамлекетине барып келдик. Ал жакта жыл сайын көз карандысыз байкоочулар мектептин ишмердигине мониторинг жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча айыл өкмөтүнөн баштап, аймактар, облустар, республика боюнча мектептердин рейтингин чыгарышат. Ошол рейтингге карап бала бакчаларды, мектептерди ата-энелер өздөрү айыл өкмөтүндө, райондо ваучердик система менен тандап алышат. Кайсы мектепте билим сапаты эки жыл катары менен төмөн болсо, деректиринин орду дароо бошотулуп, башка талапкер тандалат экен. Мен дал ушундай жол менен тандоого өтсөк дейм.

– Мектептеги лидерликти кантип калыптандыруу керек? Мисалы, деректир башка жакка которулса, убактылуу иштей албай калса ж.б. учурларда анын жоктугу анча сезилбеши керек да, туурабы?

– Мектеп деректири өзү лидерлик көндүмдөрүн өркүндөтүүгө дайыма умтулуп, башка мугалимдердин да демилгечил болушуна шарт түзүшү зарыл. Ал ар бир мугалим эмнеге жөндөмдүү, кандай өзгөчөлөнгөн шыгы, таланты бар, жамаатка таасири кандай, чөйрөсүндөгү мамиле түзгөн адамдары кимдер, адамдарга карата мамилеси, бедели, кадыр-баркы кандай – ушулардын баарын деректир билиши кажет.

Биздин мектепте негизинен жекече жана айырмалап иштөөгө көңүл бурганбыз. Жогорку чеберчиликтеги устат, ар тараптан ийгиликке жетишкен, мугалимдердин тобу менен өзүнчө иштечүбүз. Жогорку чеберчиликтеги жаңычыл, дайыма изилдөө, изденүү долбоорлору менен иштеген мугалимдер менен өзүнчө, кесипкөй, педагогикалык тажрыйбасы бай мугалимдер менен өзүнчө, жардамга муктаж жаш мугалимдердин тобу менен өзүнчө иш жүргүзчүбүз. Ар бир топтун өз лидери болот, ал уюштуруучулук көндүмдөрүн өнүктүрө берет. Бирикмелердин башчылыгына да адистик чеберчилигине жамааттагы, иши менен сөзүнүн шайкештигине, жалпы беделине карап тандачубуз.

Ар бир мугалим канчалык өзүнүн бүткүл дареметин мектептин өнүгүшүнө жумшаса, дилгирлик менен иштесе, жамаат ошончолук күчтүү болот.

Жамааттын күчтүүлүгү анын уюштуруучулук, интеллектуалдык, эмоционалдык, идеялык биримдигине байланыштуу. Эгерде ушундай жалпылыктар түзүлсө, демек ал чыгармачыл жамаат болот. Тилекке каршы, кадыр-баркы жогору кызматкерлерге ордумду алдырып ийемби деген кооптонуп, аларды колдоонун ордуна каршылаш кылып алгандар көп кездешет.

– Башкаруудагы кризистин негизги себеби жетекчи “Ак кемедеги” Орозкулга окшош өкүмчүл болгон, катардагы кызматкерлер анын ар бир айтканына дароо көнүп турган системада десек болобу?

– Авторитардык башкаруу, өзүңүз айткандай, Орозкулга окшоп, бардык байлыкка, бийликке жалгыз өзү ээмин деп эсептейт. Ошондуктан ал карамагындагыларды дайыма басмырлап турат. Чечимдин баарын жеке өзү кабыл алат. Бул шартта адилетсиздик, зулумдук күчөп кетет. Ушунун кесепетинен биздин өлкөбүздө өзүнүн көз карашы жок, сынчыл ой жүгүртө албаган, ишенчээк, башкаруучунун гана буйругун аткарган, ээрчиме адамдардын катмары пайда болду. Бул абдан коркунучтуу. Мына азыр ошонун жемиштерин өлкөбүздө көрүп жатабыз.

Биз бул стилдеги башкаруудан мүмкүн болушунча тезирээк баш тартып, демократиялык нукка өтүшүбүз керек. Бул нукта демилгеге, чыгармачылыкка, өз алдынчалыкка, эркиндикке жол ачылат. Мугалимдердин эмгеги акыйкат бааланат. Дайыма кесиптештер бир-биринин пикирин угуп, кеңешип турушат. Мына ушундай мектептерде жетекчи жокто дагы иш натыйжалуу улана берет.

– Мамлекеттеги башкаруу стили ойдогудай болбосо, мектептин чегинде чыныгы демократиялык мамилелерди түзүү, чыныгы жарандык коомду курууга, татыктуу жаран болууга даярдап өстүрүү мүмкүнбү?

