МУГАЛИМДИН ЫЙМАНДАЙ СЫРЫ

  • 07.09.2022
  • 0

Кочкор районундагы Калыгул Бай уулу атындагы орто мектептин математика мугалими, “Кут Билим” газетасынын активдүү автору  Дүйшөбек Орозалиевдин “Ыймандай сырым” аттуу китеби жарыкка чыкты.

Автор агартуу тармагында үзүрлүү, натыйжалуу иштеген педагог. Ал райондук математика мугалимдеринин секция жетекчиси. Жаңы стандартка ылайык “Алгебра”, Геометрия” окуу китептерин, усулдук колдонмолорун, көнүгүүлөр жыйнагын жазган. “Билим берүүнүн мыктысы”, Кочкор районунун “Ардактуу атуулу”.

Китепке акындын ар кыл темадагы ырлары, пародиялары киргизилген. Мындан тышкары бүгүнкү жаш муундарды окутуудагы, тарбиялоодогу өксүк проблемаларды чечүүгө арналган макалалары да бар.

М.ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”  

Бөлүшүү

Комментарийлер