МЕТОДИКАЛЫК СУНУШТАР: АДЕП САБАГЫ, ТАБИЯТ ТААНУУ, САБАКТАН ТЫШКАРКЫ ИШМЕРДИК, МУЗЫКА, ТЕХНОЛОГИЯ, КӨРКӨМ ӨНӨР

  • 18.08.2019
  • 0

Адеп сабагын окутуу 

1. Адеп предметинин максаты, орду жана өзгөчөлүгү.

Коомдун рухий өнүгүүсү ар убак анын адептик жана рухий-ыймандык парасатынын даражасы менен өлчөнүп келген.Адам акылын, билимин өстүрүп, ал эми анын адебин, ыйманын өнүктүрбөй туруп, аны ар тараптан шайкеш өнүккөн инсан кылып жетилтүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, бул маселе үй-бүлөдөн тартып мамлекеттик деңгээлге чейин ар убак алардын көңүл борборунда болууга тийиш.

Коом турмушунда орун алган социалдык-экономикалык көйгөйлөр билим берүү тармагына өз таасирин тийгизүүдө. Ар түрдүү укук бузуулардын, рэкетчилик, зордук-зомбулук, уурулук, алдамчылык, сыяктуу терс көрүнүштөр мектеп чөйрөсүндө орун алып, окуучу жаштардын рухий-ыймандык дөөлөттөргө, адептик жүрүм-турум нормаларына текебер мамиле жасоосу улам өөрчүп баратышы коомдогу адептик-ыймандык кризистин тереңдеп бараткандыгына далил болуп калат.

Ошондуктан бүгүнкү мектептерде окутулуп жаткан адеп предметинин негизги максаты – бүгүнкү окуучунун жүрүм–турум маданиятын калыптандыруу аркылуу  эртеңки ата–энелердин рухий-адептик түшүнүктөрүн жөнгө салып, келечекте жалпы эле коомдук адептик маданиятты көтөрүүдө турат. Себеби бүгүнкү мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн бардыгы биз каалагандай бир кесиптин ээси болбойт. Тескерисинче, мамлекеттин ячейкасы болгон үй-бүлө мүчөсүнүн башчысы ата-эне болушат. Ошондуктан элдик педагогикага негизделген бул предметтин мазмундук өзөгүн этнопедагогикалык терең ой, асыл-нарктар менен бирге илимий педагогиканын бай тажрыйбалары түзөт.

Адеп предмети негизинен 2003-2004 жылдан бери республиканын окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн бардык орто мектептеринде окутулуп келет.

Адеп сабагы кыргыз Республикасынын Алкактык улуттук  Куррикулумунда аныкталгандай, «социалдык билимдер» тармагына кирет жана ал окуучулардын ушул багытта талап кылынган базалык билгичтиктерин (компетенттүүлүгүн) калыптандырат. Адеп сабагынын башка предметтерден бөтөнчөлүгү, окуучунун өзүн аңдап билүүгө, көтөрүмдүү, сабырдуу мамиле сапаттарын өнүктүрүү менен бирге турмушка болгон көз караштарын туура калыптандырууга жана ар дайым өз ордун таанып билип, ата мурасын, эли-жеринин улуу баалуулуктарын сактоо менен башкаларга туура мамиле жасай билүүгө тарбиялоодон турат.

Адеп сабагын окутууда өтүлө турган ар бир теманын максат-милдеттерине, өзөктүк багытына жана өзгөчөлүгүнө жараша окутуунун технологияларын пайдаланууну мугалим өзү тандап алышы ыңгайлуу болот. Анда  негизинен педагогикалык төрт процессти – инсанды окутуу, тарбиялоо, өнүктүрүү жана калыптандыруу процесстерин эске алуу менен иш жүргүзүү зарыл. Б.а. сабактын максатына ылайык усулдук ыкмаларды колдонуу.

Этнопедагог, окумуштуу С.Иптаров адептик билим берүүнүн методдорун эки топко бөлүп карайт: мектеп окуучуларынын адептик аң-сезимин калыптоочу усулдар, буга этикалык аңгемелешүү, сабак-талкуу, лекция, басма сөз материалдарын, адабий чыгармаларды талкуулоо жана мектеп окуучуларынын турмушун уюштуруу усулдары, буга оюн, көнүктүрүү, машыктыруу, жатыктыруу, мелдеш, тапшырма берүү ж.б. кирет.

– Мугалимдин ар бир сабагында берилген адептик түшүнүк окуучунун ынанымын жаратышы зарыл. Мына ушундай жол менен калыптанган ынаным бекем эркти, туруктуу мүнөздү калыптандырат.

– Адептик эреже-жоболор, мисалга алынган фактылар окуучунун ой жорумун өстүрүп, дээриндеги ыймандык шыбаганы ойготкондой болушу керек.

–     Адептик билимдерди элестүү, ишенимдүү, далилдүү, берүү менен окуучуну ой жүгүртүүгө түртүү. Бул багытта окутуунун интерактивдүү методдорун колдонууга болот.

– Окуучунун ойлонуп окуу, эске сактап угуу жөндөмүн калыптандыруу.

– Текст менен иштөө аркылуу чыгармачыл ойломду өнүктүрүү. Мында жазуу иштери – дилбаян, эссе, баяндама, ийгилик артынан ийгилик күндөлүгүн толтурууга болот.

– Окутуу процессинин бардык учурунда ата-энелерди өз балдарынын адептик билимин турмушка айкалыштырып туруусуна көзөмөл жүргүзүп, өзү да көмөктөшүп, жол көрсөтүп турууга чакыруу.

– Окутуунун интерактивдүү стратегияларын колдонуу. Дебат, талкуу, дискуссия уюштуруу, акыл чабуулу, ролдуу оюндар, чыгармачылык отчет,  сабак-сынак, сабак-талкуу, сахна-сабак, сабак-баарлашуу, сабак-таймаш, пресс конференция, тегерек үстөл, сынчыл ой жүгүртүүчү суроо-жооп сабагын уюштуруу өңдүү ыкмаларды кеңири колдонууга болот.

  1. «Адеп сабагын» окутуунун жаңы багыттары жана талаптары.

Арийне, сабактын сапатын заманбап талаптардын чегинде өркүндөтүү үчүн мугалим окутуу тарбиялоого байланыштуу жаңы көз караштар, моделдердин табиятын терең аңдап билиши шарт. Ушундан улам биз окутуу чөйрөсүндөгү салттуу жана  жаңы көз караштарды салыштыруунун  негизинде  заманбап үлгүлөрдүн өзгөчөлүктөрүнө, милдеттерине учкай токтоло кетүүнү эп көрдүк.

Окутуунун жаңы парадигмалары жөнүндө сөз кылганда эрксизден эсибизге «инсанга багытталган окутуу» термини келет. Ырасында эле аталган окутуу модели коомдук педагогикалык аң сезимге салттуу окутуу технологияларын кемчиликтерден арылтуунун амалы катары белгилүү. Инсанга багытталган билим берүү ар бир бала кайталангыс табиятка ээ,  индивидуалдуу адам деген ишенимге негизделет. Мында класс окуучулары «коллективдүү субъект» эмес, ар бири өзүнчө мамилени талап кылган айрымалуу жеке инсандар катары кабылданат. Анын маани-маңызы окуучунун инсандыгын урматтоо же класста жагымдуу эмоционалдык кырдаалдарды түзүү деген түшүнүктөр менен эле чектелбейт. Мындай элементтер салттуу педагогикага деле мүнөздүү болгон. Инсанга багытталган  окутуу окуучу  билим берүү процессинин борбору, мугалим жана окуучу тең укуктуу партнер, окутуу ишинин максаты окуучунун субъективдүү тажрыйбасын кубаттоо, жаратуу, өнүктүрүү деген сыяктуу түшүнүктөр менен мүнөздөлөт. Мугалим окуучунун ар биринин пикирине урмат менен мамиле кылат. Сабакты пландаштырууда окуу материалынын мазмунун гана талдабастан, ал аркылуу окуучунун субъективдүү тажрыйбасын өнүктүрүүнү кандайча уюштуруу керектигин да  тыкыр ойлонуштурат.

Инсанга багытталган окутуунун теориялык жана практикалык бир топ тарыхы жана бир нече башка аталыштары бар.Алардын ар биринин артында окутуу жана тарбиялоого карата белгилүү бир көз караш жатат: бул гуманисттик педагогика эркин тарбиялоодо (АКШ, Европа 70-жылдары хх-к) кызматташуу педагогикасы (СССРде 80-жылдары хх-к.) Советтик психолог Л.С.Выгодский инсанды өзү башка адамдар менен карым-катнашта жана ишмердүүлүктө калыптандыруу менен ушул ишмердүүлүктүн жана карым-катыштын мүнөзүн аныктай тургандыгын караган. Америкалык педагог Д.Дьюи: “Мугалим же мектеп предмети эмес, бала – окутуу процессинин борбору” деп ырастайт. Гуманисттик психолог К.Роджерс окуучудан өзүнүн табигый ресурстарын, акыл жана жүрөгүн, умтулуусун, инсандыгын, өнүктүрүүгө жөндөмдүү, тандоо жасоого, чечим кабыл алууга жана ага жоопкерчилигин алууга, окуу жана башка ишмердүүлүк процессинде жеке өзүнүн баалуулуктарын иштеп чыгууга жөндөмдүү инсанды көрөт.

1) Инсанга багытталган окутуу биринчи кезекте баланын инсандык тажрыйбасынын негизине таянат. Мына ошондо мугалим баланын даярдыгынын деңгээлин так билиши керек.Антпесе зарыл натыйжага жетишүү мүмкүн эмес да, балдарды ушундай жол менен окутууда алардын ар биринин жөндөмдүүлүгүнүн деңгээлин эсепке албаса инсанга багытталган окутуу жөнүндө сөз кылууга да мүмкүн эмес.

2) Чоң адамдардын милдети: баланын жаңы нерселерди таанууга болгон умтулуусун колдоо, аны ар тараптан өнүктүрүү. Мындан тышкары педагогдор балага ал биле элек таанып билүү ыкмаларын жана стратегияларын көрсөтүш керек. Мына ушул жөндөмдүүлүктөргө жана көндүмдөргө ээ болуу менен гана бала мектеп программасында каралган окуу материалдарын ийгиликтүү өздөштүрө алат. Антпесе, окутуу бардык балдар жактырбаган жөнөкөй эле «жаттоо»менен гана жүрөт.

3) Салттуу түрдө окуучу билимди бир гана сырттан-мугалимден, окуу китебинен ж.б. алат деп эсептелет. Ошондуктан, салттуу билим берүү  милдеттүү түрдө ошол аталган  билимди берүүнү камтыйт. Инсанга багытталган ыкма башкача түзүлөт, анткени ал билимди окуучу  өзү түптөшү керек деп эсептейт, б.а. билим ага даярды жаттоо түрүндө берилбейт, ал түптөлөт, казып алынат, өзүнүн ишмердүүлүгү аркылуу кеңейет.

Окутууну инсанга багыттап түшүнүү билим берүүнү анын курамындагы билим жана тажрыйбаны механикалык түрдө«өткөрүп берүүнү» танат. Билим, билгичтик жана көндүмдөр – өткөрүп берүүгө боло турган буюм-предмет эмес. Алар окуучунун жигердүүлүнүн натыйжасында, анын жеке ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө калыптанат. Билимдин калыптанышы жигердүү психикалык процесс болуп эсептелет, билим дайыма инсандык, ал тургай кандайдыр бир деңгээлде кайталангыс мүнөзгө ээ. Бул адам өзү ага маани берип, интеллектуалдык күч-аракет жумшап, уюштуруп, түзгөн  конструкция (Д. Халперн).

