МУРУНКУ МУГАЛИМ, АЗЫРКЫ УЗ

  • 27.08.2021
  • 0

29 жыл мектепте химия, биология мугалими болуп иштеген кочкорлук Майрам Өмүрзакова 1996-жылдан бери чоң энелеринен үйрөнгөн узчулук өнөрдү улантып, элдик көркөм чыгармачылыгынын бир да көргөзмө сынактарынан калбай катышып келе жатат. 

«Алтын колдун» энеси

90-чу жылдары, өлкөбүз өз эгемендүүлүгүнө жетишкен тушта, элибиздин жашоосу оор болчу. Айрыкча, мектепте иштеген мугалимдерге кыйын болду. Мурда эле эмгек маянасы бир айга өп-чап жеткен агартуучулар эми айлыгын алалбай, алса да аны карыздарына таркатып берип, коомдо социалдык жактан эң корголбогон катмарга айланды. Айрымдар турмуштун айынан мектепти таштап, базарга соода-сатыкка аралашты.

— Биз деле кыйналдык. Бактыбызга Европадан бир топ адистер келип, элдик узчулук өнөрдү жандантуу зарылдыгын айтып, Нарын мектептеринен кол эмгек мугалимдерин топтоду. Мен алардын окуусуна бир да сабак калтырбай катыштым, — деп эскерет андагы каатчылык күндөрүн ардагер мугалим.

Көп өтпөй өз ишине тың, теориялык билими терең, педагогдук тажрыйбасы мол агартуучу мындан алган билимдерине таянып, кол эмгек мугалимдери үчүн кийизчилик, өрмөкчүлүк, тикмечилик боюнча 68 сааттык окуу программасын түзүп берет.

Майрам эженин жаңы билим алсам деген аракети да көз жаздымында калган жок. Лидерлик сапаттары байкалып, жалпы жамааттын колдоосу аркылуу Нарын узчуларынын башын бириктирген коомдук бирикмеге жетекчи болуп шайланат.

МУРУНКУ МУГАЛИМ, АЗЫРКЫ УЗ

— 1996-жылы 60-70 уз аялдар биригип, «Алтын кол» коомдук бирикмесин түздүк. Ишкерлик менен ишибиз жок айылдык  аялдар өз колубуз менен жасаган буюмдарды сатып, кошумча акча таба баштадык. «Хельветас» уюмуна, өзгөчө швецариялык жубайлар Вальтер жана Сьюзан Шлеппиге өтө ыраазыбыз. Алар бизге баарын дыкат үйрөтүштү, — дейт Майрам эже.

Кесиби педагог кол өнөрчү эженин пикиринде Европа жалгыз демократия, алдыңкы технология жагынан  алдыда деп бир беткей түшүнгөн туура эмес.

— Европа элдик кол өнөрчүлүк жагынан да алдыда экен. Биз кийизди боёгондо табигый түстөрдү колдонсо болорун билдик. Уй бедеден, пияздын кабыгынан сары боёкту, жаңгактын жалбырагынан күрөңдүн башка-башка түстөрүн, ышкындан ачык күрөң түстү алганды, кол менен жасаган буюмга баа чыгарганды, этикет койгонду, рекламалоо жолдорун, фуршет кылууну да үйрөтүштү, — дейт «Алтын колдун» энеси.

МУРУНКУ МУГАЛИМ, АЗЫРКЫ УЗ

Нарындык уз энелердин жаңы билими мурунку чоң апалардан аздектеп калган кол өнөрчүлүк билимине кошумча болду. Кийиз, шырдакта мурунтан кызыл менен көктү көп колдонуп келишсе, эми ар кандай табигый жол менен алынган түркүн түстөрдү колдоно башташат. 1997-жылы чет элдик насаатчылардын жардамы менен биринчи көргөзмөсүн уюштурушуп, 20 миң сомго өндүргөн буюмдарын сатышты. Айтуусунда, бул ийгиликтин башталышы гана болчу.

МУРУНКУ МУГАЛИМ, АЗЫРКЫ УЗ

— Ал кезде азыркыдай Интернет жок, баарын чуркап жүрүп жасачубуз. Чет элдиктер келсе, элечек менен көйкөлгөн көйнөктөрүбүздү кийип, элдик ырларды ырдап,   ысык боорсок менен чай берип, өзүбүзгө тарттык. Бир эле көргөзмөдө шырдактарды сатуудан 200 миңден 500 миңге чейин  акча тапчу элек. Кийин Бишкектеги тарых музейинде жыл сайын 25-майда жана 28-ноябрда шырдактарды көргөзмөгө коюп, алаармандарга сатып жүрдүк, — дейт  узчу апалардын лидери.

МУРУНКУ МУГАЛИМ, АЗЫРКЫ УЗ

«Алтын колдун» иштемчил эжелери өз колунан жаралган буюмдарды социалдык колдоого муктаж адамдардан  да аяган жок.

-Үйүмдө жерге салар кийизим жок дегендерден кийизди аябадык. Бир жолу Соцфонддон жардамга муктаж адамдардын тизмесин алып, 27 шырдакча бердик. Жылына төлөнүүчү 200 сомдук мүчөлүк акыбыздан да турмуштук кыйын абалда калгандарга бөлүшүүнү адат кылдык. Ушу тапта балдар үйүнө кийизден жасалган жылуу бут кийимдерди жеткирүүнү ниеттенип жатабыз, — дейт эже.