– Горбачёвдун тушундагы – кайра куруу доорундагы – ачык-айкындуулук демократия, андан кийин А. Акаевдин бийлигинин биринчи жылдары демократиялык зор демилгелер биздин мектептин жетекчилигине, алар аркылуу келечек муунга таасир этти. Кыргызстанда алгачкы альтернативдүү мектептер жаралды. Ошонун шарапаты менен мен дагы 1998-жылы автордук мектеп негиздедим.

Мамлекетти башкаруу стили мектепке өтө чоӊ таасир этет. Бирок эгер ал ойдогудай болбосо, чыныгы демократиялык мамилелерди түзүү, балдардын эркин жоопкерчиликтүү, чыныгы жарандык коомду курууга, татыктуу жаран болууга даярдап өстүрүү өтө кыйын.

3-4 жыл мурун Финляндияга барганда алардын демократиялык жашоосун, балдардын жүрүш-турушун, кулк-мүнөзүн, дүйнөгө болгон көз карашын, сабактагы өз алдынчалыгын, чыгармачыл иштерин, бири-бири менен баарлашуу эркиндигин көрүп өзгөчө таасирлендим. Биз дагы эӊ зарыл баалуулуктардын катарында демократияга таянышыбыз керек. Мугалим өз алдынча болбосо, окуучу да өз алдынча иш кыла албай, көз каранды болуп өсөт. Эгерде мугалимде эркин тандоо мүмкүнчүлүгү болбосо, окуучуда да болбойт. Экинчи баалуулук – мугалимдин чыгармачылыгы. Эгер мугалим чыгармачыл болбосо, окуучу да чыгармачыл боло албайт.

Мамлекеттеги башкаруу стили мектепке чоӊ таасир этет. Мектептеги дилгир, демилгечил маанай балдардын инсан катары жакшы жетилишине өбөлгө түзөт. Башкаруудагы кризиске “плакаттык педагогикадан” калган көрүнүштөр да себепчи болот. Мисалы, “Жылдын мугалими (мектеби)” конкурсу чыныгы жаратман устаттарды таап чыгууга өбөлгө түзбөй келет.

Мугалимдердин көз карашы окуучуларга таасир этет. Чындыгында мамлекеттеги башкаруу системасы, андагы бийлик өкүлдөрү, жалпы коомчулук үлгү болбосо, мектептин чегинде демократиялык мамилени түзүү кыйын. Бирок үмүт деген улуу иш, үмүттөнүп аракеттене беришибиз кажет. Мен Кыргызстан өнүккөн, гүлдөгөн өлкөнү демократиялык баалуулуктар аркылуу гана түзөрүнө ишенемин.

Үмүт үзбөй аракеттене беришибиз керек. Мен санаалаш мугалимдер менен биргеликте руху улуттук гумандуу жана демократиялык баалуулуктарга сугарылган, Кыргызстанда жашаганына сыймыктанган, жалпы адамзатын сыйлоону ыйык тутунган, акылман, адамгерчиликтүү, эмгекчил, ийгиликтүү, активдүү инсандарды калыптандыруу максатында ачкан мектеп 22 жылдан бери үзүрлүү иштеп келе жатат.

Бардык атуулдардан, мугалимдерден жаңычыл кадамдардан тартынбай, өлкөбүздүн өнүгүшүнө түрткү боло турган жакшы саамалыктарды баштай бериӊиздер деп суранамын.

– Үй-бүлөсүндө кагып-силкүү, атүгүл таяк менен “тарбияланып” жаткан балдар көп. “Таякка сүйөнүп калган” баланы жакшы сөз менен тарбиялоого болбойт дегендер өтө көп биздин коомдо. Буга сиз эмне дээр элеңиз?

– Тилекке каршы, андай балдар бардык мектептерде кездешет. Биздин мектепте да бар. Мен мектеп деректири болуп иштеп жүргөнүмдө күн сайын мектепке эрте келип, балдардын маанайын көрүп, тосуп алар элем. Муну мен Сухомлинскийден өрнөк катары алганмын. Ошондо көптөгөн балдардын маанайынын чөгүп келгенин көрүп, боорум ооручу.

Мугалимдеримден балдардын мектепке келгендеги маанайына өзгөчө көңүл бургула деп суранчумун. Капаланып келген балдарга сабакта этият мамиле жасап, алардын пикирин, оюн укканга аракет кылгыла дечүмүн. Алардын жан дүйнөсүн жабыркатпагыла деп суранар элем. Айрыкча капалуу балдарды бөлмөмө чакырып алып, жекече сүйлөшүп, маңдайынан жыттап койсом, көздөрүнөн кубанычтын учкуну учуп жоодурап калышаар эле. Күнүгө сабакка келе жатышканда чуркап келип беттерин тосушчу.

“Таякка сүйөнүп калган” балдардын жүрөгүндө кайгы муң, таш боордуктун уусу сакталат. Биз ошол жүрөктөгү ууну мээрим менен гана жок кылабыз. Мен мугалимдериме дайыма эрдик кылгыла, ошол балдарды жыттагыла, сүйгүлө, бооруңарга кыскыла дечүмүн. Бул жол аркылуу биз көптөгөн жамандыктардын алдын алган болобуз. Мунун башка дабасы жок.

Элдик педагогикада деле “Жыланды ак чачып кетирген”, “Жакшы сөз жан эргитет” деген накыл сөздөр бар. Кыргызда өзгөчө мүнөздөгү терс сапаттарды оң таасирлер менен жеңүү керектигин далилдеген көп мисалдар бар. Бала эмнеге муктаж болсо, ошол муктаждыкты аткаруу менен анын көңүлүн алсак болот. Үй бүлөдө таяк жеген балдар сүйүүгө, мээримге муктаж. Аны сүйүү гана жүрөгүн дарылайт. Боорукерлик, мээримдүүлүк, сүйүү, аларды түшүнүү, ишеним менен гана тарбиялаганга аракет кылуу шарт. Бул ыкма менин педагогикалык тажрыйбамда абдан чоң натыйжа берген.

Ата-энелер менен да жекече иш жүргүзүү керек. Үй-бүлөлөрдү төмөнкүдөй типтерге бөлүштүрүүгө болот:

  1. Кызматташ үй-бүлөнүн ата-энеси бардык ишти баланын дилин, ой-пикирин эске алуу менен уюштурат.
  2. Үстөмдүк кылуучу үй-бүлөдө баланын ой-пикири, дили менен ата-эне эсептешпейт. Баары биз айткандай болот деп санашат. Ата-эне урат, кагып-силкет, жумуштарды буйрук менен аткартат.
  3. Ашыкча эркелеткен үй-бүлөдө ата-энелер балдарын бардык талабын аткарып, оюндагыдай боло берет. Бул дагы балага терс таасир тийгизет.
  4. Эки жаат үй-бүлөлөрдө атасы бирди айтса, апасы экинчисин айтат, бала арасат абалда калып, инсандык өсүп-жетилүүдөн өксүйт.
  5. Кайдыгер үй-бүлөдө балдар эптеп чоңойсо, бир киши болот дешет.
  6. Коогалуу үй-бүлөдө атасы же энеси аракка, чыр-чатакка жакын.
  7. Социалдык жактан коргоого муктаж үй-бүлө: жарым, тоголок жетим, мигранттардын балдары.

Ар бир үй-бүлөнүн тибине карата педагогикалык окууларды, жолугушууларды өткөрүп, зарылдыгына жараша жекече консультация берүү аркылуу биз баланын өксүгүн жоюуга жетишебиз. Дагы бир жолу баса белгилегим келип турат: биз баладагы таш боордуктун, мыкаачылыктын уусун, жүрөгүндөгү жараны бир гана мугалимдин сүйүүсү, мээрими менен гана айыктырабыз.

– Бизде элиталык эмес, финдердикиндей ЭЛДИК, б.а улуттук, бүткүл өлкөлүк деңгээлдеги мектептер болсун. Анда депутат, министр ж.б “чоңдордун” балдары карапайым элдин балдары менен бирдей шартта, сапаттуу билим, таалим алсын. Ушул мүдөөнү жүзөгө ашыруу үчүн ишти эмнеден баштоо керек деп ойлойсуз?

– Финляндияда билим берүүдө бардык балдар бирдей шартта, бирдей мүмкүнчүлүктө жашап, билим алууга тийиш деген башкы принцип сакталат. Ошого байланыштуу алар балдарды зээндүү, зээнсиз деп бөлүшпөйт. Бардык балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзүүнү мамлекет башкы максат деп билет. Бардык мектептер бир типтүү. Гимназия, лицей аталышындагы мектептер жокко эсе экен. Техникалык, материалдык камсыздоо деӊгээли да бирдей.

Ал эми биздин республикада инновациялык деп 100 мектепке материалдык-техникалык, адам ресурстары: кадр, мугалим курамы боюнча дагы өзгөчө макам берип, мугалимдеринин эмгек акысына дагы кошумча киргизилди. Бирок айрым райондордо бул тизмекке кирген мектептер өзүн актай алган жок.

Окуучулардын баары социалдык теңдик шартында билим алса, балдардын арасында өйдөсүнүү же кемсинүү сезими болбойт. Биз социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылышыбыз керек.

Маектешкен Жолдош Турдубаев.

Фото: http://ruhesh.kg/ky/category/show/news/2581/orozali-saydilkanovdun-akil-kazinasinan-i

Бөлүшүү

Комментарийлер