Окуучу билим берүү процессинин борборунда болуу менен окутуунун  субъектиси болуп калат. Окуучунун субъективдүүлүгү эки учурда көрүнөт. Биринчиден, окуучу педагогикалык таасирлердин объектиси болуудан калып, өзүнө энчиленген кайталангыс субъекттик тажрыйбалары бар инсан катары каралат. Экинчиден, окуучу мектепке келер замат анын субъекттик тажрыйбасы менен жаңы илимий билимдердин  «жолугушуусу»жүрөт. Окуу материалдарындагы илимий маалыматтарды бала өзүнүн субъекттик тажрыйбасы аркылуу «өткөрүп», аны жекече билимге айландырат. Ал эми мектептин милдети – маанисиз  катары  эсептеп баланын тажрыйбасын четке какпастан, тескерисинче аны ачыкка чыгаруу, максималдуу  пайдалануу жана байытуу.

  1. Адеп сабагын башка предметтер менен байланыштырып окутуу

Предметтердеги түшүнүктөр бири-бири менен байланышып тураары илимдеги мыйзам  ченемдүү  көрүнүш. Себеби, “Адеп” сабагын башка предметтер менен айкалыштыруу менен, мисалы: табият, мекен таануу, биология, география   адабият, тил, тарых, музыка ж.б. байланыштырып окутуу аркылуу жалпы  адептик  нормалары  калыптанат. Эгерде география сабагында жер-суу, Ата Журт тууралуу темалар анын географиялык өзгөчөлүктөрүнө, ээлеген ордуна, камтыган чегине, алган багытына, жаткан кен-байлыгына, жердин мезгил-шартына байланыштуу окутулса, мекен таануу предметинде ал  темалар анын пайда болушу, түзүлүшү, көркү, сулуулугу жана башка жаратылыштын мыйзам ченемдери тууралуу окутулуп, ага карата мекенчилдик сезимдерин ойготуу милдети каралган. Ошондой эле адабият, тил предметтери, макал-лакаптар, көркөм сөздөрдүн эң маанилүү  жана активдүү кеңири колдонуусу менен айырмаланат.

Академик А.А.Измайлов белгилегендей 590 кыргыз макал-лакаптарын талдаганда анын 410у адеп-ахлахтык сабак болорлук мааниде экендигин көрсөтөт.    Макал-лакаптар, көркөм  сөздөр, элдин, адам жөнүндө, адамдык жекече сапаттарды калыптандыруу, адеп-ахлахтык, эмгектик, дене жана эстетикалык тарбия жөнүндөгү көз караштарды туюнтуучу ойлонулган сунуштардын бүтүндөй комплексин камтыса, ал эми музыка предмети  аң-сезимге таасир этип, сезим, толгонуу аркылуу тарбиялайт.

Адеп сабагында бул предметтерди айкалыштыруу  аркылуу окуучунун билимин байытуу менен ага карата мамиле маданиятын калыптандырууга, камкордук, боорукердик, мекенчилдик жана  көркөм, бай дөөлөттөр менен сыймыктануу сезимдерин ойготууга басым жасалат жана сабактын мазмундук максатында ата-журт, жер-сууга карата окуучунун жагымдуү көз карашын пайда кылуу, суктануу сезимдерин ойготуу аркылуу ага карата ички жан дүйнөсүн аруулоого, өз мекенин сүйүүгө, жана аны өмүр бою баалап жашоого үйрөтүү милдети жатат.  Окуучунун жер-сууга, ата-журтка карата кылдат, аяр, камкор мамилесин, боорукердик, көтөрүмдүүлүк, чыдамкайлык өңдүү туруктуу сапаттарын калыптандыруу предметти окутуудагы  негизги максат болушу шарт.

  1. Адеп сабагынан окуучу кандай натыйжага ээ болуусу зарыл?

Окуучу бул предмет аркылуу негизги компетенттүүлүккө ээ болууга жетишет.Компетенттүүлүк түшүнүгү 60-70-жылдарда батышта пайда болсо,1980-жылдардын аягында ата мекендик адабияттарда пайда болгон.

Компетенттүүлүк терминин латын тилинен которгондо соmpetete – «ээ болуу, туура келуу, шайкеш келүү» деген сөзүнөн алынган.

Бул парадигма окуучунун билими менен турмушка даярдыгынын ортосундагы айырмачылыктарды азайтуу ниети менен жаралган.

Арийне бул компетенциянын максаты билимге негизделген окутуунун баркын төмөндөтүү деп бир жактуу түшүнүүгө болбойт. Илимий билимдердин системасына ээ кылбаган мектепти мектеп катары элестетүүгө болбойт.Окутуунун компетенттүүлүк модели деле билимге негизделет. Бирок,мында билимдүүлүк бир топ башкача критерийлер менен чечмеленет. Бул моделге ылайык окутуунун башкы натыйжасы керек учурда кайталап айтып берүүгө негизделген илимий маалыматтар эмес, окуучунун аларды жашоо турмушта колдоно билүү тажрыйбасы.

Тактап айтканда, адеп предметин окутуунун жыйынтыгында окуучулар адептик жалпы түшүнүктөргө,адептик эреже жоболорун анын булактарын, адептик көөнөргүс мурастарды,элдик педагогиканын адептик өрнөктүү тажрыйбаларын, адептик түшүнүктөрдүн аныктамаларын жана адептик маалыматтарды окуп-үйрөнүү ыкмалары ж.б жөнүндөгү маалыматтарга ээ болот.Мындан сырткары жогоруда, компетенттүүлүк боюнча мисал келтиргендей,  окуучулар алган билимдерин күнүмдүк турмушта башкалар менен бөлүшө билүү, башка бирөөнүн адептик билимин баалай билүү, о.э. адептик билимдердин маани маңызын чечмелей билүү жөндөмүн калыптандырат. Ушуну менен бирге эле окуучулар  өзүн-өзү сын көз менен кароого, кетирген каталык, кемчилдиктерин өз мойнуна алып, өз убагында оңдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Окуучуларда бул компетент-түүлүктөрдү калыптандыруу үчүн мугалимдерде дагы төмөндөгүдөй предметтик компетенттүүлүккө ээ болуусу аркылуу иш жүзүнө ашат.

Адеп сабагы мугалиминин адистик, адамдык жана атуулдук бейнесинин биримдиги.

Мугалимдин жекече өрнөгү, анын коомдук жана кесиптик жигери, турмуштук туткан позициясы – эң негизги талаптардан болуп саналат.

Адеп сабактарын окутуу боюнча мугалимдин кесиптик-педагогикалык даярдыгы анын жалпы адистик билимин, инсандык адептик маданий байманасын түптөп, калыптоого тикеден-тике тиешеси бар этика, психология, этнопедагогика, эне тил, адабият, тарых сыяктуу көп кырдуу билимдерден куралат. Бул сабактарды алып баруучу мугалимдин инсандык сапаттарына, кесиптик билимине жана практикалык даярдыгына коюлуучу талаптарды моралдык-психологиялык, илимий-теориялык жана практикалык жактан төмөндөгүдөй бөлүштүрүүгө болот:

1.Моралдык-психологиялык компетенттүүлүк төмөндөгүлөрдү өз ичине камтыйт:

– Улуттун этникалык нарк-насилин сактоонун шарты катары абалтан окутуп- өркүндөп келген элдик өрнөктүү каада-салт, үрп-адат, ырасым-жөрөлгөлөрдү урматтоо жана барктоо, аларды өзүнүн жашоо-турмушунун эреже-мыйзамына айландыруу, бул жагдайда башкаларга өрнөк болуу;

– Элдик адептик жана рухий-ыймандык нарк-дөөлөттөрдү сактоого, окуп-үйрөнүүгө, иликтеп-изилдөөгө жана жайылтууга ынтызар болуу, бул жагынан ар түрдүү коомдук, мамлекеттик, жергиликтүү  жана жамааттык уюмдарга дилгирлик менен кол кабыш кылуу;

– Жаш муундардын этномаданий, этнопедагогикалык, этнопсихологиялык насилин камсыз кылуу, аларды элдик маданияттын чыныгы мураскери, коргоочусу жана өнүктүрүүчүсү катары тарбиялоо зарылдыгына бекем ынануу жана бул багыттагы өзүнүн педагогдук, атуулдук парзын жана милдеттерин ачык-айкын туюндуруу;

– Элдик адептик жана маданий дөөлөттөрдү тынымсыз өнүгүү абалында түшүнүү жана ушуга байланыштуу өзүнүн педагогикалык ишмердүүлүгүндө эски менен жаңынын элементтерин дайыма терең талдап, кылдат эске алууга умтулуу ж.б.

  1. Мугалимдин илимий-теориялык компетенттүүлүгүнө төмөндөгүлөр кирет:

– Коом, билим берүү системасы демократиялык, гуманисттик нукка бурулуп, улуттук мектептин жаңыча моделин иштеп чыгуу талабы курч коюлуп турган шартта таалим-тарбия ишин уюштуруунун теориялык-методологиялык негиздерин жеткилең билүү;

– Этикалык, этнопедагогикалык, этнопсихологиялык, этномаданиятка таандык түйүндүү түшүнүктөрдүн, туюнтмалардын, категориялардын маанисин, адептик- ыймандык көтөргөн жүгүн терең түшүнүп, туура чечмелей билүү;

– Элдин жашоо-турмушу, улуттун кулк-мунөзү, жигер-дымагы, менталдык- психологиялык сапаттары, диний түшүнүктөрү, дуйнөгө болгон көз карашы, тарыхый-маданий тажрыйбасы, адептик-этикалык салттары жөнүндө ар тараптуу, кеңири илимий маалыматка ээ болуу;

– Адептик билим берүү боюнча окуу программаларынын, окуу китептеринин адам, эл, маданият таанытуучулук,  турмушка даярдоочулук, эмоционалдык-идеялык ж.б. мүмкүнчүлүктөрүн терең түшүнүп, туура талдай билүү;

– Күндөлүк турмушта кенири колдонулуп келе жаткан каада-салттардын, урп-адат, ырасым-жөрөлгөлөрдүн, түшүнүктөрдүн дурус-буруш жактарын илимий негизде туура андап, айырмалап түшүнө жана түшүндүрө билүү;

Адептик билим берүү боюнча сабактарга керектүү окуу материалдарын, көмөкчү каражаттарды тандап алуунун принциптерин, талаптарын, критерийлерин так билүү ж.б.

  1. Мугалимдин практикалык компетенттүүлүгүнө төмөндөгүдөй талаптар коюлат:

– Адеп сабактарынын программалык материалдарынын мазмунун илимий-методикалык өңүттөн талдап, жергиликтүү шартка ылайыктап, чыгармачылык менен өркүндөтүп байыта билүү;

Адеп  сабагын  окутуунун  заманбап, үзүрлүү стратегияларын, методдорун жана  технологияларын  ийкемдүү, натыйжалуу  колдоно билүү;

Адептик  таалим  тарбия берүү  боюнча  класстан  жана  мектептен  тышкаркы  таасирдүү  мазмундуу,  иш-чараларды уюштуруп,  жетектей билүү;

Окуучулар, ата-энелер, педагогдор чөйрөсүн иликтеп, алардын оң жана терс таасирлерин  талдап,   аларга ылайык иш-чараларды пландаштырып, жүзөгө ашыра билүү;

Жаны окуу жылында адеп предметин окуу багытында 1-класстан 4-класска чейин кошумча маалыматтарды төмөнкү электрондук сайттан алсаңыздар болот.

ornok.emektep.info bilim.akipress.org ›

Кыдыралиева А.Р.,

ППСББ каф. м.а., ага окутуучусу.