Америкага алты жолу, Европага эсепсиз барды

Узчулук өнөрдүн арты менен ардагер педагог Майрам Өмүрзакова ар жагы Америкада, бер жагы Европада өткөн эл аралык көргөзмө фестивалдарга байба-бай катышты.

— Биринчи жолу Швецарияга барганыбызда бир үйдүн короосунда кыргыздын боз үйү тигилбей туруптур. Аны чай кайнамда тиге салдык. Аябай таң калышты. Канча аракет кылышса да тиге албай коюшкан экен. Кийин ошол боз үй кыргыздын уздарынын колунан жаралган буюмдарды саткан дүкөнгө айланды, — дейт кочкорлук уз.

МУРУНКУ МУГАЛИМ, АЗЫРКЫ УЗ

Бул жолку сапарда кыргызстандык уз энелердин европалыктар тууралуу стереотиптери түп тамырынан өзгөрдү.

— Швецариялыктар ушунчалык эмгекчил болушат экен. Короосунда жалаң асыл тукумдагы уйларды кармашканы жакты. Уюнун жаткан жерине да тактай төшөлгөн. Эркектери автомат менен саап, сүттөн сыр жасашат. Адамдардын бири-бирине жасаган мамилесин айт! Бирөөгө үнүн катуу чыгарып сүйлөгөн адамды көрбөйсүң. Ууру дегенди билишпейт, — дейт мекендешибиз.

Европадан уз эжелер адамдык мамилелерди эле эмес, чет жакка кандай товарды алып барууну да билип кайтышат.

— Соодада кимге эмне жакканын билип алганың туура. Мисалы, голландиялыктар кызыл түстү жактырышса, швецариялыктар  боёлбогон табигый түстөрдөн жасалган буюмдарды токтоосуз сатып алышат, — дейт ишкер айым.

Кыргыздын шырдагын дүйнөгө тааныткан эже кол өнөрчүлүккө мамлекет тарабынан көңүл бурулса деген изги тилегин айтат.

-Америкага алты жолу эл аралык көргөзмөлөргө кыргыздын шырдагын алып бардым. Орусиянын, Өзбекстандын, Азербайжандын консулу келип, «Кыргызстан, азаматсыңар! Бул шырдактар керемет экен!» деп кол берип, куттуктап кетет, бирок бир да жолу өзүбүздүн консул, же элчиликтен киши келбеди, — дейт элдик көөнөрбөс өнөрдүн устаты.

Пандемиядан жаралган көйгөйлөр

Дүйнөнү каптаган коронавирус илдети кочкорлук уз эжелердин колун байлады. Мурда Америкага бир шырдакты жөнөтүүгө кеткен акча азыраак болсо, азыр өз баасына чукулдап калды.

— Пандемияга чейин үч чарчы метр шырдакты жөнөткөнгө 15 миң сом кетсе, азыр ал сумма үч эсе өстү. Жиберген шырдактарыбыз мурдагыдай өтпөй калды. Өзүбүздө өткөн шырдак фестивалдарына да уюштуруучулар кирүү үчүн орунга эки миң, беш миң сомдон акча сурашат, — дейт «Алтын колдун» ардактуу мүчөсү.

МУРУНКУ МУГАЛИМ, АЗЫРКЫ УЗ

Азыр «Алтын кол» бирикмесинин Кочкордо сувенир саткан дүкөнү бар. Чет элдиктер ары-бери өткөндө дүкөнгө кайрылып кирип, өздөрүнө жакканын сатып алышат. Бирок учурдагы пандемия бул жаатта да бир топ кыйынчылыктарды жаратты. Чет жерден келген туристтердин да саны мурункудай эмес.

МУРУНКУ МУГАЛИМ, АЗЫРКЫ УЗ

— Мени кыжалат кылган башка меселе. Азыр оюуларды көбөйтүп жиберишти. Кыргызда эзелтен табак оюу, салвай оюу, куш тырмык оюу жана умай оюу деген төрт оюу болгон. Ушуларды жоготпошубуз керек, — дейт Майрам эже.

Он беш жыл катары менен «Алтын колду» жетектеп келген Майрам Өмүрзакова азыркы тапта коомдук бирикменин ардактуу мүчөсү, жаштардын насаатчысы.

— Майрам эже — биздин сыймыгыбыз. Улуу жашына карабай Кочкор, Кара-Суу, Исакеев, Теңдик айылдарынан 80ге чукул жаш келиндерди кол өнөрчүлүккө окутуу ишине катышып жүрөт.
Өмүрзакова Майрам менен катар Абдыкасымова Керез, Күйпүлова Сайрагүл, Сардарова Айнагүл, Касымалиева Гүлжан, Сариева Майрам, Жолдошева Сонун, Садыкова Садагүл, Надырбекова Жамила, Акматова Светгүл эжелер да жаштарга үлгү болуп иштеп жатышат, — дейт «Алтын колдун» учурдагы жетекчиси Динара Нурманбетова.

Алимжан Алибеков, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер