МУГАЛИМГЕ, ДИРЕКТОРГО СЫЙ ДА, ТАЛАП ДА КҮЧӨЙТ

  • 19.07.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин шейшембиде болгон коллегиясынын жыйынында  чыгып сүйлөгөн Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун докладынын негизги лейтмотиви ушул тууралуу болду.

МУГАЛИМГЕ, ДИРЕКТОРГО СЫЙ ДА, ТАЛАП ДА КҮЧӨЙТ

Кыргыз мектебинин мугалими, директору дүйнөдөгү  илимий-техникалык, экономикалык глобалдуу өзгөрүүлөрдөн артта калбоого тийиш. Бул жөнүндө жыйында Министрлер Кабинетинин төрагасы өзүнүн орундуу сөзүн айтты.
— Дүйнөдө адам ойлобогон жаңылыктар болууда. Жерде, асманда болсун машина, учактар айдоочусу жок, компьютердин жардамында башкарылып калды. Роботтор адамга операция жасап жатат. Кол эмгегинин кереги жоктугунан миңдеген адамдар жумушсуздукка кириптер болууда. Ушундай шартта мектептеги мугалимдер да өзгөрүшү керек, – деди Акылбек Жапаров.

Белгилүү болгондой, өкмөт эки жылдан бери 247 млрд. сом менен бюджетте каралган милдеттенмелерин аткарып келсе, быйыл бюджетти 557 млрд. сом менен бүтүрөбүз деп жатат.

«Албетте, ушунун көбү социалдык тармакка  бөлүндү. Айлык акыларды көтөрдүк. Бирок жыйынтык биз күткөндөй болбой жатат. Ортозар мугалимдер жок эмес. Директорлор конкурсунда тестирлөөдөн өткөнү менен менеджерлик сапаттары өнүкпөгөн педагогдор мектепке  жетекчи болуп келүүдө. Бул көйгөйлөрдөн кантип арылабыз? Менимче, ата-энелердин көзүнчө мугалимден экзамен алуу керек. Ал эми мыкты директорлорго бир эмес, үч мектепти жетектөөгө неге болбосун? «— деп белгиледи өз сөзүндө Министрлер Кабинетинин төрагасы.

Ошол эле жыйында мугалимдин коомдогу баркын көтөрүү аракеттери кынтыксыз улантылаары айтылды. Мисалы, тиешелүү мыйзам актылары кабыл алынгандан кийин «Кыргыз эл мугалими» сыймыктуу сыйлыгына татыктуу болгон агартуучуларга айына 100 миң сомдон айлык берүү жагы демилгеленип жатканы маалымдалды.

МУГАЛИМГЕ, ДИРЕКТОРГО СЫЙ ДА, ТАЛАП ДА КҮЧӨЙТ

Бир ойду тактап алсак. Акылбек Жапаровдун  «Мугалимдерден ата-энелердин катышуусунда экзамен алуу керек» дегени албетте түз мааниде айтылган жок деп ойлойм. Билим берүүдө  мугалимдердин ишин баалоонун мурдатан келаткан  — ачык сабактарына катышуу, аттестациядан өткөрүү, предметтик олимпиадалар, ЖРТ, «Алтын сертификат», «Алтын тамга», «Жыл мугалими», «Санарип мугалим», «Мыкты класс жетекчи» сынактары  сыяктуу кынтыксыз механизмдер бар. Буларда окуучусу же өзү ийгиликке жеткен мугалим, албетте, ортозар мугалим эмес. Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жогорудагы сөздөрү аркылуу мугалимдин коом тарабынан өзүнө тагылган милдеттерди так аткаруусу, кесиптик жактан чыгармачыл изденүүсү, жаңылануусу тууралуу айтып жатат.

«Акылбек Жапаровдун коллегиянын жыйынында айткан сөздөрүн биз, мугалимдер, туура кабыл алдык. Чындыгында, дүйнө бат өзгөрүп жатат. Биз ошол өзгөрүүлөргө даяр болушубуз керек», — дейт Бишкек шаарынан Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гүлүмкан Асанкадырова.

Бөлүшүү

Комментарийлер