Табият таануу 

2019-жылдагы мугалимдердин август кенешмесинин темасы “Кыргызстандын билим берүү  мейкиндигин аймактардын талаптарына жана санариптештирүүнүн милдеттерине жараша өнүктүрүү ” деп аталат. Бул маселени талкуулоого карата өзүнчө жалпы сунуштар берилет. Анда кайсы гана аймакта болбосун билим берүүнүн жеткиликтү үлүгү  жана бирдейлиги; билим берүүнүн мазмунунун колдонмолук маселелерин аныктоодо аймактардын өзгөчөлүгүн эске алуу; мугалимдердин контингентин түзүүдө алардын өз предметин жана аны окутуунун методикасын билгенине гана эмес берилген аймактын өзгөчөлүгүн билгендигине да көнүл буруу; окуучулардын практикалык компетенцияларын калыптандыруу максатында жергиликүү материалдарды колдонуу (мисалы, шамалдын, суунун, күндүн энергияларын пайдалануу); окуучуларды патриоттук жана интернационалдык духта тарбиялоо үчүн ошол аймакта жашаган элдердин материалдык жана моралдык баалуулуктарын эске алуу; өлкөнү  жана аталган аймакты санариптештирүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик программанын негизинде компьютердик жана маалыматтык технологияларды жемиштү ү  пайдалануу ж.б.

5-класстын табият таануусу боюнча окуу-мегодикалык комплекси – окуу программасы, окуу китеби, мугалимдер үчүн колдонмо, окуучулардын жумушчу дептери түзүлүп, 2018-2019-окуу жылында мектептерге сунушталган. Окуу китебиндеги айрым бир кетирилген кемчиликтер оңдолуп, Министрликтин сайтына жүктөлгөн. Ошол маалыматтар менен кабардар болууңуздарды өтүнөбүз.

5-класста Табият таануу предметин окутуу жандуу жана жансыз жаратылыштын көп түрдүүлүгүн, табигый дүйнөдө жана тирүү  организмдерде жүрүүчү  кубулуштардын мыйзам ченемдүүлүгүн түшүндүрүү , окуучулардын дүйнөгө болгон илимий көз караштарын калыптандыруунун алгачкы пайдубалын түзүү  максатын көздөйт.

Эгерде табият таануу предметин окутуунун тийиштү ү  милдеттери туура аткарылса, анда төмөнкүдөй натыйжалар алынат:

  • Табият таануу предметин окуп-үйрөнүүдө окуучулар жаратылыш объектилерин, физикалык, химиялык, биологиялык кубулуштарды байкап, аларды бири-биринен айырмалай алат, айлана чөйрөдө жүрүп жаткан процесстердин мыйзам ченемдүүлүктөрүн түшүнө алат. Белгилүү бир деңгээлде практикалык, лабораториялык жумуштарды аткаруу билгичтиктерине жана көндүмдөрүнө ээ болот;
  • окуучулар Табият таануу предметин окуп үйрөнүүдөн алган табигый-илимий билимдерин биология, география, физика жана химия предметтерин окуп үйрөнүүдө колдоно алат, табигый илимдердин жетишкендиктерине байланыштуу болгон коркунучтуу экологиялык жана этикалык кесепеттер боюнча өзүнүн көз карашын калыптандырат жана аргументтерди келтире алат;
  • окуучулар жаратылыштын бирдиктүүлүгү , бир бүтүндүгү жана таанып-билүүгө мүмкүндүгү  жөнүндөгү  принципти карманат, туруктуу өнүгүү  принцибин, коопсуз жашоо образын түшүнөт. Жашоо-тиричилик коопсуздугун камсыздоо, ден соолукту сактоо, энергияны үнөмдөө жана айлана-чөйрөнү  коргоо үчүн табигый-илимий билимдерин күндөлүк турмушта колдонот.

Эгерде муглимдердин август кеңешмесинде табият таануу мугалимдеринин секциясы өзүнчө уюшулуп калса төмөнкү  маселелерге атайын көңүл бурууну сунуш кылабыз.

  1. Табигый билим берү ү мейкиндигин түзүүдө мектеп жайгашкан аймактагы жандуу жана жансыз жаратылыштын өзгөчөлүгүн эске алуу. Анткени ар бир айылдын, райондун, областтын, шаардын өзгөчө табияты: өсүмдүктөрү , жаныбарлары, элдери, абасы, суусу, тоолору, топурагы, талаалары бар. Алардын өзгөчөлүгүн, сырларын ошол жерде жашагандар гана билет.
  2. Мугалимдер предметтик стандартта, окуу программасында көрсөтү лгөн эки фундаменталдык категориялардын мазмунун түшүнүп, бири- биринен айырмалай билиши зарыл. Алар табият таанууну окутуу процесинин фундаменталдык ядросу жана табият таануу предметинин мазмундук өзөктөрү . Эми ошол эки категориянын түзүлүшүнө жана мазмунуна токтололу.

Табият таанууну окутуу процессинин фундаменталдык ядросу өз ара байланышта болгон үч компоненттен турат:

А. Окуу материалдарынын программада жана окуу китебинде берилген мазмуну. Эгер окуучулардын баштапкы табигый билимдерин система катары карасак, ал система төмөнкү  элементтерден турат: табияттын материалдык объектилери – материя, нерсе, зат, алардын курамы, түзүлүшү  жана касиеттери; табият кубулуштары – механикалык, жылуулук, электромагниттик, жарык кубулуштары, биологиялык, химиялык жана астрономиялык кубулуштар; Жер Кү н системасындагы планета жана ал адамзаттын бешиги; табиятты таанып билүүнүн методдору.

Б. Табият таанууну окутуунун максатына жетүүгө багытталган мугалим менен окуучунун биргелешкен аракеттери. Ал окутуу технологиясы менен окуу технологиясынын байланышын көрсөтөт. Ошондуктан бул жерде мугалимдин иш аракетинин мазмуну (предметти билүүсү ; билим берүүнүн теориясы, технологиясы жана практикасын байланыштыруусу; жалпы педагогикалык компетенцияларынын (маалыматтык, социалдык-коммуникативдик жана өз ишин уюштуруучулук) калыптанышынын деңгээли ж.б.) менен окуучулардын иш аракетинин мазмунун (көңүл буруу, табиятты сезүү , кабыл алуу, элестетүү , ой-толгоо, ой корутундулоо, түшүнүү , колдонуу ж.б.) бири-бири менен байланышта кароо, талдоо талап кылынат.

В. Окуучулар кабылдаган жана өздөштү ргөн предметтик компетенциялардын сапатын текшерүү  жана баалоо (өзүн өзү текшерү ү жана өзүн өзү  баалоо). Бул боюнча мугалимдер текшерүүнүн диагностикалык, калыптандыруучу жана жыйынтыктоочу формаларынын мазмуну, аларды өткөрүүнүн жолдору, окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун критерийлери жөнүндө баарлашуусу зарыл деп эсептейбиз.

“Табият таануу” предметинин мазмундук өзөктөрү  – бул окуу программасындагы бардык материалдарды тегерегине топтоштурууга мүмкүн болгон идеялар жана түшүнүктөр. Табият таануунун предметтик стандартында алар төрт өзөк менен белгиленген.

А. Табият таанууну окуп үйрөнүүнүн методдору. Бул өзөктүн бардык материалдары окуу китебинин биринчи главасына (Табият жана аны таанып билүүнүн жолдору) чогултулган. Алар бизди курчап турган дүйнө, табияттын сырларын кантип үйрөнөбүз (байкоо – ой жүгүртү ү  – тажрыйба – билим), адамдын сезүү  органдары жана алардын табиятты кабыл алуудагы мааниси, адамдын мээси, анын таанып-билүүдөгү  орду, функциясы ж.б. Бул жерде окуучуларга кошумча окуу үчүн сунушталган “Таанып-билүү  деген эмне?” деген теманын мааниси өтө жогору. Анткени анда адамдын таанып-билүүсүнүн биринчи жана экинчи сигналдык системасы жөнүндөгү  маалыматтар төмөнкү  удаалаштыкта берилген: табияттын предметин же кубулуштарын сезүү  – кабыл алуу – элестетүү  – элестер боюнча ой жүгүртүү  – ойду корутундулоо – предметти же кубулушту түшүнү ү  – түшүнгөндөрдү  практикада колдонуу. Бул материалдар окуучуларга арналганы менен алар өз алдынча окуп түшүнө алышпайт. Ошондуктан мугалимдер бул психодидактикалык процесстерди туура түшүнүп, аларды окуучуларга жеткиликтүү  образдар аркылуу бериши өтө зарыл жана келечектүү  деп эсептейбиз.

Б. Предметтин экинчи мазмундук өзөгү  “нерселердин жана заттардын курамы жана түзүлүшү ” деп аталып, анын материалдары окуу китебинин экинчи главасына (Нерселердин жана заттардын дүйнөсү) чогултулган. Андагы негизги маалыматтар: Материя, нерсе, зат. Масса – нерселердин негизги мүнөздөмөсү . Массаны өлчөө. Заттын курамы, түзүлүшү  жана абалы. Диффузия. Химиялык элемент. Жөнөкөй жана татаал заттар. Суу – эриткич. Органикалык заттар ж.б. Бул главада башка главалардай эле окуучулар үчүн бир топ сандагы практикалык тапшырмалар сунушталган. Алардын даярдалышы жана окуучулар тарабынан сапаттуу аткарылышы мугалимдердин жогорку илимий-методикалык жана тажрыйба жасай билүү  жөндөмдүүлүгүнө жараша болот. Секциянын катышуучулары мына ушуга өзгөчө көңүл бурушса деген өтүнүчтү  билдиребиз.

В. Предметтин үчүнчү  мазмундук өзөгү  “табияттын кубулуштары” деп аталат. Анын маалыматтары ушул эле наамдагы параграфта берилген. Анда механикалык кыймыл, үн кубулуштары, жылуулук, электромагниттик жана жарык кубулуштары, биологиялык жана химиялык кубулуштар жөнүндөгү  алгачкы маалыматтар топтолгон. Мындагы мугалимдердин негизги көңүл бура турган маселелери табият кубуштарынын бирдиктүүлүгү  жана көп түрдүүлүгү , алардын себептик натыйжалык байланыштарын түшүндүрү ү  болуп эсептелет. Бул главанын материалдарын окутууда мугалимдердин аймактагы жергиликтү ү  материалдарды колдонууга көптөгөн мүмкү нчүлүктөрү  бар. Мугалимдер ушулар жөнүндө ой бөлүшсө деген сунушту айтмакчыбыз.

Г. Предметтин төртүнчү  мазмундук өзөгүнүн материалдары окуу китебинин “Биз Жер планетасында жашайбыз” аттуу главасында берилген. Бул главада Күн системасы, анын планеталары, Жер – адамзаттын бешиги, Жердин атмосферасы, абанын кыймылы, шамал, суу – жердеги жашоонун булагы, топурак жана өсүмдүктөр дүйнөсү, жаныбарлар дүйнөсү  жөнүндөгү  кызыктуу материалдар топтолгон. Окуу китебинин бул главасында жалпы Кыргызстандын жана анын аймактарынын жаратылышы жөнүндө бай материалдар бар. Алсак Кыргызстандын жылуулук зонасы, Кыргызстандагы ири мөңгүлөр, Кыргызстандагы шамалдар, Кыргызстандагы ири суулар, көлдөр, суу сактагычтар ж.б. Мугалимдер ушул маалыматтарды окуу-тарбия процессинде билгичтик менен пайдаланып, мектеп жайгашкан аймактагы байлыктардын түрлөрүн жана алардын эл чарбасын өнүктүрүүгө тийгизген таасирин тактап айтып берсе, аларды сактоого жана сарамжалдуулук менен пайдаланууга көрүлүп жаткан мамлекеттик жана жергиликтү ү  органдардын аракеттерин баса белгилеп көрсөтсө, алар окуучуларга сөзсүз оң таасирин берет деп ойлойбуз. Ал байлыктар менен тааныштыруу процессинде материалдык объектилердин өзүн, алардын сүрөттөрүн, аларда болуп жаткан кубулуштардын анимациясын жасап көрсөтсө окуучулар билим алуу менен катар азыркы санариптик техниканын жана технологиянын жетишкендиктерин өз көздөрү  менен көрүшөт, анын баалуулугуна ишенишет жана аларды өздөрү  жасап көрүүгө кызыгуулары пайда болорунда шек жок.

Табият таануу предметин окутуунун методикалык системасы мугалимдерге арналган колдонмодо берилген. Анда мугалимдин болжолдуу тематикалык планы жана 34 сабактын иштелмесинин кыскача варианты сунушталган. Алар автордун гана ой пикири. Ар бир мугалим өзүнүн ыңгайына жараша алымча-кошумчаларды киргизе алат. Мындан тышкары окуучулардын өз алдынча иштерин уюштурууну жөнгө салуучу дептер түзүлүп, басмадан чыгарылган. Методикалык секцияда ушулар жөнүндө да ой толгоп, пикир алмашуу максаттуу деп ойлойбуз.

  1. Табият таануу предметин окуп-үйрөнүүдө окуучулардын төмөнкү дөй предметтик компетенттүүлүктөрү калыптандырылат:

1) курчап турган дүйнө жөнүндө ар түрдүү  ресурстарды жана маалыматтарды жаратылыш кубулуштарын түшүндүрүү үчүн пайдаланат жана бүтүмдөрдү  чыгарат;

2) теориялык билимдери менен көндүмдөрүн жандуу жана жансыз жаратылыштагы кубулуштарды сыпаттоо үчүн колдонот, өзгөрүүлөрдү  болжолдойт, көйгөйлөрдү чечүү ыкмалары боюнча билимдерин керсөтөт;

3) курчап турган дүйнөнүн кубулуштарын жана көйгөйлөрүн  түшүндүрүү  үчүн илимий далилдерди жана практикалык көндүмдөрдү  пайдаланат;

Секцияда мына ушу компетенттүүлүктөрдүн мааниси кандай, аларды кантип калыптандыруу керек, ар бир пунктту конкреттүү  теманын же главанын алкагында кантип элестетсе болот, анын натыйжасын текшерүү жана баалоо жөнүндөгү талдоолор болушу зарыл. Окуучулардын интеллектуалдык жөндөмдөрүнүн, психологиялык жана дидактикалык сапаттарынын ар түрдүүлүгүнө жараша күтүлгөн натыйжанын үч деңгээли бөлүнүп көрсөтүлөт: репродуктивдүү , продуктивдүү , креативдүү . Окутуу ишинде жана окуучулардын жетишкендиктерин баалоодо булар сөз жок эске алынат.

Орто мектепте “Табият таануу” предметин окутууда физика мугалимдерине артыкчылык берилүүгө тийиш. Анткени табигый кубулуштардын маңызын түшүндүрүүнүн негизинде физиканын мыйзам ченемдери жана методдору жатат. Предметтин мазмуну да ошол позицияда жазылган.

Мугалимдердин август кеңешмесинде табият таануу предмети боюнча төмөнкү  маселелерди талкуулоо сунушталат:

  1. Аймактын талаптарына жана санарип-тештирүүнүн милдеттерине жараша жер-жерлерде билим берүү мейкиндиктерин түзүү  проблемалары.
  2. 5-класста табигый илимдердин негизи боюнча билим берүүнүн бүгүнкү күндөгү  орду жана мааниси.
  3. Жалпы мектептик билим берүү боюнча мамлекеттик стандартынын, табият таануунун предметтик стандартынын, окуу программасынын мазмунун окуп үйрөнүү, өз ара пикир алышуу.
  4. Окуу китеби, мугалимдер үчүн методикалык колдонмо, окуучулардын жумушчу дептеринин түзүлүшү, мазмуну жана аларды колдонуу боюнча пикир алышуу.
  5. Билим берүүнү санариптештирүүнүн негизинде жаңы маалыматтык технологияларды, окутуунун интерактивдүү  формаларын жана методдорун колдонуу боюнча алдыңкы тажрыйбалар менен таанышуу.
  6. Аталган предметтин алкагында таалим-тарбия берүүдөгү кыйынчылыктар, алардын пайда болуу себептери жана четтетүү  жолдору.

Даярдаган профессор Мамбетакунов Э.

 

Сабактан тышкаркы окуу ишмердиги

Актуалдуулугу. Сабактан тышкаркы окуу ишмердүүлүгүнүн башкы максаты баланын өсүп жетилүүсү жана инсан катары калыптанышы үчүн шарт түзүү экендиги, ошондуктан аны педагог менен окуучунун инсанга багытталган өз ара иш-аракеттери катары түшүнүү керектиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403-токтому менен кабыл алынган «Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүү боюнча мамлекеттик билим берүү стандартында» аныкталган. Бул Стандартка ылайык, жалпы билим берүү программасы жалпы билим берүү уюму тарабынан окуу планы жана сабактан тышкаркы ишмердүүлүк аркылуу жүзөгө ашырылат.

«Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүү боюнча мамлекеттик билим берүү стандартынын» 1-бабында жана Стандарттын концепциялык жана методологиялык өзөгүн түзгөн «Жалпы мектептик билим берүүнүн максаттары, милдеттери жана натыйжалары» деген аталыштагы 2-бапта ар бир баланын шык-жөндөмүнө жана каалоосуна жараша иш билгилигин калыптандырууну шарттай турган сабактан тышкаркы окуу ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулган, ошондой эле анын билим берүү процессиндеги мейкиндиги жана убактысы тастыкталган: «Окутуунун максаты — күн мурунтан берилген жана сыпатталган шарттар, окуучунун келечектеги ишинин ыкмалары; билим алуунун натыйжасында ээ болгон иштин мүмкүн болгон түрлөрүнө карата анын жөндөмү»; «Билим берүү процессинин түзүмүн, мазмунун жана уюштурулушун өзгөртүүнүн эсебинен окуучунун кызыкчылыгын, шыгын жана жөндөмдүүлүгүн кыйла толук эске алууга, жогорку класстын окуучуларынын билим алуусун улантуу жагындагы кесиптик кызыкчылыктарына жана ниеттерине ылайык алардын окуусу үчүн шарт түзүүгө мүмкүнчүлүк берген окутуунун дифференциациялоо жана жекелештирүү каражаты» аныкталган (1-бап. Жалпы жоболор).

Стандартта билим берүү процессинде окуучулардын негизги компетенттүүлүктөргө ээ болушун камсыз кыла турган шарттар көрсөтүлгөн:

– окуу процесси окуучунун өз ишинин уюштурулушу жана натыйжасы үчүн өз алдынчалуулугун жана жоопкерчилигин өнүктүрүүгө багытталган;

– окуучулар жалпы билим берүүнү уюштурууда жана сабактан тышкары жана класстан тышкары иштерде долбоордук, изилдөө, социалдык иштерди жүргүзүүдө окутуу процессинде билим берүү ишинин ар кандай түрлөрүн жүргүзүүгө кошулган» (2-бап. Жалпы мектептик билим берүүнүн максаттары, милдеттери жана натыйжалары. 16-пункт).

Кыргыз Республикасыдагы жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн негизги ченемдик документтер:

  1. Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамы // Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан 2003-жылдын 30-апрелиндеги 30-токтом менен кабыл алынган.
  2. «Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүү боюнча мамлекеттик билим берүү стандарты» // Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403-токтому менен кабыл алынган.
  3. «Кыргыз Республикасында 2020-жылга чейин билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы» / «Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө» // Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы №201-токтому менен бекитилген.
  4. «Кыргыз Республикасында билим берүү системасын 2012–2020-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө» / «Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө» // Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 201-токтому менен бекитилген.
  5. «Кыргыз Республикасында 2020-жылга чейин мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо концепциясы» // Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2014-жылдын 22-июлундагы № 545/1-буйругу менен бекитилген.
  6. «Кыргыз Республикасында 2014–2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук Программасы» // Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы №119-Жарлыгы менен бекитилген.
  7. «Зомбулуксуз мектеп» программасы боюнча класстан тышкары иш-чараларын өткөрүү үчүн усулдук окуу куралы. – Б.: 2013. – 210 бет.
  8. Нормативно-правовые основы профилактики и реабилитации социальной дезадаптации детей и подростков / Ассоциация социальных работников Кыргызской Республики и др. – Б.: 2007. – 450 б.

Сабактан тышкары окуу ишмердүүлүгүнүн мааниси жана негизги максаты окуучунун кызыкчылыктарын, шык-жөндөмүн, ынтаасын өнүктүрүү үчүн жана бош убактысын акылга сыярлык, туура уюштурушу үчүн кошумча шарттарды түзүү болуп саналат. Сабактан тышкары окуу ишмердүүлүгү төмөнкүдөй иштер үчүн шарт түзүүгө багытталат:

  • жашоо-турмуштагы ар түрдүү көз караштарга жана багыттарга карата, айланадагы чындыкка карата ийкемдүү оң байланышты түзүү жаатындагы инсандык кызыкчылыктын калыптанышына өбөлгө болуучу чөйрөдө баланын өз алдынча чыгармачылык менен өнүгүүсү үчүн;
  • сабактан тышкаркы окуу ишмердүүлүгүндөгү курбалдаштары жана педагогдор менен баарлашуу жана биргелешкен ишмердүүлүк жүргүзүү процессинде өз ара жигердүү иш-аракетте болуу баланын социалдык жактан инсандык калыптануусу үчүн;
  • окуучунун болочок турмуштук пландарын жана максаттарын ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон кесиптик багытын өз алдынча туура аныкташы үчүн.

Окуучунун сабактан тышкары окуу ишмердүүлүгү менен алектенүүсү жалпы билимге ээ болгон бүтүрүүчүнүн төмөнкүдөй ченемдик көрсөткүчтөрүнө туура келген натыйжаларга жетүүсүндө олуттуу роль ойнойт:

  • дүйнөнү терең таанып билүүгө ынтызар, окуп үйрөнүүнүн ар кандай жолдорун тапкыч, көптү билүүгө кызыкдар болгон;
  • өз ата журтун жана өз Ата Мекенин сүйгөн жана урматтаган;
  • үй-бүлөлүк, коомдук жана улуттук баалуулуктарды кабыл алган жана урматтаган;
  • өз алдынча ишмердүүлүк кылууга, үй-бүлө жана коомчулук алдында өз иш-аракети үчүн жооп берүүгө даяр турган;
  • ак ниеттүү, өнөктөшүн уга жана түшүнө билген, өзүнүн ой-пикирин далилдүү жана түшүнүктүү айта билген;
  • өзү жана башкалар үчүн сергек жана коопсуз жашоо эрежелерин сактай билген.

Сабактан тышкары окуу ишмердүүлүгү инсанды өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй багыттары боюнча уюштурулат: руханий-адеп-ахлактык, жарандык-мекенчилдик, спорттук-саламаттыкты сактоо, жалпы интеллектуалдык, жалпы маданий, эмгекке тарбиялоо, жаратылышты сүйүүгө тарбиялоо, «Зомбулуксуз мектеп». Ошону менен бирге ишмердүүлүктүн формасы жана мазмуну педагогдун таалим-тарбия берүү ишмердүүлүгүнүн максатына, милдеттерине жана натыйжаларына туура келүүгө тийиш. Сабактан тышкары таалим-тарбия берүүчү окуу ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу: окуучулардын социалдык билимдерге ээ болушу, негизги баалуулуктарга карата оң мамиленин калыптанышы, өз алдынча коомдук иш-аракет тажрыйбасына ээ болуу.

Кыргызстандын жарандарынын коомдук улуттук баалуулуктары: патриоттуулук, мекенчилдик, жалпы адамзаттык социалдык тилектештик, жарандуулук, үй-бүлө, саламаттык, жаратылыш, эмгек жана чыгармачылык, билим, илим, искусство жана адабият, Кыргызстандын салттуу диндери.

Сабактан тышкары окуу ишмердүүлүгүнө бөлүнүүчү убакыт окуучунун жана ата-эненин каалоосу боюнча эркин тандап алуунун негизинде аныкталат жана класстык-сабактык формадан айырмаланып, ийримдер, секциялар, экскурсиялар, диспуттар, тегерек отурумдар, конференциялар, ШТК (Шайыр тапкычтар клубу), илимий коомдоштуктар, олимпиадалар, мелдештер, издөө жана илимий изилдөө ишмердүүлүгү ж.у.с. түрүндө жүзөгө ашырылат.

Сабактан тышкары окуу ишмердүүлүгүнүн ар бир формасынын жана күтүлгөн натыйжаларынын мазмунуна ылайык алардын окуу программалары иштелип чыгат.

Мугалимдердин август кеңешмесинде талкуулоо үчүн төмөнкү маселелер сунуш кылынат:

  1. Сабактан тышкары окуу ишмердүүлүгүнүн формаларынын багыттар боюнча болжолдуу тизмеги:

Руханий-адеп-ахлактык багыт: адеп-ахлак темасындагы аңгемелешүүлөр; тематикалык диспуттар; дебаттар; проблемалык-баалуулук дискуссиялар; социумдагы кайрымдуулук акциялары; туристтик жүрүштөр, экскурсиялар (жеринде жана сырттан); мектеп музейи; мектептин (гимназиянын, лицейдин) туулган күнү, мектептик майрамдар; жергени таануу экспедициялары.

Жарандык-мекенчилдик багыт: жарандык-мекенчилдик тарбия түшүнүгү. «Мен — Кыргызстандын жаранымын» темасындагы долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча иш жүргүзүү; ардагерлердин жана улгайган адамдардын урматына уюштурулган майрамдар; социумдагы социалдык маанидеги акциялар; жамааттык чыгармачыл иштер; социалдык-моделдөө оюндары; эмгек десанттары, кайрымдуулук-жардам көрсөтүү иш-чаралары.

Спорттук-саламаттыкты сактоо багыты: спорттук секциялар боюнча сабактар; сергек жашоо ыңгайы жөнүндө аңгемелешүү; саламаттыкты чыңдоо процедураларына катышуу; спорттук турнирлер; олимпиадалар; класстык сааттар; спорттук майрамдар; спорттук жана саламаттыкты чыңдоо акциялары; туристтик жүрүштөр; аскердик-спорттук оюндар.

Жалпы интеллектуалдык багыт: предметтик ийримдер; предметтик олимпиадалар; профилге багыттоочу жана профилдик курстар, изилдөө ишмердүүлүгү; мектептик илимий коомдор; илимий-тажрыйбалык конференциялар; билимдердин коомдук кароосу; интеллектуалдык марафондор; алдыңкы окуучуларды урматтоо ж.у.с.

Жалпы маданий багыт: театрга, киного барууну уюштуруу (талкуу жана талдоо жүргүзүү менен); концерттерди, көргөзмөлөрдү, кароо-конкурстарын уюштуруу; социумдагы бош убакытты өткөрүү акциялары; өздүк көркөм чыгармачылык иштер (көркөм өнөр, живопись, ыр-бий).

Эмгекке тарбиялоо багыты: балдарга турмуш-тиричилик деңгээлиндеги жөнөкөй иш билгиликтер, эмгек жана кесиптер жөнүндө билимдерди берүү, көндүм адаттарды калыптандыруу боюнча комплекстүү иш-чаралар (өзүн-өзү тейлөө, өз ара жардамдашуу, чогуу иштөө, «Тимурчулар» кыймылы).

Жаратылышты сүйүүгө тарбиялоо багыты: жаратылыш жана анын баалуулуктары жөнүндө, жаратылышты коргоо идеясын пропагандалоо боюнча иш-чаралар. Жаратылышты коргоого байланыштуу тажрыйбалык иштер: изилдөө ишмердүүлүгү. Экологиялык тарбия берүү.

«Зомбулуксуз мектеп» багыты: жүрүм-турум психологиясы; балдарга катаал мамиле; психологиялык тренингдер; кооптуу балдар менен психотүзөтүү иштери; жашы жете электердин кылмыш жасоого ыктуулугунун өзгөчөлүктөрү; кылмыштуулуктун алдын алуу; кризистик кырдаалда балдарды жана үй-бүлөнү колдоо; балдарды кызматташууга үйрөтүү; ынтымак жана толерантуулук; психологиялык оюндар жана көнүгүүлөр.

  1. Сабактан тышкары окуу ишмердүүлүгүнүн илимий-методикалык жактан камсыз кылынышы:

Сабактан тышкары окуу ишмердүүлүгүн жүргүзүү (класстык-сабак формасынан айырмаланып) билим берүү процессин уюштурууга, билим берүүчүлүк мазмунду тандап алууга, катышуучулардын ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын баалоого чыгармачыл өңүттөн кароону талап кылат. Сабактан тышкары окуу ишмердүүлүгү боюнча программаларда анын формасы менен коюлган максаттар жана күтүлгөн натыйжалардын мазмуну терең ойлонуштурулуп түзүлүшү зарыл.

Окуучулардын жекече инсандык жетишкендиктерин баалоо портфолио аркылуу жүзөгө ашырылат.

Портфолио — бул окуучунун руханий-адеп-ахлактык жактан өнүгүүсүнүн натыйжаларын педагогдор, ата-энелер жана окуучунун өзү тарабынан аныктоонун, топтоонун жана баалоонун ыкмасы. Портфолиодо тийиштүү таалим-тарбия берүү программамынын алкагында окуучу тарабынан аткарылган иштердин натыйжалары топтолот. Портфолио — бул мектептик жана үй-бүлөлүк социалдык, маданий иштер жана алардын отчёттору топтоштурулган папка. Демек, портфолио дегенибиз, сабактан тышкаркы окуу-таанып билүү материалдарынын педагогикалык түрдө долбоорлонгон жана методикалык түрдө уюштурулган топтому. Алардын ырааттуулугу окуучунун таалим-тарбиялык окуу программасынын алкагындагы руханий баалуулуктарды өздөштүрүүдөгү иш-аракеттеринин жана жетишкен ийгиликтеринин динамикасын көрсөтүп турат.

  1. Сабактан тышкары окуу ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн кадрдык шарттары:
  • мектептин (гимназиянын, лицейдин) тийиштүү педагогикалык, жетектөөчү жана башка кызматкерлер менен комплектацияланышы;
  • мектептин (гимназиянын, лицейдин) педагогикалык жана башка кызматкерлеринин тийиштүү квалификациясынын болушу;
  • мектептин (гимназиянын, лицейдин) педагогикалык жана башка кызматкерлеринин адистик көрсөткүчтөрүнүн үзгүлтүксүздүгү;
  • сабактан тышкары окуу ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн шарты жок жана кадрлары комплекттелбеген мектептер (гимназиялар, лицейлер) кошумча билим берүү мекемелеринин, маданий жана спорттук уюмдардын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланышса болот. Ошондой эле ата-энелерди жана башка социалдык өнөктөштөрдү тартуу максатка ылайыктуу.

Эгерде Сизде сабактан тышкаркы окуу ишмердүүлүгү боюнча суроолор жана сунуш-пикирлер бар болсо, төмөнкү дарекке кайрылсаңыз болот: Бишкек ш., Широкая көч., 1А, 106-каб. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту (КР БИМдин алдындагы РПККЖ КДИ).

Эскертүү: 2019–2020-окуу жылында КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда «Сабактан тышкаркы окуу ишмердүүлүгү боюнча «Социалдык долбоорлоо» деген аталыштагы 72 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсу окутула баштайт.

А. Б. Элебесова, п.и.к., доцент. 

E-mail: [email protected]

 

 

Музыка сабагы

“Республикабыздын аймактарын өнүктүрүү жана санариптештирүү үчүн билим берүү системасындагы жаңы чечимдер жана ийгиликтүү практиктер” аттуу тема боюнча 2019-жылдын Август кеңешмесинин темасы болмокчу. Бул тема Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында каралган билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруунун Планынын негизги максатарына жооп берет. Демек, башка предметтер сыяктуу эле, жалпы билим берүү уюмдарында музыкалык билим берүүнүн мазмунуна да аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү маселелерин киргизүү зарыл.

Музыка предмети боюнча 2019-2020-окуу жылына карата, 1-4-класстар үчүн 2013-жылы, ал эми 5-7-класстар үчүн 2018-жылы Кыргыз билим берүү академиясынан бекитилип жарык көргөн, Музыка предметинин окуу программаларынын негизинде жүргүзүлөт.  2019-2020-окуу жылы үчүн кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдүү билим берүү мекемелеринде Базисстик окуу планында музыка предметин окутуу 1-7-класстарда жумасына 1 сааттан, ал эми бир жылда ар бир класс үчүн 34 саат каралган.

2018-2019-окуу жылында Музыка предмети боюнча берген сунушубузда музыкотерапиянын жана вокалтерапиясынын окуучулардын жөндөмдүүлүгүнө, ден соолугуна тийгизген таасирлери жөнүндө сунуштарыбыз берилген. Ал эми бул сапар, предметтик компетенттүүлүктөр жана Музыка боюнча баалоонун критерийлери жөнүндөгү маселелерге токтолобуз.

  1. Предметтик компетенттүүлүк – негизги компетенттүүлүккө карата мамиле боюнча жекече компетенттүүлүк, билим берүү натыйжаларынын топтому түрүндө айрым предметтердин материалдары менен аныкталат.

«Музыка» предмети окуучулардын төмөндөгү предметтик компетенттүүлүктөрүнън калыптанышын шарттайт.

  1. Эмоциялыкбаалуулук компетенттүүлүгү — балдар музыкалык чыгармалары менен инсандык, эмоциялык-сезимдик байланыш, музыкалык ишмердүүлүктүн ар кыл түрлөрүндө ишке ашырылат. Музыкалык искусствонун конкреттүү чыгармалары менен таанышуудан келип чыккан эмоциялык абалын сыпаттап берүүгө жөндөмдүүлүк, түрдүү мезгилдердин, элдердин, ар кыл стилдеги,  жанрдагы, типтеги музыкалык искусствонун чыгармаларында аккумуляцияланган адептик идеалдарга баа берүү жөндөмдүүлүгү.
  2. Музыкалыкэстетикалык компетенттүүлүк – окуп-үйрөнүлүп жаткан музыкалык чыгармалардын жанрдык негизин, стилдик өзгөчөлүктөрүн аныктоо жөндөмдүүлүгү, салыштыруу, Балдар музыкалык искусствонун чыгармаларын классификациялоо жана угуу аркылуу берилген бир же бир нече белгиси боюнча элдик, улуттук, дүйнөлүк классикалык музыканын чыгармаларын аныктай билүү, музыкалык чыгарманы талдоо жөндөмдүүлүгү, музыкалык түшүнүктөрдү колдонуу менен музыкалык образдар тууралуу ой пикирин айта билүү жөндөмдүүлүгү.
  3. Аткаруучулук компетенттүүлүкмузыкалык тилдин каражаттарын колдонуу менен хордук жамаатта жана жекече ырдоодо жана аткарууда интерпретациялоо жөндөмдүүлүгү.

Музыкалык чыгарманы аңдап түшүнүүнүн негизинде музыканы уга билүү, аны хор менен же/жана жекече аткара билүү, талдай билүү билгичтиктерин баскычтуу, ырааттуу түрдө калыптандыруу турат. Буга байланыштуу, компетенттүүлүктөрдүн мазмунунда музыкалык чыгарманы түшүнүү үчүн бир нече аспектилер бөлүнүп көрсөтүлөт:

1) музыкалык чыгарманы баштапкы кабылдоо жана аны менен таанышуудан, угуудан  пайда болгон эмоциялык абалды сыпаттоо;

2) талдоо;

3) интерпретация;

4) баалоо.

Предметтик компетенттүүлүк окуучунун окуу ишмердүүлүгүнүн сапатын аныктоодо жетектөөчү мааниге ээ. Предметтик компетенттүүлүк окуу жана практикалык ишмердүүлүктө дайыма ишке ашырылганда гана ал ийгиликтүү түрдө калыптанды  деп айтууга болот.

«Музыка» предметинин мазмундук багыттары төмөнкүлөр:

  1. Музыканын тили – музыкалык көркөм туюндуруу каражаттары;
  2. Музыкалык интонация жана образ;
  3. Музыканын типтери, формалары, стилдери жана жанрлары;
  4. Автор (автордук дүйнө).
  5. Музыка сабагында баалоонун типтери

Музыка сабактарында педагогикалык баалоонун эки тиби колдонулат: критериялик жана ченемдик (нормативдик).

Критериялык баалоо – бул критерийлер боюнча баалоо, б.а., баа окуучунун жетишкендиктерин көрсөтүүчү түзүүчүлөрдөн (критерийлерден) келип чыгат. Окуучулардын иштерин баалоого критерийлик мамиле кылуу процесстин бардык катышуучуларына (мугалимдерге, окуучуларга, ата-энелерге) окуп-үйрөнүлүп жаткан материалды өздөштүрүүнүн деңгээлин түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзүүчү тескери байланышты жүзөгө ашырууга жардам берет. Тескери байланыш канчалык мазмундуу болсо, ага жасалган мамиле ошончолук конструктивдүү болушу мүмкүн. Критерялык баалоо бул – баалоонун жана өзүн өзү баалоонун ар кыл түрлөрү, формалары жана усулдары колдонулган мамиле.

Критериялык баалоо мугалим үчүн бир катар принципиалдуу көрсөтмөлөрдү билдирет. Алар төмөнкүлөр:

  • баа аркылуу окуучунун инсаны эмес, иши гана бааланат;
  • окуучунун иши башка окуучулардын иши эмес, эталон (мыкты аткарылган иштин үлгүсү) менен салыштырылат. Эталон окуучуларга мурдатан тааныш болот;
  • бааны чыгаруунун так алгоритми иштелип чыккан, окуучу ал боюнча өз жетишкендиктеринин деңгээлин өзү аныктап, өз баасын көрсөтөт;
  • окутулуп жаткан нерсени гана баалоого болот, ошондуктан баалоо критериясы – окуу максаттарынын (билим берүүчүлүк натыйжалардын) конкреттүү туюндурулушу.

Критериялык баалоону колдонуу — баалоо процессине окуучулардын өздөрүн тартууга шарт түзөт, башкача айтканда, билим берүү процессинин маанилүү компоненти болгон өзүн өзү баалоону ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет, анткени рефлексия гана окуучуларга өз ишмердүүлүгүнөн тажрыйба чыгарууга, коюлган милдетти чечүү үчүн ички мүмкүнчүлүктөрүн активдештирүүгө, өзүн жакшыраак аңдап түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзө алат. Өзүнүн жакшы жактарын жана кемчиликтерин талдоо менен, окуучулар аларды чететтүү жолдорун табышат, өздөрүн өздөрү баалоого үйрөнүшөт, бул болсо аларга өз иштеринин күчтүү жана алсыз жактарын көрүүгө жана мындай жыйынтыктарды аңдап түшүнүүнүн негизинде кийинки ишмердүүлүгүнүн программасын түзүүгө шарт түзөт. Туура уюштурулган рефлексия тапшырманы ийгиликтүү аткарууга өбөлгө болуучу оң маанайды түзүүгө жардам берет.

Музыка боюнча баалоонун критерийлеринин мисалдары:

  • Ырды бир убакта аткаруу жана аяктоо (дирижердун кол шилтемдерин аткара билүү).
  • Ноталарды аталыштарын, ноталык сызыктарга (станга) жайгаштыра билүү.
  • Обонду (ноталык) жана сөздүк текстти билүү (эгер үйрөнүп жатканда ноталык жазуу колдонулган болсо).
  • Аткаруунун интонациялоонун тазалыгы жана ыргактык тактыгы.
  • Ырды мүнөздүү аткаруу (музыкалык көркөм туюндуруу каражаттарын – динамикалык боёкчолорду, темпти, обонду, ыргакты… туура пайдалануу).
  • Ырдоо учурунда туура отуруу (туруу).
  • Жооп берүүдө (оозеки, жазуу, презентацияда) музыкалык терминдерди сабаттуу пайдалануу.
  • Музыкага кызыгуу, ага эмоциялык жооп кылуу жана музыкалык чыгарма менен таанышуудан келип чыккан эмоциялык абалын мүнөздөй билүү (сүйүнүү, капалануу ж.б)
  • Окуучунун өзүнүн аткаруусун мүнөздөй жана талдай билүүсү.
  • Аткаруу учурунда эмоционалдуулукту көрсөтүү.

Окуучулардын ишмердүүлүгүнүн продуктыларын баалоо критерийлери ар бир тапшырма жана окуучулардын ишинин түрү боюнча иштелип чыгат.

Ченемдик баалоо – жеке натыйжалар менен статистикалык маанилерди – ченемдерди салыштыруу жолу менен баага жана инсандын же жүрүш-туруштун өзгөчөлүктөрүн чагылдыруучу, тапшырма менен өлчөнүүчү көрсөткүчтөрдү интерпретациялоого болгон мамиле. Окутуунун натыйжалары беш баллдык шкала боюнча бааланат, зарыл учурда жоопко берилген оозеки мүнөздөмө менен толукталат.

Баалоонун түрлөрү

Музыка сабактарында баалоонун төмөнкү түрлөрү милдеттүү түрдө пайдаланылат: формативдик баалоо (окутуунун бүткүл процесси бою) жана суммативдик (жыйынтык) баалоо (компетенттүүлүктөрдүн калыптануусун аныктоо үчүн окуу материалын (музыкалык чыгармаларды) окуп-үйрөнүүнүн аягында).

Музыка сабактарында окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоонун төмөнкүдөй ар кыл формалары колдонулат:

  • окуучулардын оозеки жооптору;
  • нота менен жазуу иштери;
  • практикалык тапшырмалар (нота менен ноталык сызыктарга жазуу, ноталардын созулуштары менен ырдоо).

Окуучулардын оозеки жооптору дегенибиз —

  • сабактарда музыкалык чыгармалар тууралуу диалог-дискуссияларга катышуусу;
  • башка окуучулардын аткаруусу тууралуу пикирлери.

Жазуу иштери дегенибиз –

  • карточкалар боюнча иштөө (музыкалык сөздүктү билүү),
  • жеке таасирлери жана музыкалык чыгармаларды эмоциялык-образдык кабылдоо боюнча эссе.

Практикалык тапшырмалар – булар:

  • презентацияларды даярдоо;
  • «обонду тап» — сабакта жаңырган музыкалык чыгармалардын фрагментерин табуу;
  • жекече жана хор менен ырдоо.

Август кеңешмесинде талкуулана турган маселелер:

  1. “Музыка сабагында компьютердик технологияны кантип колдонобуз: заманбап музыка мугалими кандай болуусу керек?” аттуу темада тегерек стол.
  2. Окуучуларга музыкалык-эстетикалык билим берүүнүн учурдагы көйгөйлөрү.
  3. Предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу, баалоонун кээ бир маселелери.
  4. Окуучулардын музыкалык жөндөм-дүүлүктөрүн жогорулатуу маселелери.
  5. Музыка мугалимдеринин педагогикалык чеберчилигин жогорулатуу маселелери жана келечеги.

Мугалимдерге сунушталаган адабияттар:

Окуучулар үчүн окуу китептер:

  1. Музыка. 2-класс үчүн окуу китеби. Касей М., Дуйшеналиев Ж.С., ж.б. (кыргыз, орус тилдеринде) – 2012-ж.
  2. Музыка. 3-класс үчүн окуу китеби. Касей М., Шакирова А., ж.б. (кыргыз, орус тилдеринде) –Б:, 2013-ж.
  3. Музыка. 5-класс үчүн окуу китеби. Муратова А., Артыков К. (кыргыз, орус тилдеринде) –Б:, 2019-ж.
  4. Музыка. 6-класс үчүн окуу китеби. Муратова А., Артыков К. (кыргыз, орус тилдеринде) –Б:, 2019-ж.

Мугалимдер үчүн окуу-методикалык колдонмолор жана ноталык хрестоматиялар:

  1. Музыка. 1-класс. Мугалимдер үчүн окуу-методикалык колдонмо жана ноталык хрестоматия. Дуйшеналиев Ж.С. (кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде) – «Кутаалам». –Б:, 2018-ж.
  2. Музыка. 1-класс. Мугалимдер үчүн фонохрестоматия –СDдиск. Түзүүчү: Дуйшеналиев Ж.С. «Кутаалам». –Б:, 2011-ж.
  3. Музыка. 3-класс. Мугалимдер үчүн окуу-методикалык колдонмо. Касей М., Шакирова А., (кыргыз, орус тилдеринде) – Б:, 2013-ж.
  4. Музыка. 5-класс. Мугалимдер үчүн колдонмо. Муратова А., Артыков К. (кыргыз, орус тилдеринде) –Б:, 2019-ж.
  5. Музыка. 6-класс. Мугалимдер үчүн колдонмо. Муратова А., Артыков К. (кыргыз, орус тилдеринде) –Б:, 2019-ж.
  6. Мектепке чейинки курактагы балдарга музыкалык тарбия берүү. Методикалык колдонмо. Дуйшеналиев Ж.С., Усенко Л.В., Сейдекулова К.С. (кыргыз, орус тилдеринде). SN. Artltd. Полиграфический комплекс. – Б:, 2017-ж.

Кошумча адабияттар жана ноталык хрестоматиялар: 

  1. Салттуу музыка: теориясы жана усулу. Дүйшалиев К.Ш. – Б:, 2011-ж.
  2. Кыргыз музыкасы. Энциклопедия. Алагушев Б. – «Бийиктик».- Б:, 2007-ж.
  3. Келечек ырдайт. Ноталык хрестоматия. Тыналиев А., (кыргыз, орус тилдеринде). «Салам». – Б:, 2014-ж.
  4. Күн балдары. Ноталык хрестоматия. Бөдөшев А., Эралиева К. «Учкун» – Б:, 2007-ж.

Август методикалык жыйынында Музыка предметин окутуу маселелери боюнча сунуштарыңыздар болсо төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Бишкек ш. Широкий көч. 1А.  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана  кайра даярдоо иституту. «Информатика, технология жана искусство» кафедрасы. Т.: (312) 628 294.

Ж.С. Дуйшеналиев, РПККЖжКДИнин ага окутуучусу,  музыка таануучу

 

ТЕХНОЛОГИЯ (Эмгекке үйрөтүү, черчение) 

Жалпы билим берүү мектептердин негизги маселеси жаш муундарды турмушка даярдоо болуп саналат. Динамикалуу тез өнүккөн технологиялык жашоого инсанды даярдоого багытталат. Башка жагынан алып караганда экономикалык өндүрүштүн бардык тармактарында технология боюнча жогорку квалификациядагы адистерге муктаждыгы байкалат.

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин Базистик окуу планында аталган предметке 5–9-класстарда жумасына 1 сааттык жүктөм каралган. “Технология” предмети 7-9-класстарда 2014-жылы иштелип чыккан окуу программасынын негизинде окутулат. Ал эми 5-6-класстарда жаңы 2015-жылы бекитилген предметтик стандарттын жана окуу программасынын негизинде жаңыдан иштелип чыккан окуу усулдук комплекстери (окуучулар үчүн окуу китеп жана мугалимдер үчүн усулдук колдонмо) менен окутулат.

Мугалимдер окуу программада берилген темалар боюнча календардык-тематикалык планды түзүүдө өздөрүнүн шарттарын эске алуу менен (айылдык мектеп же шаардык, мектепке караштуу жер аянтчасы барбы же жокпу ж.б.),  аткарууга мүмкүн болгон эмгектин тармактары боюнча темаларды киргизүү зарыл. “Технология” предметин окуу менен, окуучулар чыгармачылык иш-ыкмаларын өнүктүрүү аркылуу негизги жана предметтик компетенттүүлүгүнө ээ болушат.

Технологияларды окутуп билим берүүдө практикалык иш-аракеттери негизгилерден болуп эсептелип анда түрдүү ыкмалар, көнүгүүлөр, тренингдер жана практикалык иштер, изилдөөлөр жана долбоордук иштер камтылат.

Жакында Кыргыз билим берүү академиясынын демилгеси менен Кыргызстандын аймактарында болуп «Предметтик стандарттар, окуу программалары жана компетенттүүлүк» аттуу темадагы «Билим кербени» өткөрүп мугалимдер менен жолугуп пикир алмашканда төмөндөгү көйгөйлүү маселелерди кандайча чечүүгө болоорун сурашты.

— “Технология” предметтеринин мугалимдери жаңыдан иштелип чыккан окуу топтомдорунун электрондук түрү интернетке берилгени менен кагаз түрүндө басылып чыккан китептер аларга жете элегин, ошондой эле календардык-тематикалык план түзүүдө кыйынчылыктарга дуушар болушаары айтылды.

— Азырынча окуу топтомдору бардык класстар үчүн иштелип мектептерге жеткенче жашаган жердеги жаратылыштагы өзгөчөлүктөрдү, колдо бар каражаттарды, аткарууга мүмкүн болгон иштерди эске алуу керек. Темага ылайык айрым материалдарды интернет булактарынан алып пайдалануу сунушталат.

— Азыр мектептерде негизинен атайы адистиги жок мугалимдер (совместитель) иштеп жаткандыгы маалым болду.

— Эгерде бул мугалимдеринин “Технология” предмети  боюнча түшүнүктөрү жок болсо, программалык материалдарды жеткиликтүү бере албаса, анда ал мугалимдердин атайын билимдерин жогорулатуу жана кайрадан кесипке даярдоо курстарынан өтүүсү зарыл.

— “Технология” предметинде мурда балдардын саны отуздан ашса, анда эки топко бөлүп окутуулчу, былтыркы окуу жылында андай болбогондуктан аябай кыйналдык. Быйыл бул маселе кандайча чечилет?

— “Технология” предмети боюнча жаңы стандартта окуучулар мурдагыдай улан-кыз болуп топторго бөлүнбөйт, эгер класстагы окуучулардын саны отуздан ашса, окуу программасында берилген эмгектин тармактары боюнча эки топко бөлүп окутуу мүмкүнчүлүгүн Базистик планга киргизүү сунушталган, бирок чечими азырынча белгисиз.

— Окуу программасындагы материалдарды өздөштүрүүдө жумасына бөлүнгөн 1 сааттык жүктөм өтө эле аз, башталган ишти аягына чыгарууга эч мүмкүндук болбой жатат, жумасына 2 сааттык жүктөм болсо жакшы болот эле.

— Азырынча предметке бөлүнгөн окуу жүктөмү өтө эле аз болгондуктан сабак учурунда алган билимдери мектептен сырткаркы мекемелерде, үйдө күндөлүк жашоо-турмушунда колдоно билүү көндүмдөрүн калыптандырууда окутуудагы уланмалуулук принциби көңүлдүн борборунда болуусу зарыл. Эки сааттык жүктөмү боюнча маселелер каралууда.

— Окутуунун сапаты төмөндөп кетүүсүнүн дагы бир себеби — “Технология” предмети боюнча эмгектин тармактары боюнча окуу кабинеттери жана керектүү каражаттардын бөлүнүп бербегендиги себеп болууда.

— Мектептин  жетекчилиги предметтик мугалимдердин чыгармачылык менен иштөөсүнө сөзсүз окуу кабинетин бөлүп, жабдып, тийешелүү каражаттарды  топтоп, убакытты оптималдуу пайдаланып сапаттуу билим берүүсүнө шарт түзүүсү учурдун талабы.

Интеграцияланган курстар боюнча эмгектин техникалык багыттарына жараша буга чейин окутулуп келген “Черчение” предмети боюнча (авторлор: А.Д. Ботвинников, В.Н. Виноградов, И.С. Вышнепольский, С.И. Дембинский) жалпы билим берүүчү орто мектептердин 8–9-класстарынын окуучулары үчүн  “Черчение” окуу китебин колдонуп, айрым темалар боюнча теориялык билимдерин күндөлүк жашоо турмушубузда керектелүүчү маалыматтар менен айкалыштыруу керек. Азыркы учурда “Технология” предмети жумасына 1 сааттык жүктөм каралгандыгы программалык материалдары аткаруу үчүн жетишсиз болгондуктан, мектептен алынган теориялык билимдер практикада сабактан тышкары болгон учурларда бекемдөөсү керек.

Сабак өтүүдө “Технология” предметинин мугалимдери өздөрүнүн  алдына төмөнкү   милдеттерди коюуусу керек:

  • окуучуларды техникалык жана чыгармачыл ишмердүүлүктөргө тартуу;
  • техникалык маданиятка аралаштыруу;
  • окуучулардын конструктордук жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү;
  • окуучуларды предметке тиешелүү сөз байлыктарын байытуу.

Усулдук бирикменин милдеттери:

  • окуучулардын жеке жана коомдук саламаттыкты сактоо (гигиена) жана техникалык коопсуздук боюнча билимдерин калыптандыруу;
  • заманбап билим берүү жана маалыматтык технологияларды колдонуу аркылуу билим берүүнү оптималдаштырууга өбөлгө түзүү;
  • мугалимдердин чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатуу.

Технология предметинин мугалимдеринин усулдук бирикмесиндеги негизги милдеттери:

  • жалпы билим берүүчү мектептердеги Мамлекеттик жана предметтик билим берүүчү стандарттарынын негизинде иш кагаздарын окуп үйрөнүү;
  • окуу процессинде жаңы педагогикалык идеялардын технологиясын ишке ашыруу;
  • таланттуу балдар жана сабактан жетишпеген балдар менен иштөөнүн системасын иштеп чыгуу;
  • чыгармачылык менен иштеген мугалимдердин ишин аныктоо, жалпылоо жана билим берүүдөгү тажрыйбасын жайылтуу.

Мугалимдин өзгөчө ишмердүүлүгүнүн багыттары:

  • педагогдордун алдыңкы тажрыйбасындагы долбоордук технологияларды, интеграцияланган билим берүүдөгү жетишкендерин жалпылоо жана окуу-тарбия иштерине колдонуу;
  • окутуунун усулдарын жакшыртуу үчүн мугалимдер үзгүлтүксүз усулдук бирикменин ичинде жана андан сырткары өз ара сабактарга катышып, тажрыйбасын алмашып туруусу зарыл.

Мугалим окуучулардын графикалык көндүмдөрүн калыптандырууда чиймелерди чийүүдө оозеки, көрсөтмөлүүлүк жана практикалык ыкмаларды колдонуусу керек.  Сабактын жүрүшүндө аткарылып жаткан иштин сапаты боюнча окуучуну өзүн-өзү баалаганга үйрөтүү керек. Чиймелерди окуу жана түрдүү чиймелердин туура аткарылышы графикалык сабаттуулукка кирет.

Баалоодо эске алынуучу жагдайлар:

Окуучулардын чыгармачылык  иштерин баалоодо аткарылган иштин иреттүүлүгү сакталгандыгы, мугалим окуучулар менен бирдикте баалоосу ишке ашырылат. Мугалим баалоо боюнча критерийлерди түзүүдө деңгээлдерге таянып, окуучулар менен бирдикте баа берүү – учурдун талабы;

Чыгармачылык менен иштеген мугалим, керек болгон учурда бир ыкмадан экинчи ыкмага тез эле өзгөртүп, башка иш-аракеттерге которуп, окутуунун жолдорун ар тараптуу, билим жана тарбия берүүдөгү милдеттерин чечүүнүн жаңы жолдорун табууга, окуучулардын интеллектуалдык иштеринин жүрүшүн жана натыйжаларын көзөмөлдөөгө жана баалоого жетишүүсү зарыл.

Август кеңешмелеринде “Технология” предметин окутуучу мугалимдердин секциясында талкуулоо үчүн маселелер:

— «Технология» предметин башка предметтер менен интеграциялап окутуунун усулдары;

—  программалык материалдардын аткарылышын баалоо боюнча тесттик суроолорду түзүүнүн жолдору;

— кароо сынактарда окуучулардын чыгармачылык жөндөмүн өркүндөтүү боюнча маселелер;

— «Технология» предметине жергиликтүү, колдо бар табигый каражаттарды колдонуу жолдору;

— окутуу процессинде жаңы маалыматтык технологияларды, окутуунун интерактивдүү усулдарын колдонуу тажрыйбалары, алардын окуучулардын билимдеринин сапатына тийгизген таасири;

— эмгектин түрдүү багыттары боюнча окуу кабинеттерин түзүп, жабдуу боюнча тажрыйбалар;

— техникалык билим берүүдө инсанга багыттап, интерактивдүү окутуунун технологияларын, ыкмаларын жана формаларын колдонуу.

Августтук усулдук кеңешмесинде “Көркөм өнөр” предметин окутуу маселелери боюнча сунуштар, пикирлер төмөнкү даректе кабыл алынат: 720040, Бишкек ш., Широкая 1А көчөсү, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту.

Д.А. Акматов, Информатика, технология жана искусство кафедрасынын ага окутуучусу;

А.М. Оторбекова,  Ж.Баласагын ат. КУУнин Педагогикалык факультетинин “Көркөм өнөр”, Технология” предметтеринин ага окутуучусу;

К.Ү. Жамангулова,  Ж.Баласагын ат. КУУнин Педагогикалык факультетинин кесиптик-педагогикалык колледжинин “Көркөм өнөр”, “Технология” предметтеринин окутуучусу.

 

КӨРКӨМ ӨНӨР

Азыркы коомдогу өзгөрүүлөр, адам баласынын жашоо тиричилиги үчүн илим менен техниканын өскөн доорунда эртеңки келечек ээлери болгон жаш муундарды болочок турмушка даярдоодо искусство билим берүү тармагында “Көркөм өнөр” предметинин мааниси зор.  Окутуу процессинде жаш өспүрүмдөрдүн чыгармачылык менен ой-жүгүртүүсүн өстүрүп, сулуулуктун мыйзам ченинде алган билимдерин күндөлүк жашоо турмушунда натыйжалуу колдонуп, ар дайым өзүнүн билимин жогорулатуунун үстүндө инсан катары калыптанышына багыт берет. Жалпы адамзаттык жана улуттук маданиятты окуп-үйрөнүү көркөм чыгармаларын талдоо окуучулардын маданий ар түрдүүлүктү баалап, өзүнүн маданий шайкештигин аныктоого үйрөтөт. Көркөм мурастарды талдоо акыл-эс жагынан жетилүүгө көмөктөшүп, эмоциялык, эстетикалык тажрыйбаны өздөштүрүү аркылуу көркөм табиттерин калыптандырат.

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде 1–7-класстарда окутулуучу “Көркөм өнөр” предмети 2019–2020-окуу жылында  Базистик окуу планына ылайык 1–7-класстарында жумасына 1 сааттык окуу жүктөм менен окутулат. “Көркөм өнөр” предмети 1-4-класстарда 2014-жылы иштелип чыккан окуу программасынын негизинде басылып чыккан окуу усулдук комплекстер колдонулат; 5-6-класстарда жаңы 2015-жылы бекитилген предметтик билим берүү стандарты жана окуу программасынын негизинде жаңыдан иштелип чыккан окуу усулдук комплекстери  менен окутулат.

Кыргыз билим берүү академиясынын демилгеси менен Кыргызстандын аймактарында болуп «Предметтик стандарттар, окуу программалары жана компетенттүүлүк» аттуу темадагы «Билим кербенин» өткөрүп мугалимдер менен жолукканда “Көркөм өнөр” предметтеринин мугалимдери календардык-тематикалык план түзүүдө кыйынчылыктарга дуушар болушаарын айтышты. Көмөк берүү максатында искусствонун ар түрдүүлүгүн таанып-билүүсүн, ошондой эле окуучулардын көркөм каражаттары менен иштөөсүндөгү түрдүү ыкмаларды өздөштүрүүдөгү ырааттуулук сакталган календардык-тематикалык пландын болжолдуу үлгүсү иштелип чыкты.

— Мугалимдер башталгыч класстарын бүтүрүп 5-класска көчкөн окуучулар аталган предметтин программалык материалдарындагы эң жөнөкөй сүрөт өнөрүндөгү жанрлардын айырмасын билбегендигин, мугалимдердин “Көркөм өнөр” предмети боюнча 1-4-класстар үчүн даярдалган окуу топтомдорун (окуучулар үчүн окуу китеби жана мугалимдер үчүн усулдук колдонмолор) башталгыч класстардын мугалимдери тарабынан колдонулбай жаткандыгы айтылды.

— Эгерде башталгыч класстардын мугалимдери колунда турган даяр окуу китептердеги материалдарды окуучуларга жеткиликтүү бере албаса, анда ал мугалимдердин атайын билимдерин жогорулатуу курстарынан өтүүсү же болбосо  адис мугалимдин окутуусун сунуштоо зарыл.

— Окутуунун сапатынын төмөндөшүнүн дагы бир себеби: “Көркөм өнөр” предметинин башка предметтерге салыштырмалуу көптөгөн көркөм каражаттар (акварель, гуашь, чопо, пластилин, түстүү кагаздар, табыгий каражаттар ж.б.) менен атайын жабдылган кабинетке ээлигине карабастан, 45 минутанын ичинде аталган көркөм каражаттарды ишке даярдап киргизип, сабакты чыгармачылык менен аткарып, жыйынтыктоого жетишпей калган учурлары да болгон. Болбосо, жогоруда аталган каражаттарды мугалим көтөрүп алып, ар кайсы кабинеттерге көчүп, кыдырып жүрүп өткөн сабактын сапаты кандай болоорун элестетүүгө болот. Ошондон улам мектептин жетекчилиги предметтик мугалимдердин чыгармачылык менен иштөөсүнө ыңгайлуу окуу кабинетин бөлүп, жабдып, тийешелүү каражаттарын топтоп, убакытты оптималдуу пайдаланып сапаттуу билим берүүсүнө шарт түзүүсү учурдун талабы. Мугалимдер  темага ылайык балдарга ата-мекендик жана дүйнөлүк өнөр инсандардын чыгармаларынын көргөзмөсүн уюштуруп, ал чыгармалар боюнча толук маалыматты берүү зарыл. Бул учурда чыгарманын темасын, мазмунун, авторун айта салуу табышмактан мурун  анын жообун  айтып койгон сыяктуу болуп,  балдардын кызыгуу даражасын жана эсинде сактап калуусун төмөндөтөт. Ошондондуктан, мугалимдер башында чыгарманы балдарга көрсөтүп, андан эмнелерди  байкоого болоорун чечмелеп айтып берүүсү сунушталат. Балдардын ой-пикирин уккандан кийин чыгарма тууралуу балдардын жоопторунун туура жактарын белгилеп, ал кайсы жанрга ээ болоорун, кандай көркөм каражаттары менен  аткарылгандыгын, түпкү мааниси кандай экендигин ж.б. жөнүндө кеңири айтып  берүүсү зарыл.

Балдардын эстетикалык кабылдоосун туура өстүрүүдө педагог өзү искусство билим тармагында талыкпастан изденип эмгектенүүсү керек. Чыгармачылык менен иштеген мугалим, керек болгон учурда бир ыкмадан экинчи ыкмага тез эле өзгөртүп башка иш-аракеттерге которуп, окутуунун жолдорун ар тараптуу, билим жана тарбия берүүдөгү милдеттерин чечүүнүн жаңы жолдорун табууга, окуучулардын интеллектуалдык иштеринин жүрүшүн жана натыйжаларын көзөмөлдөөгө жана баалоого жетишүүсү зарыл.

Педагог балдардын чыгармачылык эмгектерин максаттуу, белгиленген темада көргөзмөлөрдү уюштурууда, алардын чыгармачылык тапкычтыгын белгилеп мактоо менен жараткан иштерин туура жасалгалап, мектепке, класска, залга окучуулардын эмгектеринен уюштуруп, алдын ала кулактандырууну берүү менен көргөзмөлөрдү уюштуруусу учурдагы талаптарга ылайык келет. Өткөрүлгөн ар бир көрсөтмөдө көрүүчүлөрдүн оюн билүү максатында китепче алдын ала даярдалып коюлушу керек. Ар бир окучуулардын чыгармачылык ишинин жасалгаланышы керек. Анда мектептин аталышы, баланын аты-жөнү, курагы, классы жана аткарган иштин темасы толук, туура жазылышы керек.

Сабак өтүүдө мугалимдердин коюлган  милдеттери:

— окуучуларды көркөм жана чыгармачыл ишмердүүлүгүнө тартуу;

— окуучулардын көркөм жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү жана эстетикалык табиттерин калыптандыруу;

— окуучулардын кыял чабыттарын ойготуп, темаларга ылайык жаңы композицияларды түзүүгө багыттоо;

— окуучуларды предметке тиешелүү сөз байлыктарын байытуу.

Усулдук бирикменин милдеттери:

  • окуучулардын жеке жана коомдук саламаттыкты сактоо (гигиена) билимин калыптандыруу;
  • заманбап билим берүү жана маалыматтык технологияларды колдонуу аркылуу билим берүүнү оптималдаштырууга өбөлгө түзүү;
  • мугалимдердин чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатуу.

“Көркөм өнөр” предметинин мугалимдеринин усулдук бирикмесиндеги негизги милдеттери:

  1. жалпы орто билим берүүчү мектептердеги Мамлекеттик жана предметтик билим берүүчү стандарттарынын негизинде иш кагаздарын окуп үйрөнүү;
  2. окуу процессинде жаңы педагогикалык идеялардын технологиясын ишке ашыруу;
  3. таланттуу балдар жана сабактан жетишпеген балдар менен иштөөнүн системасын иштеп чыгуу;
  4. чыгармачылык менен иштеген мугалимдердин ишин аныктоо, жалпылоо жана билим берүүдөгү тажрыйбасын жайылтуу.

Кошумча адабияттар:

  1. Акматов Д.А., Дөөлөтбаева Н.Ө., Бөлөкбаева А.З. Көркөм өнөр. Мугалимдер үчүн методикалык колдонмо 1-класс (кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде) – Б.: «Учкун», 2011.
  2. Багдасарян А.А., Акматов А.Д. Көркөм өнөр. Окуучулар үчүн альбом – Б.: «Учкун» (кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде), 2011.
  3. Мамбеталиев Ж.М., Акматов Д.А. Көркөм өнөр. Мугалимдер үчүн методикалык колдонмо 3-класс (кыргыз, орус, өзбек тилдеринде). «Билим-компьютер», «Зангак», 2014.
  4. Рыскелдиев К., Акматов Д.А. Көркөм өнөр. Мугалимдер үчүн методикалык колдонмо 4-класс. (Кыргыз, орус, өзбек тилдеринде) «Билим-компьютер», “ST.LTD”, 2015.
  5. Кыргызстандын көркөм сүрөт өнөрү. Альбом живопись • скульптура • графика • сценография • көркөм колдонмо өнөрү. – М.: «ГАЛАРТ», 2013.
  6. Курманов Т. Серия «Имена в искусстве». Живопись, графика, иллюстрация. Международная конфедерация союзов художников. – М.: 2013.
  7. Абдыбаев К.Ы. Сүрөт өнөрү жана жанрлары. Графикалык дизайн, костюмду көркөм долбоорлоо бөлүмүнүн студенттерине, мугалимдерге, аспиранттарга жана сүрөт өнөрүнүн күйөрмандарына арналган окуу куралы (китеби). — Б.: «Университет», 2014.

Августтук кеңешмелериңде “Көркөм өнөр” предметин мугалимдердин секциясында талкулоо үчүн маселелер:

  1. Ата-мекендик жана эл аралык өнөр инсандарынын чыгармаларын тандап алып окуучулардын курактык өзгөчөлүктөрүнө ылайык иш жүргүзүү.
  2. Көркөм сүрөт өнөрүнүн түрлөрүн өтүүдө ар кандай ыкмаларын колдонуу.
  3. “Көркөм өнөр” предметин башка предметтер менен (музыка, адабият ж.б.) интеграциялап окутуунун ыкмаларын колдонуу.
  4. Аталган предметти окутуу процессинде мультимедиялык каражаттарды колдонууга интернет булактарынан сүрөт өнөрүндөгү терминдери аркылуу изденүү.
  5. “Көркөм өнөр” предмети боюнча түзүлгөн жаңы окуу китептери боюнча пикирлерди берүү.
  6. Мугалим ар бир окуучунун шык-жөндөмүн байкап, кызыккан окуучулар менен иш алып баруу.
  7. “Көркөм өнөр предмети” боюнча долбоорлук сабактарды жана класстан тышкары иш чараларды уюштуруп, келечектеги кесибине багыт берүү.
  8. “Көркөм өнөр предмети” үчүн окутуу каражаттарын түзүү, кабинеттерди жабдуу боюнча тажрыйбаларды колдонуу.

Августтук усулдук кеңешмесинде “Көркөм өнөр” предметин окутуу маселелери боюнча сунуштар, пикирлер төмөнкү даректе кабыл алынат: 720000, Бишкек ш., Широкая 1А көчөсү, КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту.

Д.А. Акматов,  Информатика, технология жана искусство кафедрасынын ага окутуучусу;

А.М. Оторбекова,  Ж.Баласагын ат. КУУнин Педагогикалык факультетинин “Көркөм өнөр”, Технология” предметтеринин ага окутуучусу;

К.Ү.Жамангулова,  Ж.Баласагын ат. КУУнин Педагогикалык факультетинин кесиптик-педагогикалык колледжинин “Көркөм өнөр”, “Технология” предметтеринин окутуучусу.

Бөлүшүү

Комментарийлер